Финансылык курмандыгы - Вакф-э-Жадид 2019 • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Финансылык курмандыгы – Вакф-э-Жадид 2019

Жума кутбасы

2019-жылдын 4-январында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

◊ Бүгүн 2019-жылдын биринчи жумасы. Бул жагынан биринчиден жер жүзүндөгү бардык Ахмадий мусулмандарды жаӊы жылыӊар менен куттуктайм.

◊ Алла Таала ушул жылды биз үчүн берекелүү кылсын жана ал чексиз ийгиликтерди алып келсин.

◊ Бирок биз эске тутуучу дагы бир нерсе, адат катары куттуктап коюунун такыр эле пайдасы жок жана адат катары куттуктоо адамды Алла Тааланын ыраазычылыгына да татыктуу кылбайт.

◊ Жаӊы жыл менен чыныгы куттуктоо бул: Алла Таала дагы бир жылдын күнүн бизге чыгарган, бизди жаӊы жылга киргизген, ошондуктан жаӊы жылда өзүбүздөгү алсыздыктар жана караӊгылыктарды кетирүүгө аракет кылууга сөз берүүбүз керек.

◊ Өткөн жыл аралыгында бизде калып кеткен алсыздыктар жана айып-кемчиликтерди кетирүүгө убада кылуубуз керек. Өзүбүздө мурдагысынан да көбүрөөк таза өзгөрүүлөрдү жаратууга аракет кылабыз, кайсы өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) менен Байъат келишимин түзгөнбүз.

◊ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бир жолу Ахмадий мусулман кандай адам болушу керектиги жөнүндө сөз кылып, мындай деп айткан:

Бул Жамаатка киргениӊерден кийин такыба адам болууга аракет кылгыла, ар бир жаманчылыктан сактангыла, күнү-түнү Алла Таалага жалынып-жалбарып тургула, жумшак сүйлөгүлө, Алла Тааладан кечирим суроону күндөлүк адатыӊарга айландыргыла. Намаздын ичинде дуба сурагыла. Намазды жакшылап аткарып, намаздын акысын аткарганыӊарда гана намазда дуба кыла аласыӊар. Алла Таала куру сөздөр менен ыраазы болбойт. Алла Таала Курани Каримде ыйман келтирүү менен бирге такыба амалдарын да айткан. Өзүнүдө кенедей да бузукулук жок амалды «такыба амалы» дешет.

◊ Демек, биз аткарууга милдеттүү болгон өлчөм жана эреже төмөндөгүдөй: эгерде биз ушул жаӊы жылда ага амал кылсак, ошол максаттарга жетишүү үчүн бардык жөндөмдөрүбүздү ишке салууга аракет кылсак, анда албетте ушул жыл биз үчүн куттуу болуп, эбегейсиз көп берекелерди алып келүүчү жыл болуп чыгат. Эгер ошондой кылбасак, анда жогоруда мен айткандай, жаӊы жыл менен куттуктагандыгыбыз адат катарындагы куттуктоо гана болот. Жаӊы жылдын башында, анын биринчи түнүндө Тахажжуд жана Багымдат намазын жамаат болуп аткаруу бүткүл жыл аралыгында жасала турган жакшылыктарды басмырлап албайт, тескерсинче ушул аракеттерди колдон келишинче бүткүл жыл аралыгында улантып туруу гана чыныгы жакшылык болуп эсептелинет. Бул үчүн Алла Таала бизге күч-кубат берсин жана чынында эле ушул жыл дагы биздин жеке жашоолорубузда чексиз кут-берекелерди алып келүүчү болуп калсын, ошондой эле Жамаатыбыздын өзгөчө өсүп-өнүгүүсүнө күбө боло тургандардан да бололу.

◊ Эми мен бүгүнкү күндөгү экинчи темага өтөм. Жалпысынан, январь айынын биринчи же экинчи жума кутбасында Вакф-э-Жадиддин жылы жарыяланат. Алла Тааланын берешендиги менен финансылык курмандыгы боюнча Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)­дын Жамааты өзгөчөлөнүп турат. Анткени, бул доордо Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйруктары жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде финансылык курмандыгынын өзгөчө түшүнүгүн бизге берген. Курани Каримдеги бир топ жайларда Алла Таала Кудай жолунда мал-мүлк сарп кылууга чакырган, Алла Таала биздин мал-мүлкүбүзгө муктаж экендиги үчүн эмес, тескерисинче андан бизге да, коомго пайда келгендиги үчүн чакырган. Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

Жума кутбасы

Эгер силер Аллага үстөмсүз карыз берсеӊер, анда Ал аны силер үчүн мол кылат жана силерди кечирет. Алла өтө кадырлоочу жана жумшак көӊүл.

◊ Демек, Алла Таала Анын жолунда сарптагандарга көбөйтүп берет. Ушул курмандыктан жеке адамга да пайда тиет, коом да өсүп-өнүгөт. Анан кийинчерээк ошол эле нерсе жеке адамдардын өсүп-өнүгүүсүнө курал болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сараӊдыктан сактангыла, себеби сараӊдык эле мурунку коомдорду жок кылып жебирди деп айткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жолу жарым курма берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсоӊор да, оттон сактангыла деп айткан.

◊ Ал Азирети Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн Алла Таала жолунда аз гана мал-мүлктү сарп кылуу да адамды оттон сактайт. Демек, ушул финансылык курмандыктар бизге пайда келтирүү үчүн кылынат. Финансылык курмандыгынын маанилүүлүгү тууралуу чакырып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: (бир эле убакытта) мал-мүлктү да сүйүүӊөр жана Алла Тааланы да сүйүүӊөр мүмкүн эмес, алардан бирөөсүн гана сүйө аласыӊар. Демек, Алла Тааланы сүйө турган адам бактылуу. Эгер араӊардан бирөөӊөр Алла Тааланы сүйүп, Анын жолунда өз мал-мүлкүӊөрдү сарптасаӊар, анда анын мал-мүлкүнө башкаларга караганда көбүрөөк кут-береке берилет деп бекем ишенем. Анткени, мал-мүлк өзүнөн өзү келбейт, тескерисинче Алла Тааланын каалоосу менен келет. Ошондуктан, өз мал-мүлкүнөн бир аз үлүшүн Алла Таала үчүн ажырата турган адам сөзсүз аны табат. Ал эми өз мал-мүлкүн сүйүп, Алла Таала жолунда ал аткарууга милдеттүү болгон кызматты аткарбаса, анда ал сөзсүз ошол мал-мүлктөн кол жууйт. Силер мал-мүлк биздин иш-аракеттерибиз менен келет деп эч качан ойлонбогула, тескерисинче Алла Таала тарабынан келет. Силер биз бир аз мал-мүлк берип же кандайдыр бир башка жол менен бир кызмат кылып, Алла Таала жана Анын элчисине жакшылык кылдык (жардам бердик) деп эч качан ойлонбогула, тескерисинче силерди ушул кызматка чакырып, ал силерге жакшылык кылды. Силер албетте бул иштер асмандан аткарылып жатат жана биз кыла турган кызматыбыз биздин пайдабыз үчүн гана деп билгиле.

◊ Алла Тааланын берешендиги менен курмандыктар жана кызматтын ушул рухун Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га Байъат бергендер түшүнүп алышкан жана жакшылап түшүнүп алышкан, ошондуктан бири биринен оозуп, финансылык курмандыгына көӊүл бурушат. Ахмадиятты кабыл кылгандарына бир далай убакыт өткөндөр гана эмес, тескерисинче жаӊыдан Байъат бергендер да Байъат бергенден кийин финансылык курмандыгынын рухун жана акыйкатын түшүнүшөт. Өтө эле жакыр жашоо өткөрүп жаткандыгына карабай, финансылык курмандыктары боюнча эч кимден артта калууну каалабагандар да жок эмес. Алар кудум Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын убагында ал (алайхиссалаам)дын сахаабалары жасаган курмандыктары сыяктуу курмандыктарды жасашат. Алардын арасында ушундайлары да бар, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) алар тууралуу ал кезде мындай деп айткан эле: мен өз Жамаатым мүчөлөрүнүн сүйүүсү жана ыкластуулугуна айран-таӊ калам, анткени алардын арасында өтө эле аз акча тапкандар да бар. Анан ал (алайхиссалаам) мисалы, Миян Жамалуддин, Хайруддин жана Имамуддин Кашмирий деп алардан мисал келтирген. Ал (алайхиссалаам) алар менин айылыма жакын жерде турушат. Ал үчөө бир тууган күндөлүк кара эмгек менен араӊ эле үч-төрт Ана[1] (тыйын) акчаны тапса керек, бирок үзгүлтүксүз айлык Чандаларын төлөп, Чандаларга катышат.

◊ Ал Азирети жер жүзүндөгү жамааттардагы финансылык курмандыктары боюнча кээ бир ыйманды күчтөндүрүүчү окуяларды айтып берген. Ганадан Римпунг мырза аттуу бир тууган мындай деп жазат: бир аз жылдар мурун окуу боюнча беш миӊ фунт акчаны төлөшүм керек болчу, ал кезде мен иштеп да жаткан элем, бирок менин айлык маянам аз болчу, эгер он эки айлык айлык-маянамды чогултсам да, жетпейт эле. Мен банктан үч миӊ фунт акчаны карыз алдым, ошентип айлык-маянамдын кырк пайызы карызды төлөөгө кетип калчу. Ошентсе да, кырк пайыздын кетип калгандыгына көӊүл бурбай, өз Чандамды алган айлык-маянама ылайык кемитпей толугун төлөчү элем.

◊ Бир күнү мен Камаси шаарында жайгашкан Жамаат борборуна бардым. Ошондо аймактык миссионерибиз Вакф-э-Жадид Чандасы боюнча берген убадамды мага эскертти. Ал убакытта мен чөнтөгүмө кол салсам, мен берген убадама жараша акча бар болчу. Бирок мен эгер ушул акчаны Чандага берсем, анда калган күндөрдө жумушка барууга жол кире калбай калат деп ойлодум. Ошентсе да, мен ал акчаны Чандага берип койдум.

◊ Мен Жамаат борборунан үйгө кетип бара жатканымда, менин банк отчётума бир аз акча түштү деген сообшения телефонума келди. Ал мен Чандага берген акчадан беш эсе көбүрөөк болчу. Ал киши мен банк тарабынан ката жолу менен акча түшкөн болушу керек, алар аны кайтарып алышат, анткени айлык маянам мурун эле банк отчётума келген болчу деп ойлодум деди. Бирок эртеси күнү жумушка барганымда, ал өкмөт тарабынан келген мурунку айлардагы калган акча экенин билдим. Ошондо мен Алла Таала мага кабатыр экендигиме карабай, Чанда төлөөгө күч-кубат бергендиги үчүн Алла Таалага шүгүрчүлүк кылдым. Ал күндөн баштап, мен ар дайым берген убадаларыма жана Чандаларды төлөөгө өзгөчө көӊүл буруп келүүдөмүн.

◊ Ал Азирети мындай деди: Индиядан Икбал мырза аттуу Инспектор мындай деп жазат: Камареди жамаатында Вакф-э-Жадид атынан чакырык жасалган. Бир жигит ошол эле замат өз Чандасынын баарын төлөп салды. Анан ошол эле күнү ал кишиге сегиз жылдан көбүрөөк мөөнөттөн бери күтүп жаткан акчасынын берилүү тууралуу кабар келди, ал акчага ушунчалык көп убакыт өтүп кеткендиги үчүн ал акчадан үмүтүн да үзүп алган болчу, ал акча да ага тийди, ал гана эмес, анын убактылуу жумушу да түбөлүк жумушка айланды. Натыйжада, ал киши сүйүнүп кетти жана бул Алла Таала жолунда сарптоонун натыйжасында гана болгон муъжиза экенин айтты. Азыр ал киши мен жыл сайын жумалык айлыгымды Вакф-э-Жадид Чандасына берем деп айтты.

◊ Романиядан дааватчыбыз Фахийм мырза мындай деп жазат: тигүүчүлүк жумушун аркалаган бир Ахмадий өз Чандасын кечиктирбей үзгүлтүксүз төлөп турат жана өтө кубаныч менен чын жүрөктөн Чанда берет. Ага Чанда бериӊиз деп эскертүү муктаждыгы эч качан туулбайт. Ал киши мындай деп айтат: Алла Тааланын берешендиги менен Чанда төлөй баштаганымдан бери Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн Чанда берүү менен клиенттердин саны көбөйгөнүн байкадым. Кирешеге да Алла Тааланын өзгөчө берешендиги кошулат.

◊ Ал Азирети мындай деди: демек, Европа өлкөлөрүндө жашагандыгына карабай, дүйнөлүк иштер менен алектенип, жашоо өткөргөндүгүнө карабай, Алла Таала аларды Ахмадияга алып келгенден кийин, аларга берешендик кылып, алардын ыйманын бекемдеп жатат.

◊ Индиядан Салийм мырза аттуу Инспектор мындай деп жазат: былтыр Жайпур Жамаатыбыздагы жеке мектепте мугалим болуп иштеген бир Ахмадий тууганга сиздин кирешеӊизге ылайык сиздин Чандаӊыз беш миӊ болушу керек деп ага Вакф-э-Жадид Чандасы үчүн айтылганда, ал киши мен кичине бир жеке мектепте мугалим болуп иштейм, ушунчалык акчаны кайдан төлөйм деп айтты. Ага Алла Таала күч-кубат да берет деп айтылды. Быйыл кайрадан аны менен жолукканы барганыбызда, ошол эле мектепте директор отургучуна отурганын көрдүк. Ал киши Чанданын аркасынан ушунчалык береке берди, мен ушул мектепти сатып алдым деди. Инспектор мырза мындай деп жазат: азыр ал киши төрт мектептин ээси. Мурун анын үйүнүн чатыры жөнөкөй темирден болчу, азыр Алла Тааланын берешендиги менен үч кабат үйү курулуп бүттү, андан бир кабатын ал киши жума намазына бөлүп койгон. Бул Алла Таала жолунда сарптагандыгы үчүн гана болгон береке. Натыйжасында, анын ыйманы дагы күчөп барууда.

◊ Канададагы Лажнанын президенти бир Мажлиске иш сапары менен барганда, бир аялдын төмөнкүдөй айтканын айтып берди: менин кызыма мектеп тарабынан сексен доллар белек берилди. Ал акча менен ал бир нерсени сатып алмакчы болчу, бирок Вакф-э-Жадиддин катчысынын үндөөсү менен ал белектеги бардык акчаны Чанда катары берип салды. Ал киши Алла Таала да аны ушундай сыйлады, эртеси күнү Абдуссалам аттуу илим көргөзмөсүндө ал биринчи орунга келди жана ага үч жүз доллор белек берилди деди. Ошентип, Алла Таала ал кыз баланын ыйманын жана ишенимин бекемдеди.

◊ Ал Азирети мындай деди: акыркы күндөрдө Фортнайт (fortnight) деген жаӊы оюн чыкты, кээ бир балдар ага өз акчаларын текке кетиришет. Ата-энелер, Худдамул-Ахмадия жана Атфалул-Ахмадия деген уюмдар аларды андан кайтаруулары керек, анткени бир баскычтан экиничи баскычка өтүү үчүн кайрадан карта алышат жана акча коротушат. Кудум мас кылуучу заттар сыяктуу адаттанып жаткан ушул оюндун айынан балдардын убакыты гана текке кетпестен, аларда туура эмес ойлор пайда болуп жатат, ал гана эмес, кээ бир ата-энелер да зыян көрүшүүдө. Бул нерседен сактануу керек. Алла Таала силер Алла Тааланын жолунда сарп кылгыла деп чакырып жатат. Ушул сезимди балдарда жаратуу керек, айрыкча Вакф-э-Жадид үчүн.

◊ Ал Азирети мындай деди: Индияга караштуу Карнатакадан Инспектор мырза мындай деп жазат: бир «refresher courseге» мен Наиб Назим Маал жана Вакф-э-Жадид менен чогуу катыштым. Назим Маал ал жердеги жергиликтүү Муаллимдин үйүндө ушул жыл аралыгында Керала штатында катуу жаан-чачын болуп, көп зыян болду, ошон үчүн Вакф-э-Жадид Чандасын чогултуу кыйын болсо керек деп сүйлөгөн. Анан Наиб Назим Маал Муаллимдин үйүнөн кетип бара жатканда, анын балдарына жүз Рупий акчаны белек катары берди. Ал киши бир аз мөөнөттөн кийин мен кайрадан иш сапары менен ошол эле Жамаатка барганымда, Муаллим Сахибдин балдары аларга берилген ошол жүз Рупийни Вакф-э-Жадид Чандасына берип жиберишти жана Кералада суу каптагандыгы себебинен кырдаал курч болгондугу үчүн бизден бул акчаны Чанда катары кабыл алгыла деп айтышты деди. Жаш экендигине карабай, алардын жүрөгүндө Чанданын маанилүүлүгү көбүрөөк болчу.

◊ Австралиядагы Жамаатыбыздын президенти мындай деп айтат: ыкластуу бир тууган өзүнүн Вакф-э-Жадид Чандасын төлөп болгон болчу, ага кайрадан өзгөчө бир чакырык менен калган Чандаӊызды да төлөп коюӊуз деп айтылганда, ал киши кайрадан ири суммадагы акчаны төлөп койду. Эртеси күнү кечки маал ал телефон кылып, өтө эмоциялуу үн менен мен Вакф-э-Жадид Чандасына төлөгөн акчамды Алла Таала бир эле күндө толуктап салды деди. Анан мындай деп улантты: мен үч жылдан бери бир Food Tac Toeни жүргүзүп жатам жана акыркы үч жылда бир жолу да Чанда бергенден кийин келген клиенттерчелик клиенттер келген жок болчу.

◊ Ал Азирети мындай деди: азыр бир аз отчётторду айтып берем. Алла Тааланын берешендиги менен 2018-жылдын 31-декабрында Вакф-э-Жадиддин алтымыш биринчи жылы аяктады. Ушул бир жылдын ичинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү Алла жолунда тогуз миллион бир жүз отуз төрт миӊ (9,134,000) фунтту курман кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Былтыркы жылга караганда чогулган сумма эки жүз жетимиш бир миӊ (271,000) фунт көбүрөөк. Пакистан өзүнүн ордун кармап келүүдө. Андан тышкары, алдыӊкы он орунду ээлеген өлкөлөрдүн арасында Англия биринчи орунда, Германия экинчи орунда, Америка үчүнчү орунда, Канада төртүнчү орунда, анан Индия, Австралия, Индонезия турат. Андан кийин Орто Чыгыштагы бир Жамаат турат. Андан кийин Гана турат, анан дагы Орто Чыгыштагы бир Жамаат турат.

◊ Алла Тааланын берешендиги менен быйыл Вакф-э-Жадидге бир миллион жети жүз отуз эки миӊ (1,732,000) адам катышты жана быйыл бир жүз жыйырма үч миӊ адам биринчи жолу катталды.

◊ Алла Таала бардык өлкөлөрдөгү Чандага катышкандардын мал-мүлктөрү жана деӊ-соолугуна береке тартууласын жана мындан ары да эӊ мыкты курмандыктарды жасоо мүмкүнчүлүгүн берсин. Аамийн.

[1] Индия-Пакистан акча бирдиги. Бир Рупий он алты Анадан турат.

Share via