«Блоктор түзүлүүдө жана дагы бир Дүйнөлүк согуш чыгып кетиш коркунучу бар» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Блоктор түзүлүүдө жана дагы бир Дүйнөлүк согуш чыгып кетиш коркунучу бар» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад голландиялык Агентствого берген маегинде айткан ой-пикири

2015-жылдын 5-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Голландия Жаңылыктар Агентствосуна, Омроер Гелдерландга маек берди.

Алтымышынчы жылдары Гагада «Мубарак» мечити ачылгандан бери Батыш коомчулугунда Ислам динине болгон түшүнүктөрдүн өзгөрүлгөндүгү деген суроолорго жооп берип жатып, Урматтуу Халифа мындай деди: акыркы алтымыш жыл ичинде адамдар динден алыстап кетишти жана бул көрүнүш Исламга гана таандык эмес.

Ошентсе да, Урматтуу Халифа мындай деди: бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдүн жана чыр-чатактардын негизги тамыры Ислам дини деген түшүнүк өсүп баратат, бирок бул түшүнүк бүтүндөй жаңылыштык.

Ал киши мындай деди: мусулмандар өздөрүнүн ишениминин чыныгы таалимдеринен алыстап кеткен болсо да, дин өзүнүн түпкү көрүнүшүндө баары бир коомчулукту бөлүп-жаруунун ордуна аны бириктирүүнүн бир куралы.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чындыгында, Ыйык Куран тынчтыктын мунарасы жана биз – Ахмадий мусулмандар жер жүзү бою Исламдын чыныгы таалимдерин сүрөттөп көрсөтүүгө аракеттенип жатабыз. Жыл сайын дүйнөнүн бардык аймактарынан жүз миңдеген адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулууда».

Сиз Исламга каршы чыккан топтордон же жеке адамдардан коркосузбу деген суроого жооп берип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен Исламга каршы чыккандардан такыр коркпойм. Ар бир адам кандайдыр бир ой-пикир же көз карашты кармануу укугуна ээ, ошентсе да, кимдир бирөө башкалардын ишенимин алардан дагы жакшыраак түшүнөм деп айтууга акысы жок. Андан тышкары азыркы убакта кээ бир мусулман эместер дагы Ислам динин коргоп жатышат. Мисалга алсак, өткөн жума Ид Вест деген журналист «Evening Standard» (Кечки Стандарт) деген журналда Жамаатыбыз жөнүндө «Биздин Лондондогу Халифат жакшы иштерди гана кылууда» аттуу абдан мыкты макаланы жазды».

Жихад жөнүндөгү түшүнүк тууралуу Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мусулман экстремисттер жихад деген түшүнүктү бүтүндөй туура эмес чечмелешүүдө. Бүгүнкү дүйнөдө чыныгы жихад – бул сүйүү жана мээримдүүлүктөн турган Исламдын тынчтык таалимдерин жайылтуу. Азыр Ислам динине медиа жана адабияттар аркылуу чабуул жасалып жатат, ошон үчүн мусулмандар медиа аркылуу жана диндин нукура таалимдерин түшүндүүчү макалаларды бастыруу жолу менен Ислам динин коргоолору керек».

Дүйнөнүн начарлап жаткан ахвалын көрүп, качандыр капаландыңыз беле деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эмне гана болбосун, биз өз миссиябыз боюнча ар дайым Исламдын чыныгы таалимдерин жайылтууну уланта беребиз жана бир күнү сүйүү менен адамдардын жүрөктөрүн жеңип алабыз деген үмүттөбүз».

Сирияда ырбап бара жаткан чырлуу саясий жана коопсуздук кырдаал жөнүндө айтып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен бир канча жылдардан бери: «Суук Согуш бүткөн соң дүйнөдө баары жакшы деп жыйынтык чыгаруу жаңылыштык», – деп айтып келем. Бүгүн карама-каршы блоктор жана союздар түзүлүп жатканына күбө болуудабыз. Натыйжада, дагы бир дүйнөлүк согуштун башталып кетүү коркунучу бар».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via