Кадияндагы 123-Жалса Салана ийгиликтүү аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кадияндагы 123-Жалса Салана ийгиликтүү аяктады

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу менен аяктады

Азирети Мырза Масрур Ахмад кысымдар жана каршылыктар Ахмадий мусулмандардын ыйманын эч качан алсырата албайт деп айтты

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана

Индияда жайгашкан Кадияндагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 123-Жылдык Жыйыны (Жалса Салана) 2017-жылдын 31-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) жасаган ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

Ал Азирети спутник аркылуу Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинен соңку сессияга кайрылуу жасады. Кадияндагы аталган Жыйынга 44 өлкөдөн 20,000ден ашык адам катышышкан, ал эми 5,000ден көбүрөөк адам соңку сессия үчүн Лондондо чогулушкан.

Өзүнүн кайрылуусунда Ал Азирети Курани Каримде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га берилген «Пайгамбарлардын мөөрү» деген наамдын чыныгы маанисин чечмелеп берди.

Ал Азирети мындай деди: мусулман уламалар Ахмадий мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ошол даража-мартабасын (статусун)  четке кагышат деп тынбай сын-пикир билдирип келишүүдө, бул чындык эмес. Ал Азирети мындай деди: тескерисинче, Ахмадий мусулмандар ар дайым Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы даража-мартабасын (статусун) түшүнүшкөн жана ага толук кандуу ишенишет.

Мындан тышкары, Ал Азирети айтты: өтө эле өкүнүчтүүсү, мусулман деген аты эле бар дин кызматчылары көптөгөн адамдарды Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы чоӊ калп жана жалган дооматтар аркылуу тукуруп келишүүдө.

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өзүнүн түзүлүшүнөн тартып, Ахмадия Мусулман Жамааты мусулман диниятчылар менен Жамааттын каршылаштарынын Ахмадий мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Пайгамбарлардын мөөрү» экенине ишенишпейт деген билдирүүлөрү толугу менен жаӊылыштык экендигин тынбай кайталап жана далилдеп келет. Алардын билдирүүлөрү фактыларга негизделбей, бир гана жалганга негизделет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Диний уламалардын тынбай элди тукуруп жана бизге каршы жек көрүү үрөндөрүн себип келе жаткандыгына карабай, калыстык менен  чындыкты карагандар акыйкатты сезишүүдө. Алар Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистери Ахмадий мусулмандардын чыныгы мусулман экенин тастыктоорун түшүнүшөт. Алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы бийик даража-мартабасын Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий, ошондой эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы кулу – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)ды кабыл кылган адам гана түшүнөт деп билишет».

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана

Ал Азирети мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары Ахмадияттын жайылышын токтотууда түбөлүккө ийгиликсиз болушат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары элди бизге каршы тукурууну каалашат, бирок алар Алла Тааланын иш-пландарынын каршысында өздөрүнүн адамдык аракеттеринин жана айла-амалдарынын текке кетип, бекер болушун билип коюулары керек. Бул Алла Тааланын тагдыры, бир күнү Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жолдоочулары көпчүлүккө айланып кетишет».

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га Мен сага сый-урмат тартуулайм жана Сенин Жамаатыӊды көбөйтөмүн деп вахий-аянды берген жана биз ар күнү ушул алдын ала кабардын орундалып жатканын көрүүдөбүз. Каршылаштарыбыздын «Пайгамбарлардын мөөрү» жөнүндөгү акыйдабыз туурасында жалган пропаганда жүргүзүп, бизди токтотуу үчүн колдон келишинче бардык аракеттерди жасап келе жаткандыгына карабай, жүз миӊдеген адамдар ар жылы бизге кошулушууда, алардын көбү башка мусулмандардан чыгып бизге келишүүдө».

Азирети Мырза Масрур Ахмад жыйынга катышкан адамдардын көӊүлүн алардын жеке милдеттерине бургузуп, аларга өз акыйдаӊардын чынчылдыгын жана Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га тартуулаган «Пайгамбарлардын мөөрүнүн» чыныгы маани-мазмунун адамдарга түшүндүргүлө деп насаат кылды.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын даража-мартабасы жөнүндө Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын кээ бир айткандарын окуп берди.

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Кимдир бирөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды «Пайгамбарлардын мөөрү» деп кабыл кылмайынча чыныгы мусулман да боло албайт, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчиген болуп дагы санала албайт».

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы даража-мартабасы жөнүндө түшүндүрүп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адамдарга ачык-айкын айтып коёюн: Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) кандайдыр бир жаӊы шарият алып келген жок жана кандайдыр бир жаӊы шарият эч качан келбейт. Мындан тышкары, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бийик даража-мартабасынын аркасынан эле Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га пайгамбарлык даража-мартабасын (статусун) тартуулады. Ал (алайхиссалаам) өзүнүн Жетекчиси, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га толугу менен баш ийип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га кул болгондуктан бул даража-мартабага (статуска) ээ болду».

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана

Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын келүү зарылдыгын да баса белгилеген.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды Алла Тааланын Эӊ Сүйүктүүсү болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) орноткон чыныгы Ислам динин кайрадан жандандыруу жана жайылтуу үчүн жөнөткөн. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Алла Тааланын сага жеӊиш тартуулайым деген убадасына ылайык жөнөтүлгөн. Андай болсо, дүйнөлүк күчтөрдүн тоскоолдуктары жана диний кызматкерлер деген эле аттары бар адамдардын адилетсиздиктери жана оройлуктары ал (алайхиссалаам)дын Жамаатынын өсүп-өнүгүүсүнө бөгөт коюшу мүмкүнбү?» 

Жалпысынан, Ислам дини туш болуп келе жаткан каршылык жөнүдө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алымсөрөй мусулман уламалар Ислам динин жаманатты кылып жаткан бул доордо биз жер жүзүнүн бардык аймактарында дүйнөлүк жана материалисттик адамдардын дагы Ислам динине каршы чыгып, аны жок кылууга аракет кылып жатышканын да көрүүдөбүз. Алар аймактык жана саясий күчкө ээ болуу жана мусулман өлкөлөрүнүн байлыгын тартып алуу ниети менен Ислам динине асылып жатышат. Башкача сөздөр менен айтканда, Ислам дини жана мусулмандар диний жана материалдык деген эки булак аркылуу бутага алынышууда».

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана

Жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандарга кандайдыр бир эмоциялуу жана ыймандарды күчтөндүрө турган сөздөр менен кайрылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Пайгамбарлардын мөөрү» экендигине же «Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) акыркы шарият алып келген Пайгамбар» экендигине ишенишпейт деген жалган сөздөрдү таратып, жалпы мусулмандарды бизге каршы тукуруп, бизди өлтүрүүгө чакырып жаткан атынан эле улама деп аталган мусулман молдолорго жана бизге каршы мыйзамдарды чыгарган бийликтерге мен ачык-айкын айтып коёюн: алар эмнени гана айтышпасын же кандай гана билдирүү жасашпасын, алар биздин акыйдаларыбызды эч качан алсырата алышпайт, анткени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизди эмнени тапсын деп каалаган болсо, биз ошол нерсени таптык. Биз Алла Тааланы сүйүү жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйүү принциптерин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) аркылуу үйрөнгөнбүз».

Жалса Салана

Кадияндагы 123-Жалса Салана

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Каршылык жана жек көрүүнүн каршысында, үзгүлтүксүз руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүгө умтулуп жана Алла Таалага жакындоо менен өздөрүн жогорулатуу – бул ар бир Ахмадий мусулмандын милдети болуп саналат».

Аталган сессия дуба менен аяктап, андан кийин Кадияндагы Жалсага катышкандар тарабынан спутник аркылуу бир топ диний поэмалар окулду.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via