АБС ТВси жана Радиосу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен маек курду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

АБС ТВси жана Радиосу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен маек курду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам таалимдерин айтып берди жана чыныгы мусулмандар Батыш менен тил табыша алат деди

2013-жылдын 4-октябрында «Австралиялык телерадиоберүү корпорациясы» Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жол башчысы жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад менен маек курган.

25 мүнөткө созулган ошол маек аралыгында Азирети Мырза Масрур Ахмадга Ислам тууралуу жана Австралияга жасаган визитинин максаты жөнүндө бир топ суроолор берилген.

abc-2

Австралияга кайсы максат менен келдиӊиз деген суроого жооп берип жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деген:

«Мен мүмкүнчүлүк тапкан ар бир жерде Исламдын сүйүү-махабат жана тынчтык кабарын ушул коомчулукка жана өлкөнүн булуӊ-бурчтарына чейин жеткирем. Чындыгында, бүгүнкү күндө дүйнөнүн ахвалы өтө коркунучтуу, ошон үчун эгер биз тынчтык үчүн зарыл чараларды көрбөсөк, анда мунун абдан жаман натыйжалары чыгышы мүмкүн».

Пакистанда Ахмадия Мусулман Жамааты көрүп жаткан зулумдуктар жана кысымдар тууралуу берилген суроого жооп берип жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад 1974-жылда Ахмадий мусулмандар кантип «мусулман эмес» деп жарыялангандыгы жана Зыя-ул-Хак аттуу диктатордун доорунда Ахмадий мусулмандардын өздөрүнүн диний ишенимдерине ылайык сыйынуу укугуна, ал тургай өз дининин негизги бөлүктөрүнө амал кылууга бөгөт коюучу закон чыгарылгандыгы жөнүндө айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты: Пакистанда экстремист молдолордун колунда «көчө күчү» бар болчу жана алар Ахмадий мусулмандарга зулумдук кылууга жана аларды өлтүрүүгө чакырып жатып, Ахмадия Мусулман Жамаатына жек көрүүлөрдү таратууга жетекчилик кылып жатышкан эле.

  abc-3

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Ар бир жумада же эки жумада Пакистанда кайсы бир Ахмадий мусулмандын өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабар мага жеткирилет. Ал жагымсыз анти-Ахмадия закондорду алып салмайынча ушул кырдаал өзгөрбөйт».

Азирети Мырза Масрур Ахмадга өткөн жылы тартылып таркатылган жана ар кайсы өлкөдөгү көпчүлүк мусулмандардын нааразылыктарына кабылган анти-Ислам тасмага мусулман дүйнөсүнүн реакциясы жөнүндө да суроо берилди.

Азирети ушул фильмди катуу сынга алганын да, кандай гана көрүнүштө болбосун, ага чыр-чатак сыпатында кайтарыла турган реакцияны да сынга алганын айтты. Азирети мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын үлгүлүү мүнөзүн дүйнөгө даӊгазалоо жолу менен мына ошондой төмөн чабуулдарга жооп кайтаруу керек жана Ахмадия Мусулман Жамааты Халифаттын жетекчилиги астында ушуларды эле жасап жатат.

Австралия жана Батыш өлкөлөрүндө жашаган мусулмандар беттешкен көйгөйлөр тууралуу берилген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп жооп берди:

«Эгер мусулмандар туура жана тынчтык Ислам боюнча амал кылышса, анда Батыш өлкөлөрүндө интеграл табууга такыр кыйналбайт. Биз Алла таала бүткүл дүйнөнүкү жана кайда гана болбосун, Анын пенделеринин акы-укуктарын тебелөө Аны капа кылып коёт деп ишенебиз. Ошондуктан, коомчулуктун арасында сүйүү жана гармонияны (келишкендик) таратуу ар бир чыныгы мусулмандын милдетине кирет. Эгер алар ушул ыкманы ээрчишсе, анда алар эч кандай кыйынчылыкка беттешпейт».  

 

 

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via