Ахмадиянын Жетекчиси Куранды өрттөө аракеттерин кескин айыптады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадиянын Жетекчиси Куранды өрттөө аракеттерин кескин айыптады

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Швеция

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Малмодогу Куранды өрттөө иш-аракеттерин кескин айыптады

Азирети Мырза Масрур Ахмад Швециядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Межлис Амила менен жолугушуу учурунда «жийиркеничтүү иш-аракетти» айыптап, тынч жолу менен жооп берүүгө үндөдү

2020-жылдын 29-августунда Швециядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Межлис Амиланын мүчөлөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык жолугушуу жана көрүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйналышты алып барды, ал эми Швециянын Улуттук Амила мүчөлөрү Мальмодогу «Махмуд» мечитинин комплексинен жолугушууга катышты.

Бир саатка созулган жолугушууда Амиланын мүчөлөрү өздөрүнүн бөлүмдөрү жөнүндө отчет берип, бир катар маселелер боюнча Ал Азиретинин жетекчилигин жана көрсөтмөсүн алуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Швеция

Улуттук Таблийг (даават) иштери боюнча катчыга сүйлөп жатып, Ал Азирети бир күн мурун Малмодо Ыйык Курандын нускасын өрттөгөн ашынган оңчул экстремисттерди катуу айыптады.

Ал Азирети мусулмандардын мындай үрөй учурган жана чагымчыл аракеттерге зордук-зомбулук же баш аламандык аркылуу жооп кайтаруусу туура эмес экендигин дагы ачык айтты. Тескерисинче, мусулмандарга каршы экстремисттер өздөрүнүн жийиркеничтүү максаттарын жана иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн айрым Куран аяттарын контексттен толугу менен чыгарып, Исламды жаманатты кылууга умтулбашы үчүн, адамдарга Курандын чыныгы окууларын үйрөтүү милдетин өзүнө алуулары керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чындыгында, Швецияда жана башка Батыш өлкөлөрүндө адамдардын көпчүлүгү Исламдын чыныгы окууларын билишпейт жана ушул нерсе экстремисттерге өздөрүнүн жалган үгүтү үчүн Ыйык Курандын айрым аяттарын контексттен толугу менен чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушундай жек көрүүчүлүк иш-аракеттерди жасаган адамдарда Ислам дини жөнүндө жана Ыйык Куранда жихад үчүн кандай шарттар коюлгандыгы жөнүндө эч кандай маалыматы жок. Алар Библияда бир топ аяттарды контексттен чыгарып, күч колдонууну актоого мүмкүн экенин байкамаксан болушат. Кандай болбосун, адамдар биздин динибиздин чындыгын түшүнүшү үчүн ар бир шаарда жана айылда Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу жана өрнөк көрсөтүү Ахмадий мусулмандардын милдети болуп саналат».

Улуттук Амила мүчөлөрүнө кайрылып, Ал Азирети алардын ар бирин өз милдеттерине акыйкаттык менен мамиле кылууга жана Курандын өз убадаларын жана келишимдерин аткаруу эң маанилүү деген буйругун ар дайым эсинде тутууга үндөдү.

Ал Азирети мындай деди: Мажлис-э-Амила мүчөлөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын администрациясында улуттук, регионалдык же жергиликтүү деңгээлде кызмат өтөсө дагы, бардык жагынан Ахмадий мусулмандарга жакшы үлгү көрсөтүүлөрү керек жана өздөрү үгүттөгөн нерселерди аткаруулары зарыл.

Мисалы, башкаларды кызматка үндөө үчүн, Мажлис-э-Амила мүчөлөрү Ахмадия Мусулман Жамаатына (Вакф-э-Арзи) чектелген мөөнөттө берилип кызмат кылууга өз ыктыяры менен эӊ алдында турушу керек, ал убакыт аралыгында Таблиг (даават) аркылуу Ислам динин таратууга же башка мүчөлөргө Ыйык Куранды үйрөтүүгө аракет кылышы мүмкүн.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Швеция

Ошондой эле, Ал Азирети Ислам окууларын жайылтуу аракети коомдук иш-чараларды калыбына келтирүү коопсуз болгонго чейин онлайн иш-чаралар аркылуу улантылышы шарт деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«COVID-19 пандемиясы учурунда Ахмадия Мусулман Жамааты онлайн Таблиг (даават) аркылуу Исламды жайылтуу иш-аракеттерин кыйла көбөйттү. Албетте, онлайн режиминде дагы башка иш-чараларды уюштуруу керек, анда башкалардын Исламга же биздин окууларыбызга байланыштуу суроолоруна жооп берилет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Мындан тышкары, биз бул пандемия адамзаттын көңүлүн Кудай Таалага бурушу керек деп толук ишенебиз деп башка адамдарды эскертүүбүз керек. Бардык белгилер пандемия аяктагандан кийин дагы, дүйнөлүк экономикалык кризис болуп, анын натыйжасында атаандаштык күчөп, элдер ортосундагы эрегишкендик күч алаарына ишара кылууда. Мындай тирешүү оңой эле адилетсиздикке жол ачып, Кудай сактасын, акырында от тутанып, согуш жана жаңжал чыгып кетиши мүмкүн».

Жолугушуу аяктагандан кийин, Ал Азирети Мажлис Амиланын мүчөлөрүнө өз милдеттерин ишенимдүүлүк менен жана жүрөктөрүнө бекемделген Алла Тааладан коркуу менен аткарууну эскертти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жергиликтүү деңгээлден улуттук деңгээлге чейин Ахмадия Мусулман Жамаатынын бардык кызматчы адамдары өз милдеттерин аткарууга жана Халифатул-Масийхтин көрсөтмөсү менен иш алып барууга аракет кылышы керек. Эгер чын ыкластан, тырышчаактык менен жана момундук менен иштесеңер, анда бул сөзсүз түрдө ийгилик жана өсүп-өнүгүүгө алып келет. Бирок, эгер силер бир гана кадыр-баркка жетүү үчүн жооптуу-кызматчылар болууну кааласаңар жана момундук менен иштөөнү каалабасаңар же башкалар менен кызматташууну каалабасаңар, анда силер зыян келтиресиӊер. Силер адамдарды алдай аласыӊар, бирок Аллах Тааланы эч качан алдай албайсыӊар, ошондуктан Ал биздин бардык иш-аракеттерибизди көрүп турарын унутпагыла. Ошентип, Ал үчүн бардык жөндөмдүүлүктөрүңөрдү жана мүмкүнчүлүктөрүңөрдү пайдаланууга аракет кылгыла жана Аллах Таала силерди коргоочу жана жол көрсөтүүчү болушун тилейм. Амийн».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via