Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Токиодогу Мэйдзи Эстелигин көрдү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Токиодогу Мэйдзи Эстелигин көрдү

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: дүйнөнүн табигый сулуулугу адамзатка Жалгыз Алланын улуктугун эскертет

2015-жылдын 17-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Жапанга жасаган учурдагы иш сапарынын биринчи күнү Токиодогу Мэйдзи Эстелигин көрдү.

Мэйдзинин Башкы Поптун орун басары Шигехиро Миязаки Азирети Мырза Масрур Ахмадды расмий түрдө тосуп алып, анын келиши «чоң сый-урмат» деп айтты.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-002

Кийинчерээк Ахмадия Мусулман Жамаатынын жакын досу Доктор Майк Сата кандидат Мэйдзи Киненканда Улуу Урматтуу Халифанын урматынан уюштурулган атайын кечеге төрагалык кылды.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-003

Мэйдзиге жасаган визиттин учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмадга Мэйдзи Императорунун эстелиги катары кызмат кылып жаткан Мэйдзи көрсөтүлдү. Ал эстелик биринчи жолу 1920-жылдын ноябрында ачылган.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-004

Урматтуу Халифа ал эстеликте өстүрүлгөн Жапандын жергиликтүү гүлдөр көргөзмөсүн дагы көрдү жана абдан чоң аянтты ээлеген токойдо дагы сейилдеди.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-005

Визит жасалган учурда табигый кооздукка баа берип жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнөнүн табигый сулуулугуна жана табияттын көрүнүшүнө көз чаптырсак, ал бизге Ааламдын Жаратуучусу болгон Жалгыз Алланын улуктугун эскертет. Табияттын бардык көрүнүштөрү Анын бар экендигинин белгилери».

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-006

Ал киши Мэйдзидеги көргөзмө тактасына өзүнүн жеке каалоосун жазды, ал жерде Алла Тааланын улуктугу жөнүндө сүйлөп, Алла Таала Мэйдзи Императоруна анын башкаруу доорунда тынчтыкты өнүктүрүү үчүн жасаган аракеттерине сыйлык тартууласын деп дуба кылды.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-007

Андан кийин Башкы Поптун орун басары Шигехиро Миязаки Азирети Мырза Масрур Ахмадды расмий түрдө тосуп алып, аны коноктоо ал үчүн «чоң сый-урмат» экенин айтты.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-008

Башкы Поптун орун басары Азирети Мырза Масрур Ахмадга эстелик катары белек тапшырыштан мурун Мэйдзинин тарыхы жөнүндө тартылган видео тасманы көрсөттү. Урматтуу Халифа дагы өз ара жактыруучулук жооп кылып Башкы Поптун орун басарына эстелик катары белек тапшырды.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-009

Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад Мэйдзи Киненканга атайын узатылып, ал жерде Доктор Майк Сата Улуу Урматтуу Халифанын урматына атайын кечки тамак уюштурду.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-010

Урматтуу Халифаны Жапанга кош келгендиги тууралуу куттуктап, Доктор Майк Сата мындай деди:

«Мен мурда дагы Азирети Мырза Масрур Ахмад менен чогуу жүргөн ар бир учурду баалайм. Мен аны Жапанга кош келиңиз деп жана ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ахмадия Мусулман Жамаатын Нагояда ачып жаткан «Байтул Ахад Мечити» менен куттуктамакчымын». 

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-011

Кеченин учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмад Кадыяндын тургуну Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын: «Ислам дининин чыныгы кабары Жапандын булуң-бурчтарына таратылышы керек», – деген тилеги жөнүндө айтты.

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-012

Дүйнөдө күчөп бара жаткан баш аламандык жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-015

«Дүйнөнүн тынчтыгы үчүн бардыгыбыз чогуу аракет кылуубуз керек, антпесе дүйнө кандайдыр бир чоң кыйроого кабылып жана коркунуч баткагына кирип кетет. Алла Таала дүйнөнү ар түрдүү кыйроолордон жана бүлгүнгө учуроодон сактасын».

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-016

2015-11-17-JP-Tokyo-Visit-017

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via