Баш сөз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Ахмадия Махдий Ислам рамазан орозо кечирим такыба ыйман ишеним жакшылык

Мындан жүз жыл мурда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) (1835-1908): «Алла Таала мени ушул доорду оңдоо үчүн жөнөткөн. Мен Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала айтып келерин кабарлаган жана Исламды бардык диндердин үстүнөн жеңишке чыгара турган акырзаман Махдийси жана Масихи Маъуудумун», – деп билдирген эле.

Анын ушул билдирүүсүнө бир кылымдан ашуун убакыт өттү. Ушул убакыт аралыгында анын Жамааты бир гана Алла Тааланын колдоосу менен абдан татаал жана оор абалда ар түрдүү каршылыкка карабастан, дүйнөнүн бардык жеринде абдан тездик менен өсүп-өнүгүп келди. Бүгүнкү күнгө чейин бул Жамаат 193[1] өлкөдө катталып, өз ишмердүүлүгүн алып барууда.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын кабарын, анын өзгөчөлүктөрүн жана сунуш кылган программаларын даана, так билүү үчүн, ошондой эле Жамааттын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын билдирүүлөрү менен кеңири таанышуу үчүн ылайыктуу жана ишенимдүү ыкма – анын жазууларын түз жана бейтарап абалда окуу.

Ушул китепчеде Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын диний ырлары жана кара сөздөн турган жазуулары берилип, диндин негиздерине жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишенимдерине жарык чача турган айрым тандалма үзүндүлөрү сунуш кылынууда. Буларды окуу Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын сексенден ашуун китептери тууралуу кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу менен бирдикте акыл-эс дараметин өөрчүтүү, жүрөктөргө жарык берүү жана рухтун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот деген үмүттөбүз.

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айкан: «Кудай Таала мага: «Дүйнөдөгү ар кандай диндер өздөрүнүн ыйык китептериндеги алдын ала берилген кабарларга ылайык күтүп жаткан акыр замандагы Убада кылынган Реформатор сенсиң», – деп кабар берди. Хиндилер Кришнаны, ал эми буддистер Будданы, жөөтөр жана христиандар Иса Масийхти күтүшүүдө. Мусулмандар Убада кылынган Махдий жана Масийх чыгат деп күтүшкөн эле. Бирок Кудай Тааланын жазууларында төмөнкүдөй нерсе чечилген болчу: бардык диндер күтүп жаткан Убада кылынган Реформатор бир эле адам болот. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтүнөн чыгат жана анын жолдоочусу болот. Анын келиш максаты – бардык адамдарды Алла Тааланын акыркы дини жана толук жашоо мыйзамы – Исламдын туусу астында чогултуу болот. Ал зат (алайхиссалаам)дын келиши адамзаттын бардык муундары эңсеп келген алтын доордун башталышы экенин жарыя кылды. Ушундай алтын доордо адилеттүүлүк, тынчтык, элдешүү жана ынтымак өкүм сүрөт жана жер жүзүндө жашап жаткан бардык адамдардын бир эле дини – Ислам дини жана бир эле жолбашчы – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) болот.

Ушул Убада кылынган Реформатордун келишиндеги максаттарына жетүү программалары эл аралык гана эмес мезгил жагынан кылымдарды өз ичине алат. Ошондуктан, муундан-муунга өз жандарын, мал-мүлктөрүн жана убакыттарын тынымсыз курман кылып, Исламдын жеңиши тууралуу программасын алдыга сүрөп, Кыямат күнүнө чейин аракет кыла турган бир Жамаат керек болчу. Ошентип, Алла Тааланын буйругу менен Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) 1889-жылдын 23-мартында Индиянын Лудхияна шаарында ыкыластуу адамдардан Байъат алды. Алар аны Кудай Таала элчиси деп таанып, анын бардык билдирүүлөрүн кабыл кылышты жана анын ушул ыйык аракетине жардам кылууга ниеттеништи. Ал зат (алайхиссалаам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын экинчи «Ахмад» деген атынан өз Жамаатына «Ахмадия Жамааты» деп наам койду.

Ал зат (алайхиссалаам) Аариялар жана христиан поптордун Исламга карата жасаган чабуулдарынан Исламды коргоо үчүн жана Курани Каримдин улуу таалимдерин дүйнөгө жайылтуу үчүн сексенден ашуун китептерди жазып, өзүнүн чектелүү шарттарына карабастан, дүйнөгө Исламды таркатты. 1908-жылы ал (алайхиссалаам) көз жумган соң анын Жамаатында Хилаафат системасы орношту. Анын (Хилаафат) берекеси менен Жамаат өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бир жерге топтоп, бүткүл ааламга Ислам динин жана Курани Карим таалимдерин жайылтуу ишин улантты.

1947-жылы Индия-Пакистан бөлүнгөн учурда Ахмадия Мусулман Жамаатынын жүз миңдеген мүчөлөрү Пакистанга көчүп келүүгө аргасыз болушту. Ушул жерде Пенжаб облусунда «Чинаб» дарыясынын жээгинде Жамаат «Рабвах» атынан белгилүү болгон жаңы Борборду курду.

Башынан эле каршылаш молдолор тарабынан Жамаатка каршы аракеттер жүргүзүлүп келген. Алардын белгилүүсү – 1953, 1974 жана 1984-жылдардагы кыймылдар. Эң акыркы кыймылды ошол учурдагы бийлик толук бойдон колдогон жана иштиктүүлүк менен «чоң» салымын да кошкон. Бийлик Жамааттын өсүп-өнүгүүсүн токтотуу жана Ахмадийлердин негизги адамдык укугун тепселөө үчүн абдан акысыздык жана зулумдукту колдогон мыйзамдарды чыгарды. Алардын белгилүүсү – 1984-жылкы № ХХ Анти-Ахмадиялык президенттик указ. Кыскасы, Ахмадия Мусулман Жамааты Пакистанда каапырлыкка чыгарылды. Кээ бир мечиттер кулатылып, кээ бир мечиттерге кулпу салынды. Миңдеген Ахмадийлер соттолду, денелик жагынан дагы, руханий жактан дагы кысымга алынып, түрмөгө камалды жана бир топ Ахмадийлер шейит кылынды. Алла Тааланын өзгөчө берешендиги жана колдоосу менен Жамаат мүчөлөрү абдан чоң сабырдуулук жана чыдамкайлык менен теңдеши жок курмандык кылып, ошондогу бийликтин жана анын шериги болгон молдолордун аракеттерин ийгиликсиз кылды.

Пакистанда Ахмадийлерге каршы ушул акысыз аракеттердин натыйжасында башка өлкөлөрдөгү Ахмадийлерде бир теңдеши жок руханий ойгонуу пайда болду жана Жамаат ушул доордо мурдагыдан да көбүрөөк өсүп-өнүктү.

1989-жылы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жүз жылдык маарекесинин берекелүү аземи учурунда эл аралык деңгээлде иш-план түзүлгөн. Анын негизги жагы төмөнкүдөй: Ахмадия Мусулман Жамааты ушул учурда Кудай Таалага шүгүрчүлүк кылып, ыраазычылык менен бир жүздөн ашуун тилдерде Курани Карим, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тандалма хадистери жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын жазгандарынан тандалган үзүндүлөрдү бастырып чыгарууда. Бул китепче дагы ушул улуу жана ыйык пландын бир бөлүгү.

Бастыруучулар


[1] Азыр Алла Тааланын берешендиги менен 212 өлкөгө жайылыптыр.

Share via