Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Австралияда өткөрүлө турган 29-Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды көрүп чыкты.
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Австралияда өткөрүлө турган 29-Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды көрүп чыкты.

Жалса Салана жума күнү башталат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана V Халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад бүгүн Австралиядагы Жамаатыбыздын Республикалык борборунда эртеӊ баштала турган Австралиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 29-Жалса Саланасынын даярдыктарын текшерип чыкты.

Даярдыктарды текшерип жатканда Азирети Мырза Масрур Ахмад үч күндүк Жалсаны уюштурган ар кандай бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Текшерүүлөр жүрүп жатканда Азирети Мырза Масрур Ахмадга тийиштүү бөлүм жөнүндө маалыматтар да берилди.

JalsaAuInspection-2

Кийинчерээк Азирети уюштуруучу кызматкерлерге түздөн-түз кайрылуу жасап, аларга өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди мээримдүүлүк жана боорукерлик менен аткарууга насаат кылды.

Азирети мындай деди: «Жалсага катышуучулар Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын коноктору болгондуктан аларга эӊ жакшы меймандостукту көрсөтүү керек».

Азирети Ахмадий эмес коноктор Ахмадий мусулмандардын улуу адеп-ахлактары жана кызмат көрсөтүү шыктуулугунан аябай тереӊ таасир алаарын айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мээримдүүлүк жана сүйүү-махабат менен кызмат кылуу да Ахмадия Мусулман Жамаатынын дааватынын улуу куралы болуп саналат. Билип койгула, биздин Жалсаларыбыз тек ахлактык тарбиянын эле куралы болбостон, тескерисинче Ислам дининин туура таалимдерин жайылтуу куралы да болот. Ошондуктан, Жалсага кызмат көрсөтө турган ар бир эркек кызматчынын да, аял кызматчынын да ар бир амалы улуу даражалуу болушу керек».

JalsaAuInspection-3

Жалса Салана жума күнү түштөн кийин Азирети байракты желбиретип, жума кутбасын окуусу менен башталат.

          АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via