Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жапанга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жапанга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жапанда салынган биринчи Ахмадия мечитин ачуу үчүн сапар тартып келди

2015-жылдын 17-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Жапанга жасаган үчүнчү иш сапары менен Токиого келди.

Ал киши жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:40та Токиодогу Ханэда Аэропортуна келип, Жапандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти Анийс Ахмад Надийм, ошондой эле Жапан жана башка өлкөлөрдөн келген Жамаат мүчөлөрү тарабынан тосулуп алынды.

2015-11-17-Japan-Arrival-002

Кийинчерээк ал Токиодогу Мэйдзи Храмын барып көрдү, ал жакта Башкы Поптун орун басары Шигехиро Миядзаки расмий түрдө тосуп алды.

Буга чейин ал киши 2006-чы жана 2013-жылы Жапанга визит жасаган, азыркы иш сапарында Азирети Мырза Масрур Ахмад Жума Кутбасы менен Нагоя шаарында салынып, «Байтул Ахад Мечити» деп аталган мечитти ачат. Жума Кутбасы Эл аралык МТА (Муслим ТВ Ахмадия) деген телеканалдан түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт.

Ал киши иш сапарынын аралыгында ар кандай башка расмий жолугушууларды жана жыйындарды дагы өткөрөт, аны менен бирге Нагоя шаарында салынган жаңы мечиттин ачылуусун белгилөө үчүн уюштурулган Атайын Кечеге тарыхый кайрылуусун жасайт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via