Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси - «Исламды мажбурлоо же зордук-зомбулук менен эмес, сүйүү менен жайылтуу»
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси – «Исламды мажбурлоо же зордук-зомбулук менен эмес, сүйүү менен жайылтуу»

Азирети Мырза Масрур Ахмад, Жапандын Нагоя шаарындагы «Байтул Ахад Мечитинин» ачылышын белгилөө үчүн уюштурулган атайын кечеге тарыхый кайрылуусун жасады

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-001

2015-жылдын 21-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Жапандын Нагоя шаарындагы «Байтул Ахад Мечитинин» (Жалгыз Алланын Мечити) ачылышын белгилөө үчүн уюштурулган атайын кечеге тарыхый кайрылуусун жасады.

Ал Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жапандагы эң алгачкы мечити болуп, мурдакы күнү ал киши окуган жума кутбасы менен расмий түрдө ачылды.

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-002

Өзүнүн тарыхый кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад Исламдагы сыйынуунун чыныгы түшүнүгүн айкындаштырып, мындай деди: Ыйык Кааба кайсы максат-мүдөөлөрү менен курулган болсо, Ахмадий мусулмандардын мечиттери ошол эле максат-мүдөөлөрдү чагылдырат.

Ал киши өз кайрылуусун терроризм жана экстремизмдин ар түрдүү көрүнүштөрү Ислам таалимдерине бүтүндөй каршы деген сөздөр менен баштады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен бул нерсени ачык-айкын айтмакчымын: Ислам дининин таалимдери жана чыныгы мечиттердин максат-мүдөөлөрү бүтүндөй тынчтык жана коомчулукту бириктирүүнүн куралдары. Чындыгында, мечиттердин курулуу максат-мүдөөлөрү: алар адамдар чогуу Жалгыз Аллага ибадат кылуучу жайлар болушу керек жана коомчулуктун ортосунда сүйүү, мээримдүүлүк жана жакшылыкты таратышы керек». 

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-003

Исламдагы сыйынуунун табиятын түшүндүрүп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Араб тили сөздүгүндө мечитте сыйынуу жана намаз окуу «Ас-Салаат» деп аталат. Мааниси жагынан ушул атама мээримдүүлүк, жакшылык, жыргалчылык жана кут-берекелер дегенди билдирет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ошондуктан, Исламдын чыныгы таалимдерине ылайык ибадат кылуучу адамдар эч качан мыкаачы да, ырайымсыз да болушпайт, анын ордуна ырайымдуу, мээримдүү жана башкаларга жакшылык тилөөчүлөр болушат жана адамзат үчүн алардын кут-берекелери эч качан түгөнбөйт». 

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-004

Учурлук Халифа Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Алла Таала тарабынан Убада кылынган Масийх жана Махдий катары кандай максат-мүдөөлөр менен жөнөтүлгөндүгүн баяндады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) адамдарды өздөрүнүн Жаратуучусун таанып, өздөрүн Ага тапшыруусуна чакырды». Ал адамдарды ар түрдүү мыкаачылыктар жана адилетсиздиктерди таштап, бири-бири менен ынтымактуу болуп жашап, бири-биринин акы-укуктарын аткарууга үндөгөн. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык адамдар үчүн мээримдүүлүк булагы экенин тастыктады. Ал киши Ыйык Куран боюнча диний маселелерде эч кандай зордук-зомбулук болбошу керек экенин жарыялады». 

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-005

Ахмадия Мусулман Жамааты Ислам динине даават кылуу үчүн жасап жаткан аракеттери жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз Исламды мажбурлоо же зордук-зомбулук менен эмес, сүйүү жана мээримдүүлүк менен жайылтууну каалайбыз. Биздин Жамаатыбыз жана мечиттерибиз Ыйык Кааба кайсы максат-мүдөөлөр менен салынган болсо – дүйнөдө тынчтыкты жайылтуу, ошолорду орундатып жатабыз. Биздин мечиттерибиз – өзүнүн айлана-чөйрөсүн нурдандыруучу жарык мунаралар».

Диний лидерлер дагы Ахмадия Мусулман Жамааты жасап жаткан ар түрдүү гуманитардык демилгелери жөнүндө сүйлөштү.

Мисалы, Ахмадия Мусулман Жамааты мектептер жана ооруканаларды ачып, дүйнөдөгү айыл жерлериндеги кедей-муктаждарды, алардын динине же ата тегине карабай, билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтары менен камсыздап жатат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар дартка чалдыккандардын көз жашын арчууну каалайт. Биз алардын оордугун, үмүтсүздүгүн жана жүрөк оорусун алып салууну каалайбыз. Биз алардын муктаждыктарын кандырып, алардын өз бутуна туруусу үчүн аларга жардам берүүнү каалайбыз». 

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-006

Жихад деген түшүнүккө токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз ушул доордо чыныгы жихад кылычтын эмес, жакшылыктарды көздөй өзүн-өзүн реформалап-оңдоо жихады экенине ишенебиз. Бул өзүбүздө акыйкат өзгөрүүлөрүн өнүктүрүү жихады. Бул Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин дүйнөнүн булуң-бурчтарына чейин жеткирүү жихады. Ушул жерде, Жапанда дагы максат-мүдөөбүз – ушул ардактуу улутка Исламдын чыныгы таалимдерин айтып берүү».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз жапандыктарга мындай деп кулактандырууну каалайбыз: Ислам – бизди өз Жаратуучубузду таанып, өзүбүздү Ага байланыштырууга жана адамзатка кызмат кылууга чакыра турган дин. Кудай буюрса, Жапанда курулган ушул эң алгачкы мечитибиз ушул кабарды түбөлүккө бул шаарда дагы, улут бою дагы жайылтат». 

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-007

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул мечиттин мунаралары Ислам тынчтыктын, коопсуздуктун жана сүйүүнүн дини, ошондой эле Алла Тааланын акы-укуктарын жана пенделердин акы-укуктарын орундатуучу дини экенин жарыялап турат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ислам дүйнө тарыхында таалимдери тынчтык жана теңдеши жок дин деген нерсе акыйкат жана ушул акыйкат түбөлүккө калат».

Буга чейин ар түрдүү диний лидерлер жана сыйлуу коноктор дагы угармандарга кайрылышты. Алар Жапандагы мечиттин ачылышы менен Ахмадия Мусулман Жамаатын куттукташты жана Азирети Мырза Масрур Ахмадды өлкөгө кош келишин айтышты.

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-008

Алар Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан 2011-жылы Жапанда болгон жер титирөө жана цунамиде көрсөтүлгөн гуманитардык кызматтарына жана тейлөөлөрүнө дагы бир жолу ыраазычылыктарын билдиришти.

2015-11-21-JP-Nagoya-Reception-009

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган тынч дубасы менен аяктады, андан кийин ал киши келген Ахмадий эмес коноктор менен жекеме-жеке жолугушту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via