Ахмадийлердин периштелер тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар] • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ахмадийлердин периштелер тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар]

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде «Ахмадийлердин периштелер тууралуу ишеними» жөнүндө кыскача сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Мына ушул бейкабар кишилердин айрымдары: «Ахмадийлер периштелерге жана шайтанга ишенишпейт», – деп айыпташат. Бул дагы болгону бир жалаа жабуу. Курани Каримде периштелер да, шайтан да айтылган. Курани Каримге толук ыйман келтирип, кийин анда жазылган нерселерди Ахмадийлер кандайча четке кагышы мүмкүн?! Алла Тааланын ырайымы менен биз периштелерге толук ишенебиз. Мындан тышкары, Ахмадия аркылуу алган берекелер себептүү биз периштелерге ишенүү менен бирге: «Курани Каримдин жардамы аркылуу периштелер менен алака-байланыш түзүү жана алардан руханий илимдерди үйрөнүү мүмкүн», – деп да ишенебиз.

Мен – ушул китепченин автору бир нече илимдерди периштелерден үйрөндүм. Бир жолу бир периште мага «Фаатиха» сүрөөсүнүн «тафсирин» үйрөткөн. Ошондон баштап азыркыга чейин бул сүрөөнүн чексиз мааниси мага айкын болуп калды. Мен төмөндөгүдөй мелдешүүгө чакырамын: «Кандайдыр бир дин өкүлү өзүнөн Китебинен руханий маани-мазмун жөнүндө канча маалымат таба алса, андан артык маани-мазмунду мен Алла Тааланын ырайымы менен бир гана «Фаатиха» сүрөөсүнүн өзүнөн таба аламын». Алмусактан бери мен дүйнөнү ушул мелдешүүгө чакырып жатамын, бирок ушул күнгө чейин эч ким бул чакырыкты кабыл албады. Алла Тааланын бар экендигинин далили жана Анын жалгыз экендигинин далили, пайгамбарлык жана анын зарылдыгы, жетик шариаттын белгилери жана адамзат үчүн анын керектиги, дуба, тагдыр, кыямат күнүндөгү кайрадан тирилүү, бейиш-тозок сыяктуу маселелерге «Фаатиха» сүрөөсү чачкан нурчалык нурду башка китептердин жүздөгөн барактары да инсанга бере албайт. Кыскасы, Ахмадийлер периштелерди кабыл албайт деген кеп болушу да мүмкүн эмес. Тескерисинче, Ахмадийлер периштелерден пайдаланыш керек деген чакырууга ээ.

Шайтан туурасында кеп кылсак, ал бир ыплас нерсе, ага ыйман келтирүү жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Албетте, анын бар экендигин биз Курани Карим аркылуу билебиз жана бар экендигине ишенебиз. Жеке эле анын бар экенин кабылдабастан, биз: «Алла Таала бизге шайтандын күчүн сындырып, анын өкүмүн толук жок кылуу милдетин жүктөгөн», – деп да түшүнөбүз.

Мен шайтанды түшүмдө көрдүм. Бир жолу аны менен күрөшүп, Алла Тааланын жардамы жана «таъвуз» (Аъуузу биллаахи минаш-шайтаанир-ражийм) сөздөрүнүн берекеси аркылуу аны жеңилүүгө дуушар да кылдым. Бир жолу Алла Таала мага мындай деди: «Сага жүктөлгөн милдетти аткарууда шайтан өз балдары менен абдан көп тоскоолдук кылат. Сен бул тоскоолдуктарга кенедей да кейибестен «Кудайдын берекеси жана ырайымы менен» деген сөздөрдү кайра-кайра айтып кете бер». Ошентип, Алла Таала мага буюрган жакка жөнөдүм. Кийин шайтан өз балдары менен ар түрдүү ыкмаларда мага сүр көрсөтүп, мени коркутмакчы болгонун көрдүм. Айрым жерлерде алардын баштары гана келип, мени коркутууга аракет кылды. Айрым жерлерде алардын денелери гана көрүнүп турду. Кээде шайтан арстандар, бөрүлөр жана пилдер кейпинде алдыма келди. Бирок, Алла Тааланын буйругу менен мен ага көңүл бурбастан «Кудайдын берекеси жана ырайымы менен» деген сөздөрдү кайталап кете бердим. Ар качан ушул сөздөрдү окуганымда, шайтан өз балдары менен качып, майдан боп-бош болуп калып жатты. Бирок, бир аздан кийин ал бир жаңы кейипте, жаңы көрүнүштө алдыма келе берди. Бирок, ар бир жолу аны качырууда ушул курал жардам берди. Ошентип,  көздөгөн максатыма жеттим. Ал эми шайтан толук бойдон майдандан качып кетти. Мына ушул түшүмдөн улам эң маанилүү эмгектеримди баштардан мурун «Кудайдын берекеси жана ырайымы менен» деген сөздөрдү жазып койчу болдум. Кыскасы, биз периштелерге ыйман келтиребиз жана шайтандын бар экендигин кабыл алабыз.

Айрым кишилер: «Ахмадийлер кереметтерди кабыл алышпайт», – дешет. Бул кеп дагы чындыкка эч коошпойт. Биз бир гана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кереметтерине ишенбестен, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чын жүрөктөн моюн сунган кишиге да Алла Таала керемет тартуулай турганына да ишенебиз. Курани Каримде Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кереметтери толтура, аларды «тубаса көр» адам гана жокко чыгарышы мүмкүн».

(«Ахмадияттан кабар» 17-19-бет, Бишкек – 2006)

Share via