Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондондо мусулман жаштарынын (Вакф-э-Нау Ижтимаасы) чогулушуна кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондондо мусулман жаштарынын (Вакф-э-Нау Ижтимаасы) чогулушуна кайрылуу жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад мусулман жаштарга адеп-ахлак жана карьера кылуу жөнүндө насаат кылды

2016-жылдын 28-февралында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Вакф-э-Нау кыймылынын балдар бөлүмүнүн Жылдык Ижтимаасынын (чогулушунун) жыйынтык сессиясына кайрылуу жасады.

2016-03-02-Waqfe-Nau-Ijtema-002

Аталган азем Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде болуп, ага 1500дөн ашуун адамдар катышып, алардын ичинде 1,260ка жакын Вакф-э-Нау кыймылына мүчө болгон эркек балдар бар болчу.

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад Вакф-э-Нау балдарынын моюндарына түшкөн өтө маанилүү милдеттери жөнүндө кененирээк токтолду. Ал киши келечекте карьера тандоо жөнүндө да аларга насаат кылды.

Ал киши өз өмүрүн динге арнап, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жамия Ахмадия деген теологиялык институтуна окууга кириш өтө маанилүү нерсе, буга көптөгөн балдар көңүл буруусу керек деп басым жасады, ошондой эле ал киши медициналык, иженердик жана журналистик менен бирге башка потенциалдык карьера жолдору жөнүндө да айтып берди.

2016-03-02-Waqfe-Nau-Ijtema-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер Вакфийн-э-Нау катары Ахмадия Мусулман Жамаатынын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын эсиңерде сакташыңар керек, анан ошол талаптардын негизинде өзүңөрдү окутушуңар керек жана колдон келишинче катуу эмгектенишеңер зарыл».

Медицина жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: дарыгерлер жана медиктер өздөрүнүн ишенимине гана кызмат кылуу сыймыгына ээ болбостон, тескерисинче адамзатка да кызмат кылуу сыймыгына ээ болушат.

Учурлук Халифа Вакф-э-Нау балдарынын дүйнөлүк окуу боюнча эң жогорку деңгээлдерге жетишүү гана жетиштүү эместигине да басым жасады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен муну да ачык-айкын айтмакчымын: окуу квалификацияларына ээ болуу гана жетиштүү эмес. Андан тышкары Вакф-э-Нау мүчөлөрү катары башка өтө маанилүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болсок да болот. Кыскасы, Вакф-э-Нау баласынын жеке мүнөзү бүтүндөй Исламдын чыныгы таалимдерине ылайык болушу керек. Силер ар дайым эң жогорку даражадагы руханий жана моралдык деңгээлдерге жетишүүңөр керек».

Ал киши Вакф-э-Нау балдары өздөрүнүн намаздарын калтырбай аткаруулары керек жана Алла Таала менен кандайдыр бир алака-байланышты түзүүлөрү лаазым деп басым жасады. Ал киши мындай деди: Вакф-э-Нау балдары

«эң бийик даражадагы деңгээлдерди багындыруулары керек, натыйжада адамдар ачык түрдө алар менен башкаларды айырмалай алышсын».

Азирети Мырза Масрур Ахмад катышкандарга башкаларга мээримдүү болгула жана эч качан мыскылдабагыла деп да насаат кылды. Ал киши мындай деди: Вакф-э-Нау балдары видео-оюндарын ойноо менен өз убагын текке кетирбөөлөрү керек, андан көрө китеп окуу деген адатын өнүктүрүүлөрү лаазым. Андан тышкары, туура эмес жүрүм-турумдарды өнүктүрө турган бардык нерселерден, аны менен бирге туура эмес көркөм тасмаларды көрүүдөн дагы оолак болуулары зарыл.

Ал киши чынчылдыктын жана ишенимдүүлүктүн эң бийик деңгээлдери керектигине да басым жасады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала бизге эскертүү жасаган дагы бир оор күнөө – бул жалганчылык. Кандай гана жагдай болбосун, бардык Ахмадий мусулмандар жалганчылыктан сактануулары керек, айрыкча Вакфийн-э-Нау ишенимдүүлүк, чынчылдык жана биримдиктүү болууда эң мыкты үлгүлөрдү көрсөтүүлөрү лаазым. Бул абдан принципалдуу мааниге ээ, себеби силер өз коомчулуктарыңарды руханий жактан реформалап-оңдоого ант берген адамдарсыңар. Ошондуктан, ар бир көз ирмемде бүтүндөй чынчыл болуу Вакф-э-Нау болуунун өтө эле маанилүү бөлүгү».

2016-03-02-Waqfe-Nau-Ijtema-004

Аталган азем ал кишинин жетекчилигинде суралган тынч дуба менен аяктады.

Буга чейин Ижтимаанын аралыгында ар түрдүү иш-пландар, илимий жарыштар жана талкуулар болуп өттү.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via