Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канаданын Улуттук Парламентинде тарыхый кайрылуусун жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канаданын Улуттук Парламентинде тарыхый кайрылуусун жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад кайрылуу жасап, тең укуктуулук жана адилеттүүлүккө чакырды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канаданын Премьер министри Джастин Тродо тарабынан тосулуп алынды

Азирети Мырза Масрур Ахмад «House of Commonsда» «Суроолор Тыныгуусу» учурунда расмий түрдө таанылды

Жыйырма чакты министрлер, Сенаторлор, Парламент мүчөлөрү жана өлкө саясатын жөнгө салуучулар Азирети Мырза Масрур Ахмадды Парламентте тосуп алышты

Азирети Мырза Масрур Ахмад эл кызматы үчүн Сэр Зафрулла Хан сыйлыгын Луиза Арбурга тапшырды

2016-10-17-ca-ottawa-reception-002

2016-жылдын 17-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмадды (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын Парламентинде Урматтуу Премьер министри Джастин Тродо, кабинет министрлери жана 50дөн ашуун депутаттар менен Сенаторлор кабыл алышты.

Анан ошол күнү кечирээк Учурлук Халифа Оттавада жайгашкан Канада Парламентинин «Сэр Джон A. Макданалд» деген имаратында болуп өткөн атайын кечеге катышкан 225тен ашуун адамдарга

«Адамгерчилик – бул тынчтык дүйнө үчүн кандайдыр бир пайдубал»

деген темада тарыхый кайрылуусун жасады.

2016-10-17-ca-ottawa-reception-003

Парламенттин 50дөн ашуун мүчөлөрү менен бирге 110дон ашык коноктор катышышты. Аталган аземге өкмөт министрлери, мисалы илим-билим министри жана Премьер министринин расмий өкүлү – Кирсти Данкан жана Интеграция, Мигранттар жана жарандык министри Джон Макаллам да катышышты.

Катышкандардын арасында Сенаторлор, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, ошондой эле 11 өлкөнүн элчилери, медиа өкүлдөрү, окумуштуулар, коомдук уюмдардын жетекчилери, диний ишмерлер жана коомдун ар башка секторлордон атактуу инсандары да бар болчу.

2016-10-17-ca-ottawa-reception-004

Өзүнүн тарыхый кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад глобалдык маанилүүлүккө ээ бир топ көйгөйлөр жөнүндө сөз кылып, анын ичинде глобалдык согуштун коркунучу, диний эркиндик, күчөп бара жаткан радикализм менен экстремизм жана эл аралык кызматташуулар жөнүндө сүйлөдү.

Ал киши дүйнөдөгү бийликтерди ар бир маселеде чыныгы адилеттүүлүк жана тең укуктуулукту көрсөтүүгө чакырды. Ал киши Ислам дининин таалимдерин сунуштап, Курани Карим берген таалимдеринин негизинде дүйнөдөгү көйгөйлөрдүн чечилүүсүн айтып берди.

Коомдо ынтымак жана биримдиктин зарылчылыгы жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Ар кандай айырмачылыктарга карабай, бардыгыбыз адамгерчиликтин негизинде ушул жерге чогулганбыз жана биз ынтымакташуубуз керек деп ишенем. Бардык адамдар жана уюмдар чогуу биргеликте адамдык баалуулуктарды орнотуу жана дүйнөнү тынчтык жай кылуу үчүн аракет кылуулары керек».

2016-10-17-ca-ottawa-reception-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгерде адамдык баалуулуктар жана адам укугу бир өлкө же аймакта да бекем кармалбаса, анда аны менен дүйнөнүн башка аймактары да таасирленет жана мына ошондой зулумдуктардын кеңири жайылып кетүүсү мүмкүн. Тескерисинче, дүйнөнүн бир бөлүгүндө бар жакшылык, адамгерчилик жана жыргалчылык башка коомдорго жана башка адамдарга жакшы таасир этет».

Дүйнөдө күчөп бара жаткан чыр-чатактар жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Байланышуу жана транспорттун заманбап көрүнүштөрүнүн натыйжасында бардыгыбыз бири-бирибизге өтө эле жакын болуп калганбыз жана кандайдыр бир чектөөлөр же аймактарга моюн сунбайбыз. Ошентсе да, таң калаарлык жана өкүнүчтүүсү, биз мурдагыдан да тыгыз жана бекем байланышкандыгыбызга карабай, чындыгында биз күндөн-күнгө алыстап жатабыз. Бул өтө өкүнүчтүү жана чоң кайгылуу нерсе, адамзатты бириктирип, алардын ортосунда сүйүүнү таратуунун ордуна дүйнө жек көрүүлөрдү, зулумдуктарды жана адилетсиздиктерди тартууга көбүрөөк көңүл буруп жатат».

2016-10-17-ca-ottawa-reception-006

Ал киши дүйнөнүн Ислам дини жөнүндө кооптонуулары өсүп бара жатканын мойнуна алды. Ал киши дин жөнүндө коркуунун эч бир кажети жок экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен силерди ишендирмекчими: Ислам дини силер жалпысынан көргөнүңөрдөй же медиа сүрөттөп бергендей эмес. Ошондой эле Ислам дини жөнүндө менин билимим башкача, мен билген Ислам дининин таалимдери анын атына негизделет. «Ислам» сөзүнүн сөздүк мааниси – бул «тынчтык», «сүйүү» жана «гармония», ошондой эле анын бардык таалимдери мына ушул эле баалуулуктарга негизделген».

2016-10-17-ca-ottawa-reception-007

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Тилекке каршы, кээ бир мусулман топтордун ишенимдери жана амалдары Ислам дининин таалимдерине бүтүндөй каршы экенин да четке кага албайбыз. Алар Ислам дининин негизги окууларын толугу менен бузуп, анын аты менен абдан коркунучтуу чыр-чатактар жана терроризмди кылып жатат».

2016-10-17-ca-ottawa-reception-008

Азирети Мырза Масрур Ахмад эл аралык диний эркиндик ар бир ийгиликтүү жана толеранттуу коом үчүн милдеттүү шарт болуп саналаарын айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ыйык Куран 2-сүрөөнүн 257-аятында чечкиндүү түрдө «динде зордук-зомбулук жок» деп айтат. Ой-пикир эркиндигин, дин тутуу эркиндигин жана сөз эркиндигин камтый турган бул кандайтолук жана ар тараптуу билдирүү. Ошентип, ишенимим жана окуум – бул ар бир адам, ар бир айылда, шаарчада, шаарда же өлкөдө өз динин тандоо жана ага амал кылуу талашсыз укугуна ээ».

Ал киши мындай деди: өкүнүчтүүсү, мусулман дүйнөсүнүн бийликтери жана кээ бир Батыш Бийликтери да өз коомдорунун арасындагы кээ бир жамааттардын диний укуктарын чектеп койгон.

Ал киши мындай деди: диний эркиндикти чектөөгө кылына турган ар бир аракет коркунучтуу болот.

2016-10-17-ca-ottawa-reception-009

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар бир жеке адам тынч жолу менен даават кылуу жана өз таалимдерин башкаларга жеткирүү укугуна ээ. Бул эркиндиктер адамдын негизги укуктары кепилдениши керек, ошон үчүн мыйзам чыгаруучу кеңештер же бийликтер жөндөн жөн мындай маселелерге аралашуудан өздөрүн тартуусу керек». 

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Бийликтер же парламенттер тарабынан адамдардын негизги диний амалдарына же ишенимдерине чектөөлөрдү коюу кандайдыр бир даанышмандуулук эмес. Мисалы, аялдар өздөрүнө кандай кийимдерди тандоого өкмөттөр кызыкпашы керек. Алар сыйынуучу жайы кандай көрүнүшкө ээ экендиги жөнүндө да жарлыктарды чыгарбашы керек. Эгер алар ушул жолдон кайтышпаса, анда алардын жарандарынын ортосунда кандайдыр бир тынчсыздануу жана жогорку даражадагы баш аламандык өкүм сүрөй баштайт. Эгер ушул дааттанууларга көңүл бурулбаса жана укуктар тебелене берсе, анда албетте акыр аягында ал коомчулуктун тынчтыгын коркунуч астында калтырат».

2016-10-17-ca-ottawa-reception-010

Ислам дининин таалимдери боюнча өкмөттөрдүн ролу жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өзүнүн жарандарынан алардын акы-укуктарын тартып алуунун ордуна аларга алардын акы-укуктарын берчүдөй ыкмада мыйзам чыгаруу өз коомунун көзөмөлчүлөр катары өкмөттөрдүн жана парламенттердин милдети болуп саналат».

2016-10-17-ca-ottawa-reception-011

Ал Азирети мындай деди: дин тутуу эркиндиги абдан маанилүү бир принцип болсо да, кайсы жерде экстремизм же жек көрүүнүн таралуу коркунучу бар болсо, анда ошол жерде аралашып, өзүнүн жарандарын коргоо максатында кандайдыр бир зарыл чараны көрүү өкмөттөрдүн милдети болуп саналат.

2016-10-17-ca-ottawa-reception-012

Ал Азирети жергиликтүү маселелер жана эл аралык кызматташууларда адилеттүүлүктүн зарылчылыгы жөнүндө да сүйлөдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өкмөттүн ачкычынын тапшырылуусу абдан чоң ишеним, ошондуктан, биз, адатта, мамлекет башчыларын өздөрүнүн адамдарына ишенимдүүлүк жана бүтүндөй адилеттүүлүк менен кызмат кылууга ант бергенин көрөбүз. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк учурларда мына ошондой ишенимдүү анттардын куру сөзү болуп чыгарына күбө болобуз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Кээ бир өлкөлөрдө диктатуралар жана адилетсиз бийликтер бар, ири күчтөр алардын зулумдуктарына сокур көз менен карашат, анткени ошол бийликтер аларга (ири күчтөр) колдоо көрсөтүүлөрү керек болчу жана алардын жеке кызыкчылыктарына таандык соодаларында аларга жеңилдиктерди жаратуулары керек болчу. Ошентсе да, кайсы өлкөлөрдө лидерлер же өкмөттөр ири күчтөрдүн тилектерине моюн сунушпаса, анда алар чыга элементтерин колдоого же режимдин алмашуусун талап кылууга абдан кубанычта болушат. Чындыгында, бул алардын өкмөттөрү өздөрүнүн жарандарына жасап жаткан мамилесинен бөлөк нерсе эмес. Болгону материалдык айырмачылык: кээ бир маселелерде ошол өкмөттөр ири күчтөргө жардам беришет, а башкалар болсо, ошондой кылышпайт».

2016-10-17-ca-ottawa-reception-013

Ал Азирети

«мүмкүн болуучу кесепеттерин эске албаганда»

кээ бир мусулман коомдорго курал-жарактарды сата турган айрым өкмөттөрдү сынга алды.

Ал Азирети мындай деди: көбүнчө мына ошондой курал-жарактар туура эмес колдорго тийип калат же бейкүнөө жарандарды өлтүрүүгө колдонулат.

Сауд Арабстандын Йемендеги согушун бир сонун мисал катары көрсөтүп жана анын мүмкүн болуучу кесепеттери үстүнөн ой жүгүртүп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Сауд Арабстан өзүнүн Йемендеги согушунда Батыштан сатылып алынган куралдарды колдонуп жатканы белгилүү, ал согушта аялдар жана балдар менен кошо миңдеген бейкүнөө жарандар өлтүрүлгөн жана өтө көп кыйроолор болгон. Мындай курал-жарак сатуунун акыркы натыйжасы кандай болот? Өмүрлөрү жана келечеги талкаланган йемендиктер Сауд Арабстанды жек көрүп, андан өч алууну гана тилебестен, Сауд Арабстанга курал-жарактарды жеткирүүчүлөрдү жана жалпы Батышты да жаман көрүшөт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Кандайдыр бир үмүт же келечеги калган жок, аябай коркунучтуу мыкаачылыкка күбө болушту, алардын жаш мүчөлөрү радикалдашуусунун жана ушул жол менен терроризм жана экстремизмдин жаңы мыкаачылык доору башталат. Мындай кыйратуучулук жана кесепеттер бир нече миллион долларга арзылыкпы?»

Ал Азирети эл аралык башкармалар, мисалы БУУ ага мүчө болгон бардык мамлекеттердин ортосунда калыстык менен тең укуктуулукту камсыз кылуу керектигин да айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде бир гана ири күчтөр жана эл аралык уюмдар, мисалы БУУ кандай гана жагдай болбосун, өздөрүнүн негизги усулдарын (принциптерин) чындап карманганда, анда жер жүзүнүн көптөгөн аймактарга жугузган терроризмдин уулуу азабын көрмөк эмеспиз. Биз дүйнөнүн тынчтыгын жана коопсуздугун бир нече жолу талкаланганын көрмөк эмеспиз. Жана албетте, биз азыр Европа менен башка өнүккөн өлкөлөрдүн адамдарын коркутуп-чочулатып жаткан ири качкындар кризисине күбө болмок эмеспиз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Бириккен Улуттар Уюму кандайдыр бир саясат, адилетсиздик же жан тартууга басмырланбай, дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн өз ролун ойношу керек».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен  ишенем жана дуба кылам: Алла Таала Бириккен Улуттар Уюму жана дүйнөдөгү өкмөттөргө ушундай жол менен иш-аракет кылуу үчүн күч-кубат берсин, натыйжада чыныгы жана узакка созулган тынчтык орношсун. Мунун альтернативин ойлонуу мүмкүн эмес, себеби эгерде биз тездик менен мына ушул эле жолду уланта берсек, анда дагы бир дүйнөлүк согушка алып баруучу кандайдыр бир окуя жүз бериши мүмкүн».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Алла Таала дүйнө лидерлерине жана саясатчыларына акыл-парасат тартууласын, натыйжада биз балдарыбыз жана келечек муундарыбызга калтыра турган дүйнө тынчтыктын жана жыргалчылыктын дүйнөсү болсун».

Аталган аземде Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча мурунку комиссары жана Канаданын Жогорку Сотунун мурдагы Соту Луиза Арбур айымга анын коомчулук менен байланыш кызматтары үчүн Сэр Зафрулла Хан сыйлыгын тапшырды. Бул сыйлык анын узак жана атактуу кызмат учурунда жасаган көрүнүктүү коомдук кызматтарын тааныйт.

Сыйлык алып жатканда Луиза Арбур айым мындай деди:

«Мен аябай күчтүү юрист, адвокат, сот жана улуу дипломаттын атынан аталган бул абдан кадыр-барктуу сыйлыкка өтө сыймыктанып турам. Мен айрыкча Сэр Зафрулла Хан Эл аралык Сотунун Башкы Соту жана Президенти катары кызмат кылганда, аны менен бирге болуу бактылуулугуна ээмин… Ошондой эле Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтык маданиятын алдыга жылдыруу үчүн тургандыгы жана үзгүлтүксүз тургандыгы ар дайым мага терең таасирин тийгизет».

Бир топ коноктор да өз ой-пикирин билдиришти.

Илим министри жана Премьер Министри Джастин Трюдонун расмий өкүлү Урматтуу Кирсти Данкан айым мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси жана V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмадды (Алла Таала ага Жардамчы болсун) бүгүн Парламент Холмуна кабыл алуу өтө чоң сый-урмат жана сыймык. Бүгүн бүтүн Парламент Холму чогуу Ахмадия Мусулман Жамааты менен бирге майрамдоо жана ага өз колдообузду көрсөтүү үчүн Ал Азирети менен келип отурат… Ахмадия Мусулман Жамааты Канадада өтө маанилүү айырмачылыктарды жараткан жана ар дайым «Сүйүү Баарына, Жек көрүү Эч кимге эмес» дегенди даңазалайт».

АКШнын Эл аралык Диний Эркиндик боюнча комиссиясынын Төрагасынын орун басары Доктор Джеймс Ж. Зогби мырза мындай деди:

«АКШнын Эл аралык Диний Эркиндик боюнча комиссиясынын атынан бүгүнкү кечеде Сиз, Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад менен бирге болуудан сыймыктанып турам. Ахмадия Мусулман Жамааты жөнүндө ар дайым бизге терең таасир тийгизген нерсеси: куугунтуктун колунан өтө көп жабыр тарткандыгыңарга карабастан, силер куугунтукталып жаткан башка адамдардын укугун коргоо боюнча чемпион бойдон калуудасыңар. Сабырсыздык күчөп бараткандай көрүнгөн дүйнөдө Ахмадия Мусулман Жамааты толеранттуулуктун жана жакшылыктын күчтүү колдоочусу бойдон калууда».

Ал күнү буга чейин Ал Азирети Канада Өкмөтүнүн Федерал министрлери, сенаторлору жана депутаттары менен бир топ жолугушууларды өткөрдү. Ал Азирети өкмөт башчысы Джастин Трюдо мырза менен да жолукту.

2016-10-17-ca-ottawa-reception-014

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси расмий түрдө «Суроолор Тыныгуусу» деген сессиянын ичинде парламенттин төрагасы тарабынан тааныштырылган, анда өкмөт башчысы жана ошол жерде болгон бардык парламент мүчөлөрү орундарынан туруп, Азирети Мырза Масрур Ахмадды тосуп алышты.

Андан ары, Жуди Сгро депутаты парламент мүчөлөрүнүн төмөндөгүдөй билдирүүсүн окуп берди:

«Урматтуу спикер! Бүгүнкү күндө Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнөлүк руханий жетекчиси Парламент Хиллди көргөнү расмий иш сапары менен келди.

Ал Азирети биз менен өткөрө турган убак аралыгында «Сүйүү Баарына, Жек көрүү Эч кимге эмес» деген тынчтык кабарын мындан ары баса белгилөө аракетинде министрлер кабинети, сенаторлор, парламенттин мүчөлөрү жана өкмөт башчысы менен жолугушат.

Бул иш (Ислам) дининин тынчтык мүнөзүн жана сулуулугун көрсөтүү максатында ал Азирети тарабынан көрүлүп жаткан аракетинин бир бөлүгү болуп эсептелет, ошондой эле ал киши эл аралык күчтөрдү тынчтыкты күн тартибинде алдыга коюу, диний эркиндик, Канада жана дүйнө жүзүндө адам укуктарын алдыга жылдырууга чакырып жатат.

Мен Азирети жана Эл аралык Ахмадия ишениминин мүчөлөрүн алардын иши үчүн чын дилден куттуктайм жана мени шайлагандардын жана Канададагы элдин атынан достук колун сунам».

Ушул атайын кече Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган дубасы менен аяктады. Тамак ичкен соң парламент мүчөлөрү жана коноктор ал Азирети менен жекеме-жеке барлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via