Кентерберинин Архиепискобу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Башчысын зыярат кылды

Халифа менен Архиепископ дүйнө жүзүндөгү дин эркиндигинин зарылдыгы жөнүндө сүйлөштү
2017-жылдын 10-октябрында Кантерберинин Архиепискобу Улуу Урматтуу Джастин Уэлби мырза Лондон шаарындагы эӊ байыркы мечит – «Фазл» мечитин зыярат кылып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) менен жолугушту.
Буга чейин, Архиепископ Батыш Европадагы эӊ ири – «Байтул-Футух» мечитин да зыярат кылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Халифа менен Архиепископ дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде диний азчылыктарга көрсөтүлүп жаткан кысымдарды талкуулашты.
Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси катары шайлануусунан мурун 1999-жылы Пакистанда жалган камакка алынганын Архиепископко айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Азирети Мырза Масрур Ахмад коомдо «сабырдуулук» керектигин, ошондой эле бардык адамдар жана жамааттар тарабынан «өз ара сый-урмат» көрсөтүлүүсүнүн зарылдыгын айтты. Ал киши адамдар өз динине эркин жана кандайдыр бир мажбурлоосуз амал кылуу укугуна ээ экендигинин маанилүүлүгүн экенин айтты.
Жолугушуунун аягында Ал Азирети Курани Каримдин баштапкы арапча жазмасы бар англис тилиндеги котормосун Архиепископко белек катары берди.
Жолугушуудан кийин, Кентерберинин Архиепискобу, Улуу Урматтуу Джастин Уэлби мырза MTAнын жаӊылыктар бөлүмүнө берген маегинде мындай деди:
«Бул Ал Азирети (Мырза Масрур Ахмад) менен жолугушуу мен үчүн кандайдыр бир зор сыймык болду. Бул сонун жолугушуу меймандос жана жылуу жолугушуу болду …
Биз негизинен Ахмадия Мусулман Жамааты жакшы түшүнгөн куугунтук маселелери жөнүндө сүйлөштүк, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ар кайсы ишенимдерде болуп жаткан диний экстремизмдин мүнөзү жөнүндө жана Улуу Британиядагы диний жамааттарынын өлкөнүн жакшылыгы үчүн жана бири бирине колдоо көрсөтүүдө чогуу турууларынын маанилүүлүгү жөнүндө да токтолдук».
Өз иш сапарынын учурунда, Архиепископко Морденде жайгашкан «Байтул-Футух» мечити жана Саутфилдзде жайгашкан «Фазл» мечити да көрсөтүлдү.
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)