Азирети Ыйса Пайгамбарыбыз Мухаммадга умматий болушу мүмкүнбү? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Ыйса Пайгамбарыбыз Мухаммадга умматий болушу мүмкүнбү?

Ахмадий эмес уламалар тарабынан адамдарга: «Азирети Ыйса (алайхиссалаам) түшкөндө, кандайдыр бир пайгамбар катары эмес, тескерисинче Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын умматийси катары түшөт жана өзү дагы Ислам динине амал кылат, башкаларды дагы ушул эле шариятка амал кылдырат», –деп айтылат. Бул маселеде Курани Карим аяттары жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистери бизге төмөндөгүдөй көрсөтмө берет: эч бир пайгамбар өзүнөн мурун келген пайгамбарга умматий болушу мүмкүн эмес. Мисалы, төмөндөгү куттуу аяттан даана байкалгандай:

Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам) … яхудий беле же христиан беле?

ЙА АХЛАЛ-КИТААБИ ЛИМА ТУХААЖЖУУНА ФИЙ ИБРАХИЙМА ВА МАА УНЗИЛАТИТ-ТАУРААТУ ВАЛ-ИНЖИЙЛУ ИЛЛАА МИМ-БАЪДИХИЙ АФА-ЛАА ТАЪКИЛУУН. (3:66)

ЙА АХЛАЛ-КИТААБИ ЛИМА ТУХААЖЖУУНА ФИЙ ИБРАХИЙМА ВА МАА УНЗИЛАТИТ-ТАУРААТУ ВАЛ-ИНЖИЙЛУ ИЛЛАА МИМ-БАЪДИХИЙ АФА-ЛАА ТАЪКИЛУУН. (3:66)

Эй, Китеп ээлери! Эмнеге Ибраахийм туурасында талашасыңар? Акыры, Тоорат да, Инжил да, андан кийин түшүрүлгөн го! Демек, ой жүгүртпөйсүңөрбү? (3:66)

Ушул куттуу аятта Алла Таала яхудийлер менен христиандардын көңүлүн бургузуп, төмөндөгүдөй бир усулду (принципти) айтып берген: үммөттөр китеп түшкөндөн кийин пайда болот. Мисалы, яхудий жана христиан үммөттөрү Тоорат жана Инжил түшкөндөн кийин пайда болгон. Ал эми Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам) ушул эки китеп түшө электе же башкача сөздөр менен айтканда, яхудий жана христиан үммөттөрү түзүлө электе келген болчу. Ошондуктан, ал (алайхиссалаам)ды ушул эки үммөттүн биринин дагы мүчөсү деп аташ мүмкүн эмес.

Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам) Азирети Нух (алайхиссалаам)дын умматийси

ВА ИННА МИН ШИЙЪАТИХИЙ ЛА-ИБРААХИЙМА. (37:84)

ВА ИННА МИН ШИЙЪАТИХИЙ ЛА-ИБРААХИЙМА. (37:84)

 Албетте, Ибраахийм дагы анын тайпасынан эле. (37:84)

Азирети Муса (алайхиссалаам) жана Азирети Ыйса (алайхиссалаам) Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам)дан кийин келгендиги үчүн Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам) алардын үммөттөрүнүн мүчөсү боло албайт. Бирок жогорудагы куттуу аят боюнча Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам) Азирети Нух (алайхиссалаам)дын тайпасынан экендиги айтылган, анткени Азирети Нух (алайхиссалаам) Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам)дан мурун болгон.

Азирети Муса (алайхиссалаам)дын тилеги

Төмөндөгүдөй хадисте Азирети Муса (алайхиссалаам)дын Мухаммад үммөтүнө кошулуу тилеги жөнүндө сөз кылынган, аны Алла Таала ушунун негизинде четке кагып салган: ал (Муса) мурун болуп өткөн жана Мухаммад үммөтү Азирети Муса (алайхиссалаам)дан чамасы эки миң жылдан кийин Курандын түшүүсү менен түзүлүшү керек болчу. Ой жүгүртүү керек, Азирети Муса (алайхиссалаам)дын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га умматий болуусуна кайсы тоскоолдук бар болсо, Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га умматий болуусуна дагы ошол эле тоскоолдук бар.

Абу Наъийм «Хулияда» Азирети Анас (разияллааху анху)дан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй айтканын рабаят эткен: «Алла Таала Исраил уулдарынын пайгамбары – Азирети Муса (алайхиссалаам)га: «Кимде-ким Ахмад Мужтабааны четке каккан ахвалда Мени менен жолукса, аны тозокко салам», – деп вахий жиберген. Муса (алайхиссалаам): «Эй, Раббим! Ахмад ким?» – деп сураган. Алла Таала мындай деп жооп берген: «Андан аша чаап бир дагы жаратылышты ардактуу кылган жокмун. Мен анын атын жер менен асман жарала электе Аршта жазгам. Албетте, бардык жаратылышыма, анын үммөтүнө кирмейинче бейишти арам кылгам». … Муса (алайхиссалаам): «Мени ал үммөткө пайгамбар кылгын!» – деп сураган. Алла Таала: «Ал үммөттүн пайгамбары өздөрүнөн болот», – деп айткан. Муса (алайхиссалаам): «Сенин заманың мурун болот, алардын заманы кийин болот, бирок тез арада силер менен аларды Даарул-Жалалда топтоп коём», – деп айткан. («Аллама Жалалуддин Суютий (рахимахуллаах): «Ал-Хасааисул-Кубраа» 1-том, 12-бет; Ашраф Али Тханвий: «Ан-Нашрут-Таййиб фий зикрин-Набиййил-Хабийб»)

Share via