Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канаданын 40-Жалса Саланасына ыктырядуу түрдө кызмат көрсөтө турган кызматчыларга кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канаданын 40-Жалса Саланасына ыктырядуу түрдө кызмат көрсөтө турган кызматчыларга кайрылуу жасады

Үч күндүк Жылдык Жыйын эртең Миссиссаге шаарында башталат

2016-жылдын 6-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жылдык Жыйынын (Жалса Салана) уюштуруу милдети жүктөлгөн миңдеген ыктыярдуу түрдө кызмат көрсөтө турган кызматчыларга кайрылуу жасады.

Өзүнүн кайрылуусунда Учурлук Халифа «Тынчтык Айылда» жайгашкан «Байтус-Салам» мечитинде 5100 ыктыярдуу кызматчыларга эң жогорку даражадагы адеп-ахлактар жана кулк-мүнөздү даңазалоо алардын милдети экенин эскертти.

2016-10-06-ca-address-volunteers-002

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар бир Ахмадий мусулман ар убакта эң мыкты кулк-мүнөздөрдү даңазалап, бүтүндөй токтоо, жоош жана мээримдүү болуу керектигин дайыма эстерине тутуулары зарыл».

Ал киши мындай деди: ар бир кызматчы өзүн ыктыярдуу түрдө кызмат кылууга сунуш кылганын, ошондой эле момундук жана эрктүүлүктүн руху менен кызмат кылууга ант бергенин унутпашы керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул акыйкат эсиңерде болсун, ушул кызматтарды аткарууга силерди эч ким мажбурлаган эмес. Тескерисинче, баарыңар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын меймандарына кызмат кылуу жана Алла Тааланын кут-берекелерине татыктуу болуу үчүн өзүңөрдү ыктыярдуу түрдө ушул кызматка сунуш кылгансыңар. Ошондуктан, силер ар убакта эң мыкты ыкмада иштешиңер керек жана кандай гана жагдай болбосун, жүзүңөрдө жылмайюуну кармап турууга аракет кылышыңар керек».    

2016-10-06-ca-address-volunteers-003

Аягында ал киши мындай деди:

«Эсиңерде болсун, баарынан да маанилүүрөөк, Жалса Салананын ийгиликтүүлүгү дубага негизделет, ошон үчүн ар бир адам анын ийгиликтүүлүгү үчүн үзгүлтүксүз дубаларды суроосу керек. Алла Таала Канаданын Жалса Саланасын ар жактан берекелүү кылсын жана бардык ыктыярдуу кызматчыларга өздөрүнүн милдеттерин эң мыкты ыкмаларда аткаруу мүмкүнчүлүгүн тартууласын».

Ал киши Жалса бөлүмдөрүнүн бир топ төрагаларына жекече сүйлөп, ар кайсы маселелер боюнча көрсөтмө берди. Андан кийин ал киши шам менен куптан намаздарына имамчылык кылды.

2016-10-06-ca-address-volunteers-004

Буга чейин ал киши аталган азем бою 20000ден ашуун меймандар үчүн тамак-аш жасала турган Лангаркананы (ашкана) да айланып көрдү.

2016-10-06-ca-address-volunteers-005

Үч (3) күндүк Жалса Салана эртең Канаданын Онтарио облусуна караштуу Миссиссаге шаарында жайгашкан Эл аралык Борбордо башталат.

2016-10-06-ca-address-volunteers-006

Лондондон жол тартып келген Учурлук Халифа аталган Жыйындын ар бир күнүндө кайрылуу жасайт, ошондой эле ар кандай сыйлуу адамдар жана коноктор менен жолугушат.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via