«Лаа набиййа баъдий» деген хадистин түшүндүрмөсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Лаа набиййа баъдий» деген хадистин түшүндүрмөсү

Ушул хадисти туура эмес чечмелеп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин эч бир пайгамбар келбейт деген түшүнүктү далилдөөгө аракет кылынат. Ушул хадис боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир согушка кетип баратып, Азирети Али (разияллааху анху)ну Мединада өзүнө орун басар кылып дайындап, мындай деп айткан: «Сен мага кудум Хааруун (алайхиссалаам) Муса (алайхиссалаам)га болгондойсуӊ, бирок бир айырмасы бар: Хааруун (алайхиссалаам) Муса (алайхиссалаам) менен болгондо, пайгамбар болчу, бирок азыр менден башка эч бир пайгамбар жок». Араб тилинде {بَعْدِى} «кийин» деген сөз «-дан башка» деген мааниде дагы колдонулат. Негизи,  «Алладан кийин» деген сөздөр бар аяттар ушул маанини тастыктайт. Чындыгында, Алланын башталышы да жок, аягы да жок. Ушул жерде «Алладан башка» деген ачык-айкын маани бар.

ФА-БИ-АЙЙИ ХАДИЙСИН БАЪДАЛЛААХИ ВА ААЙААТИХИЙ Ю'МИНУУН. (45:7)

ФА-БИ-АЙЙИ ХАДИЙСИН БАЪДАЛЛААХИ ВА ААЙААТИХИЙ Ю’МИНУУН. (45:7)

Демек, Алла жана Анын аяттарынан кийин алар дагы кайсы нерсеге ишенишет? (45:7)

ФА-МАН ЙАХДИХИЙ МИМ БАЪДИЛЛААХИ. (45:24)

ФА-МАН ЙАХДИХИЙ МИМ БАЪДИЛЛААХИ. (45:24)

Демек, Алладан кийин аны ким туура жолго баштай алат? (45:24)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы ошол эле мааниде «лаа набиййа баъдий» (менден кийин пайгамбар жок) деп айткан эле. Анткени, Азирети Али (разияллааху анху) жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доору бири-биринен кийин болбой, бир убакта удаалаш уланган. Мисалы, Азирети Муса (алайхиссалаам) жана Азирети Хааруун (алайхиссалаам) бир эле доордо тирүү болушкан жана бир эле убакытта пайгамбар дагы болушкан. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну Азирети Хааруун (алайхиссалаам)га окшотуп жатканда, ал түшүнбөстүк пайда болушунан мурун эле аны жок кылган: Азирети Али (разияллааху анху) албетте Азирети Хааруун (алайхиссалаам)га окшош, бирок ага окшош пайгамбар эмес жана азыр, тактап айтканда, ушул сөз айтылган убакта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан башка эч бир пайгамбар жок экен.

Share via