Голландиядагы Лажна Имаиллахтын жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Голландиядагы Лажна Имаиллахтын жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Голландия

Голландиядагы Лажна Имааиллах Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен эки виртуалдык жолугушуу менен сыйланды

Жекшемби күнү Лажна Имамиллахтын студенттери жана жаңы кошулгандар тобу Ал Азирети менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад 2020-жылдын 22-августу жана 23-августу, жекшемби күндөрү Голландиядагы Лажна Имамиллахтын мүчөлөрү менен виртуалдык онлайн жолугушууларды өткөрдү.

Ишемби күнү Голландиядагы Лажна Имамиллахтын Улуттук Амиласынын мүчөлөрү Ал Азирети менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, ал эми жекшемби күнү 30дан ашуун Лажна Имамиллахтын студенттери жана Ахмадия Мусулман Жамаатына жаӊы кошулгандар Азирети менен жолугушуп, ага суроолорду берип, ар кандай диний жана заманбап маселелер боюнча жетекчилик алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен эки жолугушууга төрагалык кылды, ал эми Лажна Имамиллахтын мүчөлөрү Голландиянын Нунспит шаарында жайгашкан «Байтун-Нур» мечитинин комплексиндеги Лажна залында чогулушту.

Голландиядагы Лажна Имааиллахтын Улуттук Амиласы менен жолугушуу учурунда Лажна өкүлдөрү өздөрүнүн бөлүмүндөгү ишмердүүлүктөрүнүн отчетун сунуштап, келечек пландарын сунушташты.

Ал Азирети Ахмадий мусулмандардын адеп-ахлактык жана диний таалим-тарбиясына байланыштуу кеңири көрсөтмөлөрдү берди.

Хиджабга байланыштуу Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ладжна мүчөлөрүнө Хиджаб Ахмадия Мусулман Жамаатынын демилгеси менен эмес, Курани Каримде жазылган жана Исламдын Пайгамбары Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсү менен берилген буйрук экендигин ачыкайкын айтып коюу өтө маанилүү. … Басым жасалышы керек болгон эң маанилүү жагдай – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулман катары жөнөкөйлүк адамдын ишениминин негизги бөлүгү экендигин үйрөткөн».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Голландия

Ал Азирети Лажна Имаиллахтын мүчөлөрүн Исламдын окууларынын артыкчылыктарын жана пайдаларын чагылдырган макалаларды жазууга, ошондой эле жалпысынан Исламдын эшигине коюлган айыптоолорду, айрыкча аялдардын укуктарына байланыштуу айыптоолорду четке кагууга кызыкдар же жазуу жөндөмү барларды үндөдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бир эле адам жакшы жакка чыныгы өзгөрүүчү өзгөрүүнү алып келиши мүмкүн, андыктан Исламды коргоп жазып жаткан бир нече мүчөдөн баштасаӊар деле, кабатыр болбогула. Эгер силердин командаңар жалындуу жана тырышчаактык менен иштесе, анда бул башкаларга динибиздин чыныгы жана тынчтык окууларын коргоого аракет кылууга түрткү берет».

Ал Азирети Голландиядагы Лажна Имаиллахты адамзатка болгон кызматын жогорулатууга жана Африканын жакыр айылдарында гуманитардык долбоорлорду каржылоого умтулууга үндөдү. Мисалы, ал суу насосторун орнотуу же калыбына келтирүү аркылуу дүйнөнүн алыскы аймактарын суу менен камсыз кылууга арналган айрым долбоорлорду каржылоону сунуш кылды. Ал Азирети башкаларга жана муктаж болгондорго кызмат кылуу Ислам окууларынын негизги бөлүгү экенин айтты.

Мындан тышкары, Ал Азирети Лажна Имаиллахтын мүчөлөрүн коронавирус пандемиясынын аралыгында адамдарга колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү кайрымдуулук уюмдарына бериле турган миңдеген бет маскаларын чыгарууга үндөдү.

Жолугушуу аяктап баратканда Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар дайым өз ишиңерге акыйкаттык менен мамиле кылууга жана дин иштерин дүйнө маселелеринен жогору коюуга берген убадаңарды аткарууга умтулгула. Эгер силер акыретке ишенип, Аллах Таала ар дайым бизди көрүп турат деп эсептесеңер, анда сиз керектүү рух жана шыктануу менен иштейсиӊер. Аллах Таала силерге ушундай мүмкүнчүлүк берсин».

Ахмадия Мусулман Жамаатын жаӊы кабыл алгандар жана студенттер менен жолугушуу учурунда, Ал Азиретинен Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы кордук көрсөтүп, жаман сөздөрдү сүйлөгөн адамдарга Ахмадий мусулмандар дааватты улантуу керекпи деп суралды.

Бул жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жөн гана талашыптартышуу максатында талашыптартышкан же ишенимибизге акаарат келтирген адамдарга даават кылуунун эч кандай пайдасы жок. Андай адамдар менен алектенип туруу – бул убакытты текке кетирүү дегендик. Тескерисинче, биздин даават иш-чараларыбыз маданияттуу жана сылык мамиле жасоону каалагандарга жана чыныгы суроолору бар адамдарга карата жүргүзүлүшү керек. Жакшы адамдар да көп, ошондуктан биздин ишенимдерибизге акаарат келтирмекчи же кекчил мүнөзгө ээ болгондорго убактыңарды жана күч-аракетиңерди текке кетирбегиле».

Өз жынысын өзгөрткөндөрдүн укуктары жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Коомчулуктун жаштарды өздөрүнүн биологиялык жынысын же жынысын өзгөртүүгө үндөөсү эч качан моралдык жактан туура боло албайт. Бул толугу менен Исламдын таалимдерине каршы келет. Ошого карабастан, кээ бир адамдар тубаса интерсексуалдык төрөлүшөт, алар мүмкүн болушунча эӊ мыкты жол менен өз жашоосун өткөрүүлөрү үчүн коом аларды колдоп, аларга жардам берүүсү керек. Алар басмырлануудан же адам укуктарын тартылып алынуудан корголушу керек».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via