Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таза үлгүсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таза үлгүсү

Пайгамбар хадистери

Мухаммад Пайгамбар

Азирети Абдулла бин Абу Авфаа (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) жесирлер жана жардылар (муктаждар) менен отуруудан арданчу эмес жана андан жийиркенчү эмес. Тескерисинче, ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) дайыма аларга көмөк көрсөтүү учурун издеп жүрчү».

Мухаммад Пайгамбар

Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп рабаят этет: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла таала жолунда жихад (уруш) кылды. Ошентсе да, ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) эч качан бирөөнү колу менен урган эмес. Кандайдыр бир аялды да, кызматчыны да. Эгер кимдир бирөө ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам)га жамандык кылган болсо да, ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) эч качан өчүн алган эмес. Ал эми, эгер бирөө Алла тааланын ыйык белгилерин урмат кылбаган болсо, ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла таала үчүн өчүн алган».

Мухаммад Пайгамбар

Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) өз төөсүнө өзү жемиш берчү. Үй жумуштарын да өзү жасачу. Бут кийимдерин да өзү жөндөчү. Кийим-кечесин да жамачу. Эчкисин да өзү саачу. Кызматчысын өзүнө жакын отургузуп, тамактандырчу. Ал эгинди майдалоодо чарчаганда, бул иште ага жардам берчү. Базардан үйгө буюмдарды көтөрүп алып келүүдөн эч арданчу эмес. Бай-кедей – ар бир адам менен кол берип саламдашчу. Саламдашууда биринчи салам айтчу. Эгер кимдир бирөө арзыбаган курмалар менен тамагына чакырганда дагы, аны кабыл кылчу, төмөн-пас карап басынтчу эмес. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) абдан ак көңүл жана жумшак болчу. Абдан таза жана аруу жашоочу. Бирөөнү күлүмсүрөп тосуп алчу. Анын жүзү күлүмсүрөп турчу. Катуу каткырып күлчү эмес. Кудай тааладан коркуп турчу, бирок нааразы да, капа да болчу эмес. Карапайым мүнөздөгү адам болчу, бирок анда кандайдыр бир алсыздык жана жүрөксүздүктүн изи дагы жок болчу. Ар бир мусулманга мээримдүү болчу. Эстегидей даражада курсагын тойгузчу эмес. Ач көздүк сезими менен эч качан колун сунчу эмес, тескерисинче сабырдуу, шүгүр кылуучу жана азга да ыраазы болчу».

Мухаммад Пайгамбар

Азирети Абу Муса Ашъарий (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Бир жолу Азирети Айша (разияллааху анхаа) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын калың жүндүү жамынчы жана астыңкы кездемесин бизге көргөзүп: «Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) каза тапкан маалда ушул кийимин кийип жүргөн эле», – деп айтты.

Share via