Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Швецияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Швецияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Швецияга болгон экинчи иш сапарын баштады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 10-майында Даниядагы 6 күндүк иш сапарын бүтүргөн соң Швециянын Мальмё шаарына келди.

Улуу Урматтуу Халифа жеңил машина менен Мальмё шаарына жол тартты жана чек арадан өтүп Швецияга кирген соң жаңы салынган «Махмуд» мечитине эскорттолуп барып, Швециядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти – Урматтуу Мамуун-ур-Рашийд мырза жана жүздөгөн башка Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар тарабынан тосулуп алынды.

2016-05-10-Sweden-Arrival-002

Кийинчерээк Улуу Урматтуу Халифа Шам жана Куптан намазына имамчылык кылуудан мурда мечиттин имаратын көрүп чыкты.

Швецияга жасаган иш сапарынын аралыгында Улуу Урматтуу Халифа өзүнүн жумалык жума кутбасы менен ырасмий түрдө жаңы курулган мечитти ачат жана анын иш сапарынын урматына өткөрүлө турган атайын кечеге да кайрылуусун жасайт.

Улуу Урматтуу Халифа ар кандай сыйлуу инсандар жана саясатчылар менен да жолугушат, бир топ медиа маектерин да берет, ошондой эле Швецияда жашаган Ахмадий мусулмандар менен жекече жолугушууларды да өткөрөт.

2016-05-10-Sweden-Arrival-003

2016-05-10-Sweden-Arrival-004

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via