Африкада Ахмадия Мусулман Жамааты ачкан жаңы мечит
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Принсип аралында Ахмадия Мусулман Жамаатынын (Байт-ул-Башарат) аттуу биринчи мечитинин ачылышы

Африкада ачылган мечит

2020-жылдын 21-декабрында Аллах Тааланын өзгөчө берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамааты Сау-Томе өлкөсүнүн Принсип аралындагы Порто-Реал айылындагы биринчи жана өлкөдөгү тогузунчу мечиттин ачылышына жетишти. Аталган мечиттин туурасы 8 метр, узундугу 8 метр, анда жетимишке жакын адам намаз окуса болот.

Сау-Tomе жана Принсип – Африка континентиндеги Сау-Томе жана Принсипе деген эки аралдан турган, Атлантика океанында Борбордук Африканын Габон өлкөсүнүн түндүгү жана Гвинея-Бисаунун түндүк-батышында жайгашкан кичинекей өлкө. Сау-Томеде Бенин Жамаатынын мурунку Амири жана миссионерлердин төрагасы, урматтуу Хафиз Эхсан Сикандар мырза аркылуу 1999-жылы Ахмадиянын көчөтү отургузулган жана Пиринсип аралында Жамааттын көчөтү 2018-жылдын ноябрь айында мен (Сау-Томе жана Принсиптеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын президенти) аркылуу отургузулган. 2020-жылдын декабрь айында Жамаатыбыз аталган аралдын Порто-Риал айылында биринчи мечит куруу мүмкүнчулүгүн алган. Порто-Риялда Аллах Тааланын берешендиги жана сүйүктүү Хузурубуз Азирети Халифатул Масих V, (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз)дин дубалары менен 45 христиан адам баъйат берип, Ислам Ахмадиятка киришкен. Алардын саны азыр алтымыштан ашты. Ошо сыяктуу эле, Принсип аралынын башка аймактарында да Жамаатыбыздын кабары тездик менен жайылып жатат. Аллахка чексиз мактоолор болсун!

Башында каршылык көрсөтүлдү

Жамаат көчөтү отургузулгандан кийин, билим берүү жана тарбия иштери башталганда, ал жердеги жергиликтүү христиандар каршы чыга башташкан. Ал жакка жергиликтүү мугалим (дааватчы) урматтуу Сулайман Юсуф мырза билим берүү жана тарбиялоо үчүн жиберилген. Ал киши Порто-Риалдогу бир коомдук борбордо билим берүү жана тарбия сабагын баштаган. Ал сабакты жүргүзгөндө кээ бир жаштар келип, ызы-чуу салып, сабактын тынчын кетиришчү. Бирок урматтуу мугалим мырза чоң канааттануу жана мыкты адеп-ахлакты көрсөтчү. Акыры, мугалим мырзанын жакшы мамилесин көрүп, ошол балдар да Ахмадий болуп, сабакка кошулушту. Муну көрүп, каршылаштар ого бетер ачууланып, иммиграцияга ушул жерге фитна-чагымчылыкты үйрөтүү үчүн бир чет өлкөлүк адам келди деген даттануу арызын беришкен. Иммиграция полициясы келип, документтерди текшергенден кийин, алар мугалимден кечирим сурап, бирөө туура эмес маалымат берди, сиз ишиӊизди уланта бериӊиз деп кайра кетишкен.

Мечиттин ачылышы 2020-жылдын 21-декабрында саат 15:00дө болгон. Ачылуу аземине аталган аралдын беш ар түрдүү бөлүгүнөн Ахмадий туугандар жана көптөгөн мусулман эмес туугандар катышышты. Программа Ыйык Куранды окуу менен башталды. Андан кийин Худдамдар тобу диний ырды ырдашты. Жергиликтүү мугалим (имам-хатиб) урматтуу Сулайман Юсуф мечит жана жамаат намаздарынын маанилүүлүгү жөнүндө кайрылуу жасады. Акырында, мен Жамаат мүчөлөрүнүн көңүлүн мечитти курууга байланыштуу, алардын милдеттерине бургуздум.

Мусулман эместер билдирген ойпикирлери

Бир христиан тууган мечиттин ачылыш аземине катышкан. Ал киши мындай деди: «Буга чейин биздин аралыбызда мусулмандар жок болчу. Бизге маалымат каражаттары аркылуу Ислам дини өтө жаман дин деп айтылчу. Бирок (Ахмадия) Жамааты биздин аралыбызга келгенден бери биз Ислам дининин абдан жакшы дин экендигин билип алдык. Биз бардыгыбыз ушул жерде чогуу жашайбыз.

Дини боюнча христиан болгон бир мектептин мугалими Аодрий Уилкер мырзанын үйү мечиттин жанында жайгашкан болчу. Ал бир күнү мечит курулуп жатканда, мага келип, эмне үчүн мусулмандар мыйзамсыз иштерди жасашат деп сураган. Мусулмандар өкмөттүн уруксатысыз Сау-Томеде мектеп курушкан. Мен ага Ислам дини эч бир мыйзамсыз иш-аракеттерге уруксат бербейт. Ислам – бул өтө тынч жана табигат дини. Ислам дининде адамдар сын-пикир билдире ала турган эч нерсе жок. Түшүнбөстүктөрдүн айынан жана кээ бир түркөйлөр деп аталган мусулмандардын туура эмес жүрүм-турумдарынан улам ошондой ойлор келип чыгууда. Ислам дини жөнүндөгү туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгаруу үчүн, Алла Таала Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтып берген алдын ала кабарларына ылайык Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды жөнөткөн деп түшүндүрдүм. Андан кийин аны Жамаатыбыз менен толук тааныштырсам, анын ачуусу басылды. Андан кийин дагы бир нече суроолорду бергенден кийин, ал байъат берип, эми үзгүлтүксүз намазга катышат. Ал: «Менин үйүм мечитке абдан жакын болгондуктан, аялым экөөбүз мечитти тазалайбыз», – деп айткан. Азырынча мечитте электр энергиясы болбогондуктан, электр лампасы орнотулганга чейин, жок дегенде мечитке бир аз жарык бериши үчүн, өз үйүнөн зым тартып келип, мечитке лампочка орнотту.

Африкада ачылган мечит

Дубадан кийин бардык катышуучуларга тамак таратылды. Бул программага 85 адам катышышты. Алла Таала бардык катышуучулардын ыйманын жана ишенимин өркүндөтө берсин. (Аамийн)

(Репортажды даярдаган: Ансар Аббас – «Ал-Фазл Интернейшнал» газетинин кабарчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via