Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жалсага кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жалсага кайрылуу жасады

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси 2020-жылда болуп өткөн атайын Жалса Саланага кайрылуу жасады

Ал Азирети өткөн бир жылдын ичинде Ахмадия Мусулман Жамаатына 112000ден ашуун адам кошулгандыгын жарыялады

Жүрүп келе жаткан COVID-19 пандемиясынан улам, дүйнө жүзүндөгү Ахмадий мусулмандары өзүлөрүнүн жылдык жыйындарын (Жалса Салана) быйыл өткөрө алышкан жок. Бирок, 2020-жылдын 7-9-августунда, Улуу Британияда өткөрүлө турган эл аралык Жалса Салана күндөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад ыймандарды күчтөндүрүүчү эки кайрылуусун жасап, Ахмадия Мусулман Жамаатынын өткөн жылдагы ийгиликтери жана өсүп-өнүгүүлөрү жөнүндө айтып берди.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Жума күнү, 7-августта, Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинен окуган өзүнүн жума кутбасында баяндаманын биринчи бөлүгүн айтып берди.

Баяндаманын экинчи бөлүгү Исламабад комплексиндеги «Масрур» залынан атайын Жалса Саланага карата жасалган кайрылууда айтылды. Эки кайрылуу тең социалдык алыстоо талаптарына ылайык Ахмадий мусулмандардын чакан чогулушунун алдында жасалды.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Мындан тышкары, Улуу Британияда 2020-жылы өткөрүлө турган Жалса Салананын үч күн аралыгында, MTA International Ал Азирети өткөн жылдардагы Жалса Саланага карата жасаган кайрылууларын жана айрым атайын жаңы программаларды түз эфирлер аркылуу көрсөтүп берди.

Бүткүл дүйнөлүк Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жылдык Отчетун сунуштап жатып, Ал Азирети COVID-19дан улам Ислам динин таратууда чоң жана күтүлбөгөн кыйынчылыктарга карабастан, өткөн бир жылдын ичинде Ахмадия Мусулман Жамаатына жалпысынан 112179 адам кошулгандыгын жарыялады. Ошондой эле Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) чынчылдыгын күбөлөндүрүп, Алла Тааланын белги-жышаандарына күбө болуп, Жамаатыбызга кошулган адамдардын ыймандарды күчтөндүрүүчү окуяларын баяндап берди.

Аргентинадагы Ахмадия Мусулман Жамаатына бир айымдын кандайча келгендиги тууралуу окуяны айтып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Аргентиналык бир айым Аргентинадагы миссионердик үйүбүздүн жанынан өтүп бара жатып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) сүрөтүн көргөн жана анын жанында «Масийх келди» деген сөздөр жазылган болчу. Бул сүрөт жана сөздөр ага терең таасир эткен, анткени ал католик динин туткан эле. Буга чейин ал Исламга кызыкчу эмес жана эч бир мусулманды таанычу эмес».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ал Ислам дини жөнүндө окуп-үйрөнө баштады жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын жергиликтүү миссионери менен байланышты. Кийинчерээк ал Жамаатыбыз уюштурган сабактарга жана жыйналыштарга катыша баштады. Анын күйөөсү муну билип, макул болгон жок, бирок ошого карабастан, ал жашыруун түрдө байланышып, Ислам динин изилдеп жүрдү. Анан бир жылдан кийин, 2019-жылдын 28-декабрында, анын жүрөгү бейпилдик таап, ал Ахмадия Мусулман Жамаатына кирүүнү чечти».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Азирети Мырза Масрур Ахмад өз кайрылуусунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын тышкы миссияларынын иши жөнүндө, ошондой эле Alislam.org сыяктуу расмий веб-сайттары жана «Ал-Фазл», «Ал-Хакам», «Ат-Такваа», «Диндерге сереп» сыяктуу басылмаларынын иштеши жөнүндө сөз кылды.

«Диндерге сереп» журналы жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) «Диндерге сереп» журналын өзү негиздеген жана анын биринчи саны 1902-жылы январында жарык көргөн. Алла Тааланын берешендиги менен бул журнал 118 жылдан бери иштеп келе жатат. Ал англис, француз, испан жана немис тилдеринде, ар бир тил үчүн веб-сайт жана социалдык медиа каналдары менен кошо басылып чыгууда. «Диндерге сереп» Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын кабарын англис тилинде сүйлөгөн адамдарга жеткирүүдө абдан маанилүү ролду ойногон».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Ал Азирети Humanity First (Адамгерчилик – Биринчи орунда) жана Ахмадий Архитекторлору жана Инженерлеринин Эл аралык Ассоциациясы (IAAAE) дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп келе жаткан гуманитардык иштери жөнүндө дагы айтып берди. Анын айтымында, ушул кезге чейин IAAAE 250000 адамга пайда алып келе турган 2800 суу түтүктөрүн орноткон. Ошондой эле, IAAAE тогуз мамлекетте 19 заманбап айыл долбоорлорун түзүп, башка ар түрдүү гуманитардык долбоорлордун үстүндө дагы иштеп жатат.

«Адамгерчилик – Биринчи орунда» жөнүндө сөз кылып, Ал Азирети бул кайрымдуулук уюму азыр 54 мамлекетте катталганын жана анын гуманитардык аракеттеринин арасында 15315 акысыз көз операцияларын уюштургандыгын айтты. Андан тышкары, 345 медициналык лагерлер өткөрүлүп, 230000 миңден ашуун алсыз жана аз камсыз болгон адамдарга жардам берди.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын глобалдык телеканалы, Мусулман Телеканалы Ахмадия (МТА) тууралуу да сөз кылып, анын кантип өнүгүп, кеңейип бара жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

Ал MTA өткөн жылы өз каналдарынын санын бештен сегизге чейин көбөйткөндүгүн жана өз уктурууларын он тилге байма-бай которуп жаткандыгын, ошондой эле Исламдын чыныгы жана тынчтык окууларын интернет жана социалдык медиа аркылуу жайылтууда күч-аракетин жумшап жаткандыгын айтып берди.

Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын өсүп-өнүгүүсү жана анын Негиздөөчүсүнө каршы айтылган жалган жалааларга карабастан, аны Алла Таала кандайча колдоп жаткандыгы жөнүндө ой жүгүртүү менен аяктады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүн, 130 жылдан кийин дагы, Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамаатын колдогон белги-жышаандар дагы деле ачыкка чыгып келе жатканын көрүүдөбүз».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Азирети Мырза Масрур Ахмад Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын төмөндөгүдөй үзүндүсүн келтирди:

«Бул Жамаат Алла Таала тарабынан отургузулган көчөт экендигин билип койгула, Ал аны эч качан жок кылбайт жана толук ийгиликке жетмейинче ыраазы болбойт».

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын үзүндүсү менен аяктап жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала Өзү жибергендердин сый-урматын Өзү чагылдырат жана алардын чынчылдыгын ачыкка чыгарат. Кудай тарабынан болбогон жана Ага каршы жалган жалаа жапкандар акыры кор болушат жана талкаланышат».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Ал Азирети 2020-жылдагы Жалса Саланага карата жасаган  атайын кайрылуусун тынч дуба менен аяктады.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Ахмадия Мусулман Жамаатынын 2019-2020-жылдардагы Жылдык Отчетундагы негизги фактылар жана маалыматтар

  • 98 мамлекеттен 112179 адам Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулду.
  • 9,3 миллион баракча аркылуу 7 миллион адамга Ислам дининин кабары жеткирилди.
  • Төрт континентте 217 Жаңы мечит жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын 97 миссиясы ачылды.
  • Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуу Британиядагы (Raqeem Press) Басмаканасынан 360,000ден ашык китеп басылып чыккан.
  • 114 мамлекеттин 41 сессиясында ыктыярдуу жумуш аркылуу 5,2 миллион доллар үнөмдөлдү.
  • Ахмадия Мусулман Жамаатынын 288 жаңы филиалдары түзүлдү.
  • 93 мамлекеттин 42 тилинде 42 миллион басылма чыкты.
  • 520 миллион адам 2544 гезитте басылган 12453 макала аркылуу кабар алышты.
  • Ахмадия Мусулман Жамаатынын www.alislam.org веб-сайтында 310 англис жана 1000 урду тилиндеги китептер бар.
  • Араб тилинде 145 жаңы китеп чыкты.
  • 345 акысыз Humanity First медициналык лагеринде 230,000 адам дарыланды.
  • Humanity First 54 мамлекетте түзүлдү.
  • MTA Internationalда 496 кызматкер, анын ичинде 417 акысыз волонтерлор бар.
  • MTA азыр дүйнө жүзү боюнча 8 каналдан эфирге чыгууда.
  • Дүйнө жүзүндө 7540 көргөзмө өткөрүлүп, алар аркылуу 343,000 адам Исламдын чыныгы кабарын алышты.
  • Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 5000ден ашык китеп столу жана китеп жармаркеси өткөрүлүп, алар аркылуу 774,000 адам Исламдын чыныгы кабарын алышты.
Чектеш темалардын мазмуну
Share via