«Чыныгы качкындарга жардам бергиле, бирок экстремизмдин коркунучунан сак болгула» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Чыныгы качкындарга жардам бергиле, бирок экстремизмдин коркунучунан сак болгула» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Reformatorisch Dagblad деген газетага берген маегинде билдирген ой-пикири.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 6-октябрында Голландиянын Нунспит шаарында жайгашкан «Байтун-Нур» аттуу мечиттин имаратында Reformatorisch Dagblad деген газетага маек берди.

Ахмадий мусулмандарынын башка мусулмандар менен өз ара байланышы деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз башка мусулмандарга карай эч кандай кастыкты сезбейбиз, тескерисинче биз аларга болгон сүйүүбүздүн аркасынан аларга даават кылабыз жана өз кабарыбызды аларга жеткиребиз».

Диний сабырдуулук маселесинде Урматтуу Халифа мындай деди: Ислам дини ар кандай диндер жана ишенимдер аларды өз ара бири-биринен бөлүштүрө турган маселелерден көрө алар өздөрүнүн окшоштуктарына басым жасашсын деп үйрөткөн.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бардык адамдар өз динине же ишенимине карабай, адамзаттын жакшыруусу үчүн чогуу иштеши керек. Ыйык Куран динде зордук-зомбулук жок деп үйрөтөт, ошондуктан биз – Ахмадий мусулмандар бардык диндерди, бардык пайгамбарларды жана бардык адамдарды сыйлайбыз».

Сириялык качкындар кризиси маселесинде Голландия өкмөтүнүнө кандай кеңеш берет элеңиз деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чыныгы качкындарга өкмөттөр жана эл аралык уюмдар көмөк көрсөтүүлөрү керек. Алардын мамлекеттеринде тынчтык калыбына келгиче аларга отурукташууга уруксат берүү керек… Ошентсе да, өтө маанилүү нерсе: мамлекет сак болуу менен бирге баш калкалоону шылтоо кылып, экстремисттер жашынып албашы үчүн качкындарды көзөмөлдөп туруулары зарыл».

Reformatorisch Dagblad деген газетанын корреспонденти мындай деди: көптөгөн экстремисттер өздөрүнүн жийиркеничтүү иштерин Исламдын атынан деп актоого умтулушуп жана аларды жактап Ыйык Курандын аяттарын колдонушат.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен дагы алардын туура эмес чечмелерин жокко чыгаруучу бир топ аяттарды Курани каримден келтире алам. Алар Курани каримдин аяттарын бүтүндөй туура эмес чечмелешет».

Ислам дининде муртаддык (динден чыккандык) жөнүндөгү маселеге токтолуп Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Ислам дини муртад (ишенимин алмаштыргандыгы) үчүн эч бир жаза берүүгө уруксат бербейт. Ал киши мындай деди: ал бүтүндөй пенде менен Алла тааланын ортосундагы мамиле, башка бир дагы адам ага аралашууга акысы жок.

Улуу урматтуу Халифа Орто Чыгышта өсүп бара жаткан чыр-чатакка өз пикирин билдирип: «Батыш Ислам динине каршы согушуп жатат деген кептерди жокко чыгарып, тескерисинче, бүгүнкү күндөгү чыр-чатактар табиятынан «гео-саясатташылган», – деди».

Голландиялык саясатчыларга кандай кеңеш берет элеңиз деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бир топ жылдардан бери мен мындай деп эскертип келүүдөмүн: биз дагы бир дүйнөлүк согушту көздөй баратабыз жана бүгүнкү күндө биз кандайдыр бир жардын жээгинде турабыз. Ошондуктан, менин айта турган сөзүм: биз бирге кол кармашып, дүйнөдө тынчтыкты орнотушубуз керек, анткени ал азыркы убактын өтө зарыл талабы».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via