Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий(АС) - Хакам жана Адал • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий(АС) – Хакам жана Адал

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

2020-жылдын 28августунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

ХакамАдал Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын жазуулары жана айткандарынын негизинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үйбүлөсү жана Хулафаэ-Раашидийндин артыкчылыгынын баяны

Бул жолу жеңиш Хусайндын сыпаттарына ээ болгондорго насип этилет. Ошондуктан, өтүп жаткан күндөрдө дубалар жана салаават жолдоого басым жасагыла.

Ушул эле Имам[1] аркылуу бардык жаңжалдар жана баш аламандыктар тынчтык жана саламаттыкка айланат. Демек, Мухаррам күндөрүн аза күтүү же өз кектиктер, кастыктар жана ачууларды билдирүүчү айга айландыруунун ордуна сүйүүмахабат жана мээримдүүлүктү бөлүштүрүүчү айга айландыруу керек. ХакамАдал[2] жол башчыны эрчигенден кийин гана чыныгы мусулман деп атала алабыз.

2020-жылдын 28-августунда, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 28-Зухуур күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 14-август күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Алла Таала ушул доордо Өз убадасына ылайык бардык мектептер жана агымдардын туура эмес түшүндүрмөлөрүн жана ар кандай майда-барат келишпестиктерин алып салып, мусулмандарды бириктирүү үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кулу катары ХакамАдал кылып жиберген. Демек, бүгүн мусулмандардын бардык агымдарынан билимдүү, акыл-парасаты бар жана дуба кыла турган миңдеген адамдар жыл сайын Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулушууда. Ахмадия Мусулман Жамааты – бул кандайдыр бир агым же мектептин айырмачылыгы же келишпестик көз-караштары жана түшүндүрмөлөрүнө таянып түзүлгөн Жамаат эмес, жок, ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын убадасына ылайык түзүлгөн Жамаат.

Алла Таала Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)га жер жүзүндөгү бардык мусулмандарды бир эле динге топтоого вахий-аян түшүргөн. Демек, ушул эле кызмат үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) жиберилген жана ошол эле кызмат үчүн халифалык системасынын кол астында Ахмадия Мусулман Жамааты ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатат. Албетте, биз каршылыктар, соттоштуулар, кысымдар жана оройлуктарга көңүл бурбай, чындыкты айтуу жана акыйкатты жайылтуудан токтобойбуз. Мусулмандар жүздөгөн жылдардан бери келишпестиктерге кабылып, өз биримдигин алсыратып келишүүдө. Бүгүнкү күндөрдө дагы Исламдын календары боюнча биринчи ай, башкача айтканда, Мухаррам айынан өтүп жатабыз. Тилекке каршы, ушул айда бир топ мусулман өлкөлөрүндө киши өлтүргүчтөр, талап-тоноочулуктар жана финта-чагымчылыктар күч алып жатат. Жалпы мусулмандар, акыл-парасаты бар жана чындыкты издеп жүргөндөр мусулмандарды кантип бир эле коомго айландыруубуз мүмкүндүгү тууралуу ойлонуулары керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ФайжэАъваж[3] доорунан кийин Хилаафат Алаа МинхаажинНубуввах[4] тууралуу куш-кабарды алдын ала айтып берген. Акыл-парасаты барлар аалымсөрөйлөрдү эрчүүдөн көрө Алла Таала Ислам динин кайрадан жандандырууга жөнөткөн Имамды издөөгө аракет кылуулары керек. Биз Ахмадийлер Алла Таала Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний (алайхиссалам)га Ислам динин кайрадан жандандыруу милдетин тапшырган жана ушул эле Имам аркылуу бардык жаңжалдар жана баш аламандыктар саламаттык жана тынчтыкка айланат деп жар салабыз. Демек, Мухаррам күндөрүн аза күтүү же өз кектиктер, кастыктар жана ачууларды билдирүүчү айга айландыруунун ордуна сүйүү-махабат жана мээримдүүлүктү бөлүштүрүүчү айга айландыруу керек. Хакам-Адал[5] жол башчыны эрчигенден кийин гана чыныгы мусулман деп атала алабыз.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат: менин ордум кандайдыр бир молдонун орду сыяктуу эмес, тескерисинче менин ордум пайгамбарлардын сүннөтү сыяктуу. Мени асмандык адам деп кабыл алганыңардан кийин гана ушул бардык жаңжалдар жана келишпестиктер бир эле көз ирмемде чечилип калышы мүмкүн. Алла Таала тарабынан ХакамАдал болуп келген инсан Куран жана хадиске бере турган түшүндүрмөлөр гана туура болот. Антпесе, шииттер менен суниттердин ортосундагы маселелер эч качан чечилбейт. Алар өз жолун таштап, мага байланышып, көрүшмөйүнчө эч качан чындыкка жетишпейт. Оройлук жөнөкөй бир адамга жакпагандан кийин ал Ыйык Кудайдын алдында кантип сыйынуу болушу мүмкүн? Ошондуктан, менин алдыма келгиле жана силерге чындык көрүнсүн үчүн мени уккула деп айтамын.

Ал (алайхиссалам) ХулафаэРаашидийн[6]дин улуу даража-мартабасынан сөз кылып, мындай деп айткан: мен Абу-Бакр, Умар, Усман жана Али (ризвануллаахи алайхим ажмаъийн)дай болмоюнча эч бир адам момун жана мусулман боло албайт деп билем. Алар дүйнөнү сүйүшкөн эмес, жок, алар өз жашоолорун Алла Тааланын жолуна арнап коюшкан болчу.

Демек, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын көзүнчө чыныгы момун жана мусулман болуу үчүн ал төрт халифанын үлгүсүн тууроо зарыл. Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишеними боюнча ал ХулафаэРаашидийн биз үчүн үлгү. Жамаатыбызга жаңы кошулгандар жана жаш курагына жеткендер ишенимибиз кандай экендигин билүүлөрү үчүн азыр бир нече үзүндүнү окуп берем. Ал (алайхиссалам) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун халифалык доорунун баштапкы мезгилинде туш келген абал жөнүндө сөз кылып, мындай деп айткан: эгерде Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) эр жүрөк болбогондо, анда абал кыйла оор болуп, ал (разияллааху анху) сар-санаа болмок. Бирок, Сыддык, тактап айтканда, Абу Бакр (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында жүргөн кошунасы болгондуктан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мүнөздөрүнүн таасири ага болгон. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин ал (разияллааху анху) көрсөткөн эрдик жана туруктуулуктун үлгүсүн табуу кыйын. Мен эгер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин Абу Бакрдай инсан болбогондо, Ислам дини дагы жок болуп кетмек деп ишенем.

Азирети Умар (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнөн сөз кылып жатып Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат: Азирети Умар (разияллааху анху)нун даражасы башка сахаабалардан ушунча бийик болгон, айрым учурларда анын ойуна ылайык Ыйык Курандын аяттары түшүп калчу.

Анан ХулафаэСалаасах (үч халифа) тууралуу мындай деп айткан: менин Кудайым мага Сиддийк (Абу Бакр), Фаарук (Умар) жана Усман (разияллааху анхум)дун такыба жана момун экендигин жана Алла Таала тандаган адамдардан экендигин ачыкка чыгарган.

Ошондой эле, Азирети Али (разияллааху анху)нун улуу мүнөздөрү жана даража-мартабасынан сөз кылып жатып, ал (алайхиссалам)  мындай деп айткан: ал (разияллааху анху) такыба, ичи таза жана Мээримдүү Кудайдын көзүнчө эң сүйкүмдүү адамдардан эле… Азирети Али (разияллааху анху) чындыкты издеп жүргөндөр үчүн үмүт, үлгүсү жок жоомарт жана Кудайдын пенделери үчүн Алланын (бар экенине жеткиликтүү) далили экендигине кенедей да шек-күмөн жок. Ал (разияллааху анху)нун доору тынчтыктын доору болгон эмес, жалпы калайык-калк ал жана Ибн Аби Суфяндын халифаты тууралуу келишпестиктерге кабылышкан болчу. Бирок, чындыгында, чындык Али Муртаза (разияллааху анху) тарапта болгон жана ал (разияллааху анху)нун халифалык доорунда ага каршы согушка чыккан адам баш ийбестик жана козголоң кылган болот.

Хулафаэ-Раашидийндин Ислам динин жана Куранды коргоо үчүн жеткиликтүү иш-аракеттери тууралуу сөз кылып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айткан: эгер Ислам дининде алардагыдай ишенимдүүлөр болушпаганда, бүгүн Ыйык Курандын бир дагы аятынын Алла Таала тарабынан түшкөндөгүн айтуу кыйын болмок.

Ал (алайхиссалам) мындай деди: Аллага касам! Алар ааламдын эң жакшысы (саллаллааху алайхи ва саллам)га жардамчы болуу үчүн өлүмдүн талааларында туруктуулукту көрсөткөн жана Алла үчүн өз аталары менен уулдарынан ажырашкан инсандар болушкан.

Демек, ушул төрт халифанын улуу даража-мартабасынын түшүнүгүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) гана бизге айтып берген жана ар бир мусулман ушул ыйыктардын улуу мартабасын тааныгандан кийин гана чыныгы мусулман деп аталат. Жалпысынан, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) же Ахмадия Мусулман Жамааты тууралуу ал (алайхиссалам) өзү жана анын Жамааты Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөсүнүн мартабасын тааныган жок деп түшүнүлөт. Азыр Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын көзүнчө ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөсүнүн даражасы кандай экендигин белгилей турган бир нече үзүндүлөрдү окуп берем. Ал (алайхиссалам) мындай деп айтат:

Кашф[7]та, башкача айтканда, ойгоо абалында Азирети Али (разияллааху анху) менен жолугуштум жана ал (разияллааху анху) кайыптарды Билүүчү Кудайдын Китебинин тафсирин (түшүндүрмөсүн) мага тартуулап: «Бул менин тафсирим, азыр ал сизге өткөрүлүүдө», – деп айткан. Мен Алла Тааланын атын ортого салып айтам: ал киши абдан мээримдүүлүк менен мени менен жолугушкан жана ал мени жана менин ишенимим тууралуу билет деген нерсе жүрөгүмө салынган. Анын жанында Хасан, Хусайн жана пайгамбарлардын Жол башчысы, Хаатамун-Набиййин (саллаллааху алайхи ва саллам) да бар болушкан. Алардын жанында абдан сулуу, саалиха (такыба), кадыр-барктуу, ичи таза жана берекелүү, сый-урматка татыктуу, адептүү, ичинен да, сыртынан да нур болгон бир аял да бар болчу жана ал Фатиматуз-Захраа (разияллааху анхаа) экендиги жүрөгүмө салынган. Мага Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын назарында дин жаатында менин мартабам уулу сыяктуу экендиги айтылган.

Ал (алайхиссалам) башка бир жерде мындай деп айткан: Азирети Хусайн же Азирети Иса (алайхиссалам) сыяктуу чынчылдарды сөгүп сүйлөгөн адамдын бир түн дагы тирүү калуусу мүмкүн эмес деп ишенем.

Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп айтып берет: Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөсү жана сахаабаларын ушунчалык сүйүчү: бир жолу Мухаррам айында ал (алайхиссалам) өзүнүн кызы Азирети Сахибзади Мубарака Бегам сахиба жана уулу Азирети Сахибзада Мырза Мубарак Ахмад сахибге Имам Хусайн (разияллааху анху)нун шейит кылынган окуясын өтө мууӊдуулук менен айтып берген, ошондо анын көздөрү жашка толуп кеткен.

Ал (алайхиссалам) мындай деп айтат: Хусайн (разияллааху анху)га акаарат келтирүү – бул жеткен бактысыздык жана ыймансыздыкка кирет. Ошондой эле, Хусайн же улуу мартабалуу имамдардын бирөөсүнө акаарат келтире турган же аларды кемсинте турган сөздү сүйлөй турган бирөө өз ыйманын текке кетирет.

Аягында Хузур-э-Анвар мындай деди: жогорудагы сөздөрдү уккандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөсүн сүйүчү эмес деп айтуу мүмкүнбү? Алардын сүйүүсүн ал (алайхиссалам) түшүнгөндөй эч ким түшүнчү эмес. Шииттер чектен ашып кеткен жана суниттер адашкан жерде ал (алайхиссалам) Хакам-Адал катары Ислам дининин чыныгы окууларын ишке ашыруу милдетин аткарган. Ага карабастан, ал агымдардын экөөсү теӊ Ахмадийлерди жамандап, кысымдарга алышат. Бирок, биз сабырдуулук жана кайрат менен Исламдын чыныгы кабарын дүйнөгө жайылтуу милдетин аткарышыбыз керек. Биздин курмандыктарыбыз текке кетпейт. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) айткандай, бул жолу жеңиш Хусайн сыпаттарына ээ болгондорго насип этилет. Демек, бүгүнкү күндөрдө дубалар жана салаават жолдоого басым жасагыла. Алла Тааланын алдында жыгылууга аракет кылгыла. Алла Таала Мухаррамдын ушул күндөрүндө бардык мусулмандарды коргоосуна алсын. Аамийн

٭…٭…٭

[1] Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам).

[2] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келе турган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га берген титул.

[3] Исламдын алгачкы үч кылымынан кийинки жалган жана алдамчылык тараган доор Файж-э-Аъваж доору деп аталат.

[4] «Пайгамбарчылык багытындагы Халифат» дегенди билдирет.

[5] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келе турган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га берген титул.

[6] Алла Таала тарабынан туура жолго багытталган, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин болгон төрт халифа.

[7] Ойгоо абалында боло турган бир руханий көрүнүш.

Share via