Мусулман ким?
Урматтуу жамаат! Силер дин жана ыйман жолунда жүрөсүӊөр, ошон үчүн мен силерди жакшы көрөм жана чын дилден сыйлайм. Бирок дин жолунда жүргөнүӊөр үчүн силерге төмөнкүдөй өтүнүчүм да бар: Ахмадий мусулмандарга каршы ар кайсы аалым чыгарган фатвасынан көрө көбүрөөк Алла Таааланын акыркы шарияты – Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллааху алайхи ва саллам) айткандарына көӊүл бургула жана аны сыйлагыла. Анткени, кыямат күнү: «Сен кайсы аалымды ээрчип жүргөнсүӊ?» – деп суралбайт, тескерисинче: «Сен Алла Таала жана Анын Эӊ ардактуу Пайгамбарын (саллаллааху алайхи ва саллам) ээрчигенсиӊби же жокпу?» – деп суралат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) да өз өмүрүнүн соӊку күндөрүндө төмөнкүлөрдү баса белгилеп насаат кылган:
«Мен силерге эки гана нерсени калтыруудамын: 1) Алланын Китеби; 2) менин сүннөтүм».
Эми кимдир бирөөнүн мусулман экендиги же мусулман эместиги жөнүндө Курани Карим жана сүннөт кандай көрсөтмө бергендигин көрүп чыгалы.
Алла Таала «Ал-Хужураат» сүрөөсүнүн 14-аятында мындай айтат:
Окулушу: Каа-ла-тил-аъ-раа-бу аа-маннаа. (49:14)
Бедуйиндер келип, келиме келтирип: «Биз (да) ыйман келтирдик», – деп айтышат.
(Эй, Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)! Айт: «Силер ыйман келтирген жоксуӊар. Ооба, мен силерге: «Биз мусулман болдук», – деп айтууӊарга уруксат берем. Азырынча ыйман жүрөктөрүӊөргө кире элек».
Урматтуу туугандарым! Ушул аяттын маани-мазмунуна кылдат көӊүл бурууӊарды суранам.
Көкүрөктөрдөгү сырды Билүүчү жана кайып илимин Билүүчү Алла күбөлүк берүүдө: алардын келиме келтирип жаткандыгына жана ыйман келтиргенин билдирип жаткандыгына шек-күмөн жок, бирок алардын жүрөктөрүндө ыйман жок.
Ушундай болсо да, Алла Таала Өз Пайгамбарына (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алар Ислам дининен чыккан», – деп ишенүүгө уруксат берген эмес. Тескерисинче:
Окулушу: куу-луу ас-лам-наа. (49:14) деп айтты. Тагыраак айтканда, алар: «Биз – мусулманбыз», – деп аталуу укугуна ээ. Ошентип, бир жолу Мединада Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандарды каттоого буюрган жана төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
Окулушу: ук-ту-буу лий ман та-лаф-фа-за бил-Ис-лаа-ми ми-нан-наас. (Бухрий, Китаабул-Жихаад, Баабу китаабатил-имаминнаас)
Котормосу: Адамдардын арасынан кимде-ким өз тилинен мусулман экенин билдирсе, анын ысымын мен үчүн түзүлө турган тизмекке жазып койгула. (Бухрий, Китаабул-Жихаад, Баабу китаабатил-имаминнаас)
Эми, айткылачы, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан да Ислам үчүн күйгөн бирөө барбы? Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жүрөктөрүндө ыйман жок бедуйиндерге каршы «Ислам дини менен алакасы жок» деп фатва чыгарган эмес. Жогоруда мисал кылынган Алла Тааланын Сөзүнөн жана Анын Эӊ улуу Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнөн далилденгендей, дүйнөдөгү ар бир адам «мен – мусулманмын» деген билдирүүнү жасоо укугуна ээ, Алла Таала жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) ага берген ушул укукту эч ким андан тарта албайт. А түгүл «Ислам аалымдары» да тарта алышпайт.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ыйык Куранды баарынан жакшы билчү, шариятты да баарынан жакшы түшүнчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат:
Окулушу: ман салла са-лаа-та-наа вас-так-ба-ла киб-ла-та-наа ва ака-ла за-бий-ха-та-наа фа-заа-ли-кал-мус-ли-мулла-зий ла-ху зимма-туллаа-хи ва зимма-ту ра-суу-ли-хий, фа-лаа тух-фи-рул-лаа-ха фий зимма-ти-хий. (Бухарий, Китаабус-Салаат, баабу фазли истикбаалил киблати, 391-хадис)
Котормосу: Кимде-ким биз сыяктуу намаз окуса, кыбылабызга жүздөнсө жана биз сойгон малды (халал эт) жесе, ал – мусулман, ага Алла таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) кепилчи. Демек, силер Алла жана Анын Пайгамбарынын (саллаллааху алайхи ва саллам) кепилдигин бузбагыла. (Бухарий, Китаабус-Салаат, баабу фазли истикбаалил киблати, 391-хадис)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул айткандарын төмөнкү Куран аятынын негизинде түшүнүүгө аракет кылсак, «мусулман ким?» деген маселе түбөлүккө чечилгенине күбө болобуз жана ушул маселе жөнүндөгү бардык талашып-тартышуулардын эшиктери кыямат күнүнө чейин жабылат. Эгер «Ислам аалымдары» же «Ислам лигасы» же башка бирөө Алла Тааланын жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жогорудагы кепилдигине кол салууга «кайраттанса» жана аны бузса, ал Алла Таалага жооп берет. «Ал-Жаасия» сүрөөсүндө келген ал куттуу аят төмөнкүдөй:
Окулушу: фа-би-аййи ха-дий-син баъ-дал-лаа-хи ва аа-я-ти-хий ю’ми-нуун. (45:6)
Котормосу: Аллахтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет?! (Ал-Жаасия 45:6)
Эми, Ахмадий мусулмандарга каршы чыккандар Алла Тааланын аяттарын коюп, кайсы сөзгө ыйман келтиришет? Алар үчүн Алла Таала жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өкүмүнөн да бийгирээк далил барбы? Аталган аяттан кийин Алла Таала жана жогорудагы хадистен кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бирөөгө «каапыр» деген фатваны чыгаруу укугун пенделерден тартып алган.