Миссиссоганын мэри Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисин Канадага кабыл алды

Мэр Бонни Кромби «Байтус–Салам» мечитинде болгон жолугушуу учурунда Ахмадий мусулмандардын элге аралашуусун мактады
2016-жылдын 24-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канададагы «Тынчтык Айылда» жайгашкан «Байтус-Салам» мечитинде Миссиссога шаарынын мэри Бонни Кромби айымды кабыл алды.
Жолугушуунун учуруна аталган мэр ал Азиретиге Канадага кош келиңиз деп айтып, Ахмадий мусулмандардын ийгиликтүү Канадада аралаша алуу жолу менен өзүнүн суктанганын билдирди. Ал киши Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын үзгүлтүксүз аткарып келе жаткан кайрымдуулук иштери үчүн, анын ичинде Миссиссогадагы жергиликтүү тамак-аш банктарына кошкон чоң салымы ал Азиретиге ыраазычылык билдирди.
Миссиссогада жаштардын жумушсуздук сапаты маанилүү экенин билгенде ал Азирети мындай деди: коомдун жаш мүчөлөрүн жумуштар жана жөндөмдүүлүктөрү менен камсыз кылуу үчүн иш-пландар иштелип чыгышы керек.
Ал Азирети мындай деди: жаштардын арасында жумушсуздук экономикалык кыйынчылыктар катары кандайдыр бир коопсуздук маселе болуп, кылмыш жана радикалдашуунун себеби деп ойлойм.
Аталган мэр ал Азиретиден анын учурдагы иш-сапарлары жөнүндө сурады. Буга жооп катары ал Азирети мындай деп маалым кылды: акыркы үч айдын ичинде Англиядагы жана Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жылдык Жыйындарына (Жалса Салана) катыштым жана эң аягында Миссиссогада болуп өткөн Канаданын 40-Жалса Саланасына катыштым.
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)