Канаданын Премьер министри Ахмадиянын Жетекчисин кабыл алды

Премьер министри Трюдо Азирети Мырза Масрур Ахмадды Оттавага тосуп алды
2016-жылдын 17-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмадды (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын Премьер министри Джастин Тродо Оттавада Премьер министринин кеңсесинде кабыл алды.
Жолугушууда Премьер министри Джастин Тродо Учурлук Халифаны Канадага тосуп алганынан кубанычта экенин билдирди.
Премьер министри ал кишиге бүткүл дүйнөгө тынчтыкты өнүктүрүүгө жасап жаткан үзгүлтүксүз аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип мындай деди: менин өкмөтүм Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын аракеттерине зор баа берет жана аны ушул улуттун ажырагыс бөлүгү деп ойлойт.
Азирети Мырза Масрур Ахмад Премьер министрине ал айткан сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, мындай деди: мен Премьер министрин былтыр шайлангандыгы менен жеке куттуктоону каалаган элем.
Учурлук Халифа мындай деп да айтты: мен күн мурун Парламенттеги «суроолор тыныгуусуна» катышып, бир топ «бүгүнкү күндөгү кызыган көйгөйлөр» талкууланганын байкадым.
Анан Премьер министри Тродо мындай деди:
«Сиз Азирети, сиздин достугуңуз жана жетекчилигиңиз Канада үчүн өтө маанилүү жана Ахмадия Мусулман Жамааты ар түрдүү экстремизди сындагандыгына зор баа беребиз».
Андан кийин ал киши Премьер министри жана алты федерал министр менен болгон бир жолугушууга катышты. Жолугушууда Премьер министри дагы бир жолу Азирети Мырза Масрур Ахмадга дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн жасаган аракеттерине ыраазычылык билдирди. Премьер министри Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатын анын 50-жылдык юбилейи менен да куттуктады.
Азирети Мырза Масрур Ахмад 2012-жылы «Тынчтык Айылда» Премьер министри менен болуп өткөн мурунку жолугушуусун эскерди. Ал кезде Тродо Либерал партиясынын лидери эмес болчу.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Мен 2012-жылы алгачкы жолу сиз менен жолукканымда сиз үчүн дуба сурап, мындай айткан элем: бир күнү Премьер министри болосуз деп ишенем».
Андан кийин ар кандай жамааттардын арасында сүйлөшүүлөр жүрүү керектүүлүгү, бардык адамдар үчүн билим алуу жана диний эркиндик зарыл экендиги жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.
Диний эркиндик жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Бардык адамдарга чыныгы диний эркиндик болушу керек, ошондой эле бардык адамдар тынчтык менен өздөрүнүн акыйдалары жана ишенимдерине жараша ибадат кылуу укугуна ээ болуулары керек. Өкмөттөр тынч диний ишенимдерге ээ болгон адамдарга кийлигишүүгө же кандайдыр бир мыйзам чыгарууга аракет кылбашы керек».
Ал киши дүйнөнүн ар кайсы аймактарында улам күчөп кете бара жаткан экстремизм жана терроризм жана анын Батыш дүйнөгө болгон коркунучтары жөнүндө кабатыр экенин билдирди. Ал киши бүгүнкү күндө дүйнөдө көрүнүп жаткан терроризмдин түпкү себеби 2008-жылдагы глобалдык финансылык каатчылыгы экенин ойлойм деди.
Ал киши мындай деди: жогорку деңгээлдеги жумушсуздук жана каржылык үмүтсүздүгү жана аргасыздыгы кээ бир мусулман жаштарды экстремизмге алып келди. Ал киши мындай деди: жумуш мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздоо жана адамдарга жардам берип, аларды өз буттарына тургузуу ишенимдүү улуттук коопсуздуктун куралы.
Азирети Мырза Масрур Ахмад ар түрдүү терроризм жана экстремизмдин Ислам дини менен эч кандай алакасы жок экенин кайталап айтты.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Эгерде бардык мусулмандар өздөрүнүн дининин чыныгы таалимдерин ээрчишсе, анда эч бир мусулман дүйнөсү такыр радикалдашпайт, анткени Ислам дининин Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдын өз коомун сүйүүсү Ислам ишенимдеринин бөлүгү экенин айткан. Ошондуктан, өз улутун сүйүү, аны жакшыртууга аркеттенүү жана ишенимдүүлүк менен ага кызмат кылуу ар бир мусулмандын милдети. Мына ошондон улам гана Ахмадий мусулмандар радикалдашпайт, себеби биз Ислам дининин чыныгы таалимдерин ээрчийбиз».
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)