Канададагы Лажна Имаиллахтын Улуттук Амиласынын жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Канададагы Лажна Имаиллахтын Улуттук Амиласынын жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

КАНАДАДАГЫ ЛАЖНА ИМАИЛЛАХТЫН УЛУТТУК АМИЛАСЫ БИРИНЧИ БОЛУП, АХМАДИЯ МУСУЛМАН ЖАМААТЫНЫН ДҮЙНӨЛҮК ЖЕТЕКЧИСИ ТӨРАГАЛЫК КЫЛГАН ВИРТУАЛДЫК АМИЛА ЖЫЙЫНЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Азирети Мырза Масрур Ахмад Лажна Имаиллахты өзүнүн ишмердүүлүгүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана Исламдын чыныгы окууларын жайылтууга болгон аракеттерин кеңейтүүгө үндөдү

2020-жылдын 16-августунда Канададгы Лажна Имаиллахтын Улуттук Амиласына Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жыйын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Ал Азирети жыйынга Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен төрагалык кылды, ал эми Лажна Амиласынын мүчөлөрү Онтарио штатындагы Вон шаарында жайгашкан Канададагы Жамия Ахмадиянын аудиториясынан катышышты.

Бир саатка созулган жыйындын жүрүшүндө, Амиланын мүчөлөрү өзүлөрүнүн бөлүмдөрү жөнүндө отчет берүү жана бир катар маселелер боюнча Ал Азирети тарабынан көрсөтмөлөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Ахмадия Мусулман Жамаатына жаңы кошулгандардын жакшы аралашуусун камсыз кылуу үчүн, Ал Азирети жаӊы кошулгандарды жыйындарга жана аземдерге активдүү катыштырууга үндөөгө буюрду. Мындан тышкары, жаңы кабыл алгандарга Ахмадия Мусулман Жамаатынын башка мүчөлөрү тарабынан сезимталдык жана көңүл буруу менен колдоо көрсөтүлүшү керек.

Андан тышкары, Ал Азирети ар кандай аземдер жана жеке байланыштарды өркүндөтүү жолу аркылуу Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу үчүн көп аракеттерди жасоо керектигин айтты.

Ошондой эле, Ал Азирети Ахмадий мусулмандардын адеп-ахлактык жана диний таалим-тарбиясы боюнча кеңири көрсөтмөлөрдү берди жана Лажна Имаиллах бул жагынан чоң роль ойноо керектигин айтты. Ал Лажнанын администрациясынын мүчөлөрү бардык мүчөлөргө мээримдүүлүк сый-урмат менен мамиле кылып, Лажна Имаиллахтын жаш мүчөлөрү менен достошууга аракет кылышы керек деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулман энелер балдары менен чыныгы достукту өркүндөтүүгө аракет кылышы керек, анткени бул аларга балдарды жакшы багытоого мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, Амиланын мүчөлөрү Ахмадий мусулман кыздар менен достошуп, аларды жетектеши керек. Аларга каалаган билимин алууга кеңеш бергиле, ошол эле учурда бардык дүйнөлүк иштерден өзүлөрүнүн динин жогору коюуга берген убадасын аларга эскертип тургула. Алла Таала берген жакшылыктары үчүн Ага ыраазычылык билдирүүнүн эң жакшы жолу – бул өз ишенимин бекем кармануу».

Ал Азирети Канададагы Лажна Имаиллахка Ахмадий мусулман кыздары жана кыз-келиндери өздөрүнүн ишенимине жана динине байланыштуу бардык суроолорду оңой көтөрө ала турган семинарларды жана форумдарды өткөрүүгө көрсөтмө берди.

Жолугушуунун соңунда, Канададагы Лажна Имаиллахтын Улуттук Президенти Аматус-Салам айым мындай деди:

«Улуттук Межлис Амила ушул Жолугушуу үчүн 2020-жылдын 27-мартында Лондонго барышы керек болчу, бирок COVID-19 чектөөлөрүнөн улам бул план токтоп калган жана биз капа болдук, бирок ал түшүнүктүү болду. Ошентсе да, Азирети Халифатул-Масийх V (Аллах Таала анын жардамчысы болсун) унутпаганын жана бизге виртуалдык Жолугушууга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн бергенин билгенибизде, биз толкундануу жана ыраазычылык сезимине толуп кеттик. Ал Азирети биздин Жолугушуу өтүнүчүбүздү эсинде сактагандыгы үчүн биз аябай ыраазычылык билдиребиз жана Улуу Аллах Тааланын берешендиги менен бул эч ким алдын ала көрө албаган чындыкка айланды, Ал-хамдулиллах! Бул виртуалдык визит биз күткөн нерселерден ашып түштү жана чындыгында Сүйүктүү Имамыбыз биз менен отурган сыяктуу болду. Улуттук Мажилис Аамиланын бардык мүчөлөрү ушундай кубанычтуу мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдиришет.

Аягы

Чектеш темалардын мазмуну
Share via