Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландияда жаңы мечитке алгачкы ташын койду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландияда жаңы мечитке алгачкы ташын койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Алмере шаарында «Байтул-Аафиййат» аттуу мечитке алгачкы ташын койду

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2015-жылдын 7-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Голландиянын Алмере шаарында биринчи Ахмадия мусулман мечитине алгачкы ташын койду.

Ал киши мечитке «Байтул-Аафиййат» (Тынчтыктын жана Коопсуздуктун Үйү) деп ат койду. Салынып бүткөндөн кийин жаңы мечит Голландияда Ахмадия Мусулман Жамаатынын экинчи мечити  болуп калат.

2015-10-07-Almere-Ceremony-002

55тен ашуун коноктор, алардын ичинде Алмере шаарынын Лорд мэринин орун басары Урматтуу  Фриц Гоис аземге катышышты.

Расмий сессия Голландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Хибатун-Нур мырзанын конокторго айтылган куттуктоо сөздөрү менен башталды.

Андан кийин Алмере шаарынын Лорд мэринин орун басары Урматтуу Фриц Гоис мырза Азирети Мырза Масрур Ахмадды шаарга кош келгендигин айтты.

Алмере Мэринин орун басары Депутат, Фриц Хуиз мындай деди:

«Экөөбүз тең Урматтуу Халифа жана мен бир жашта болгонубузга карабай Урматтуу Халифа менден дагы көбүрөөк даанышман, ошондуктан мен аябай кыскача сүйлөйм. Аны угуш баардыгыбыз үчүн абдан маанилүү. Мен бир эле нерсени кошуп кетким келет, Ахмадия Мусулман Жамаатынын негизги принциби бул тынчтык, ошондуктан силер Алмерада аябагандай «Кош келиңиздер!»

2015-10-07-Almere-Ceremony-003

Негизги кайрылуу Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан жасалып, анда ал киши жаңы мечит «тынчтыктын мунарасы» жана «адамзатты бириктирүү куралы» катары таанылат деп айтты.

Батышта Исламдан коркуу сезиминин көбөйүп бара жаткандыгы жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн ахвалы ушундай: Батыштагы көпчүлүк адамдар качан мусулмандар бир жерге чогулушса же алар мечиттерди же борборлорду курушса, анда ал жер кандайдыр бир кооптонуу менен байланышы бар жана чыр-чатак чыгат деп коркушат. Чындыгында, кээ бир адамдар: «Дүйнөнүн ушул аймагында мусулмандардын бар экендиги эле алардын коомчулугунун тынчтыгын жана коопсуздугун талкалап салат», – деп ойлошот». 

2015-10-07-Almere-Ceremony-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ошондуктан, алгачкы ташты коюп жатып, мен ушул шаар жарандарына айтмакчымын: биз ушул мечитке «Байтул-Аафиййат»  деп ат койдук, ал болсо «бардык адамдар үчүн Тынчтыктын жана Коопсуздуктун Үйү» деген маанини билдирет».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын ыр саптарына шилтеме кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү мындай деп жазат: бүткүл дүйнө кооптонуу жана коркунучка курчалган болчу, ошол үчүн мен тынчтык жана коопсуздукту камсыздап, адамдарды куткаруу үчүн жөнөтүлгөнмүн. Ошондуктан, ар бир Ахмадий мечити дүйнөнүн кайсы гана аймагында салынбасын, тынчтыктын, коопсуздуктун турагы жана бардык адамдар үчүн башпаанек».

2015-10-07-Almere-Ceremony-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биздин жеке жашообузда дагы, качан биз кандайдыр бир үй салганыбызда, ал бизге баш паанек жана коопсуздук боло турган жай болот, ошондой эле ал биз чыныгы бейпилдик жана ыңгайлуулук менен жашай турган жер болот деп жашоого умтулабыз. Демек, Кудайдын Үйүн курууда биз кантип эле кимдир бирөөгө зыян же коркунуч жайылтууга себепчи боло турган бир мечитти курушубуз мүмкүн?»

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: аталган мечит коомчулукту бириктирүүгө жана адамдарды бири-бирине жакындатууга каражаты болот. Урматтуу Халифа мындай деди: жергиликтүү коомчулуктун тынчтыгына коркунуч болуунун ордуна ушул мечит тынчтык жана коопсуздуктун булагы экенин далилдейт.

2015-10-07-Almere-Ceremony-006

Ал киши мындай деди:

«Башка бардык адамдарга сүйүү жана мээримдүүлүк көрсөтүү, ошондой эле коомчулуктагы тынчтыкка көзөмөлчү болуу ар бир чыныгы мусулман үчүн зарыл. Ошондуктан, айкын болсун, бүгүн алгачкы ташы коюлуп жаткан ушул мечит бардык адамдар үчүн тынчтыктын, коопсуздуктун жана кооздуктун абдан мыкты символу экенин ырастайт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантат:

«Ушул мечит коомчулуктун тынчтыгы үчүн эч качан коркунуч алып келбейт. Ал эч качан бөлүп-жаруу жана кастыкты өнүктүрүү куралына айланбайт. Тескерисинче, ал адамзатты бириктирүү үчүн кызмат кылат. Ал тууганчылык жана сүйүүнүн чыныгы рухун жаратат. Ахмадия мечиттери тынчтыктын муналары болуп, коомчулукту сүйүү, мээримдүүлүк жана өз ара сый-урмат көрсөтүү менен нурдандырат. Ушул мечиттен туш тарапка жаркырай турган Исламдын тынчтык жана дин эркиндигине болгон бекем ой-ниеттүүлүгүнө күбө болосуңар».

2015-10-07-Almere-Ceremony-007

Диний Жетекчи мындай деди: чыныгы мечиттер бардык тынчтык адамдарды алардын кайсы дин же улут өкүлү экендигине карабстан кабыл алат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Муну дагы ачык-айкын айтып коёюн: Алланын Үйлөрү деп эсептелинүүчү мечиттердин эшиктери тынчтыкты жактаган ар бир адам үчүн ачык. Биздин мечиттерибиздин кандайдыр бир көмүскө иш-планы жок жана алар кандайдыр бир жашыруун максаттар үчүн дагы эмес. Анын ордуна анын эшиктери чындыгында бардык чыныгы мечиттер түбөлүккө ачык».

2015-10-07-Almere-Ceremony-008

Ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын Алмере шаарында мечит курууга жасаган аракеттерин жумшаган жергиликтүү бийликтегилерге жана адамдарга ыраазычылыгын билдирүү менен өз сөзүн аяктады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен чын жүрөктөн ушул жерде мечит курууга жасаган аракеттерибизди колдогон жергиликтүү адамдарга жана бийликтегилерге ыраазычылык билдирмекчимин. Силердин мээримдүүлүгүңөрдүн жана ачык көңүлдүүлүгүңөрдүн аркасынан эле мурда кысымдарга алынган жана куугунтукталган адамдар азыр чыныгы дин эркиндиги менен жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту жана Иншаа’Аллах (Кудай буюрса) жакын арада атайын салынып жаткан жаңы мечитте сыйынуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Чынында, алардын тынчтыкта жашап жатканы ушул улутту жана анын адамдарына мыкты күбөлөндүрөт».

2015-10-07-Almere-Ceremony-009

Кайрылуусунан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад «Байтул-Аафиййат» аттуу мечитке алгачкы ташын койду.

Ал кишинин ардактуу жубайы Азирети Аматус-Субух айым дагы бир ташты койду, андан кийин бир топ Борбордук, Улуттук жана Жергиликтүү Ахмадий мусулман төрагалары дагы таштарды коюшту.

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган тынч сыйынуусу менен аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via