Салаваат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк заманбап технология

Азирети Абдурахмаан (разияллааху анху) бин Абий Лайла менен Азирети Каъб (разияллааху анху) бин Ужра жолугушуп, сизге бир белек бербейинби деп айткан. Мен, албетте деп жооп бергенимде, ал төмөнкүдөй хадисти айтып берген: «Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан: «Сизге тынчтык жолдоо ыкмасын биз билебиз, сизге салаваат жолдоонун ыкмасы кандай?» – деп сураганбыз.

Тагыраак айтканда,

اَلسَّلَامُ عَلَيْكَ اَيُّهَاالنَّبِيُّ وَرَحْمَةُ اللهِ وَبَرَكَاتُهٗ

(Эй, Пайгамбар! Сизге Алланын тынчтыгы, Анын рахматтары жана берекелери болсун) дегенди билебиз, бирок Алла Тааланынصَلُّوۡا عَلَیۡہِ وَ سَلِّمُوۡا تَسۡلِیۡمًا(Ага салаваат жана тынчтыкты жолдогула) (33:57) деген буйругун аткарып, тынчтык менен салваатты кантип жолдойлу? – деп сураганбыз. Ал салаваатты мындай деп жолдогула!» – деп айткан:

اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ كَمَا صَلَّيْتَ عَلَى إِبْرَاهِيمَ وَعَلَى آلِ إِبْرَاهِيمَ إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ اللَّهُمَّ بَارِكْ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ كَمَا بَارَكْتَ عَلَى إِبْرَاهِيمَ وَعَلَى آلِ إِبْرَاهِيمَ إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ- صحيح البخاري, كتاب أحاديث الأنبياء

Окулушу: Аллаа-хумма салли алаа Мухаммадин ва алаа аали Мухаммадин камаа саллай-та алаа Ибраа-хийма ва алаа аали Ибраа-хийма, иннака хамийдум-мажийд. Аллаа-хумма баарик алаа Мухаммадин ва алаа аали Мухаммадин камаа баарак-та алаа Ибраа-хийма ва алаа аали Ибраа-хийма, иннака хамийдум-мажийд. («Сахих Бухарий», Китаабул-Анбия, Баабу каулиллаахи «ваттахазаллааху Ибраахийма халийлаа»)

Котормосу: Эй, Алла! Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын урпактарына кудум эле Ибраахиймге жана анын урпактарына жолдогон рахматтарыӊдай рахматтарды жолдогун. Эй, Алла! Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын урпактарына кудум эле Ибраахиймге жана анын урпактарына жолдогон берекелериӊдей берекелерди жолдогун.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via