Курани Карим • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

(1)

«Курани Карим – алмаз баштык, бирок адамдар мындан кабарсыз». («Малфузаат», 2-том, 344-бет)

(2)

«Куран ушунчалык чоң салтанаттуулукка ээ: ал ар бир салтанаттуулуктан бийик. Ал – Хакам, тагыраак айтканда, чечим чыгаруучу. Ал – Мухаймин, тактап айтканда, бардык хидаяттар жыйындысы. Ал бардык далилдерди чогултуп койгон жана душмандардын күч-кудуретин жок кылып койгон. Ал ушундай Китеп: анда ар бир нерсе кеңири баяндалган. Анда келечек жөнүндө да, өткөн заман жөнүндө да кабарлар бар. Ал жалганды алдынан да, артынан да өзүнө жолотпойт. Ал – Кудай Тааланын нуру». («Руханий хазаайин», 16-том, «Хутба Илхаамия», 103-бет)

(3)

«Билип койчу нерсе: Курани Карим ар бир эл-коом жана ар бир улут үчүн ачык-айкын болуучу ачык керемети – бул ар бир доордо ошол доордун талаптарына жараша ачылып турган жана ар бир доордогу (терс) ойлорго каршы куралчан аскерлердей турган Курандын чексиз илим-билимдери, акыйкаттары жана даанышмандыктарынан турган билимдери. Аны сунуш кылып, биз ар бир адамды, мейли хинди болсун, мейли персий, мейли европалык, мейли америкалык, мейли башка бир өлкөлүк болсун, жеңип, анын оозун жаба алабыз. Эгер Курани Карим өзүнүн акыйкаттары жана терең билимдери жагынан кандайдыр бир чектелүү нерсе болгондо, анда ал эч качан жеткилең керемет боло албайт эле». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаалу Аухаам», 1-бөлүк, 255-256-бет)

(4)

«Курани Карим ушундай керемет: ага окшош (китеп) илгери да болгон эмес, мындан ары да болбойт. Анын нуру жана берекелери эшиги түбөлүккө ачык. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда болгонундай эле ар бир доордо ачык-айкын жана жарык. Мындан тышкары, эске тутчу дагы бир нерсе: ар бир адамдын сүйлөгөн сөзү анын кудуретине жараша болот. Анын кайраты, ой-ниети жана максат-мүдөөсү канчалык бийик болсо, анын сүйлөгөндөрү да ошончолук бийик болот. Ошентип, Кудайдын вахий-аянында дагы ошондой болот. Кимге вахий-аян берилсе, ал канчалык бийик кайратка ээ болсо, ошончолук бийик даражалуу вахий ага берилет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кайраттуулугу, жөндөмдүүлүгү жана ой-ниети ушунчалык улуу болгондуктан, ага берилген вахий-аян (Куран) дагы ошончолук бийик даража-мартабага ээ: ошончолук кайрат жана жөндөмгө ээ, андан башка бирөө эч качан төрөлбөйт». («Малфузаат», 3-том, 57-бет)

(5)

«Биз чындыкты сүйлөйбүз жана кандай гана жагдай болбосун чындыкты сүйлөөнү таштай албайбыз: эгер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келбегенде, ошондой эле анын таасирлерин биздин Имамдарыбыз жана ата-бабаларыбыз байыртадан көрүп келишкен жана бүгүнкү күндө биз көрүп жаткан Курани Карим түшпөгөндө, чындыгында эле тек гана Библия аркылуу Азирети Муса, Азирети Иса жана башка өтүп кеткен пайгамбарлардын Алла Таала өзгөчө мээримдүүлүгү менен Өз пайгамбарчылыгы үчүн тандап алган ыйык жана таза жамааттан экендигин ишенимдүү түрдө билүү өтө оор иш болмок болчу. Бул – Курани Каримдин бизге карата жасаган жакшылыгы деп билүүбүз керек: ал ар бир доордо өз жарыгын көрсөттү, анан ушул жетик-кемел жарык аркылуу өткөн пайгамбарлар чынчылдыгын да бизге ачык-айкын кылды. Бул – тек гана бизге карата жакшылыгы эмес, тескерисинче Курани Каримден мурун өтүп кеткен, адамдан тартып Иса (алайхиссалаам)га чейинки бардык пайгамбарларга карата дагы кылган жакшылыгы». («Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», түшүндүрмөнүн түшүндүрмөсү, 290-бет)

(6)

«Бүгүн жер жүзүндө вахий-аян аркылуу берилген китептердин арасында тек гана Курани Карим Кудай Тааладан келген Сөз деп күчтүү далилдер менен далилденет. Анын кутулуу жөнүндөгү усулдары бүтүндөй чын жана табият түзүлүшүнө негизделген. Анын ишенимдери ушунчалык жеткилең жана бекем: күчтүү далилдер анын чынчылдыгынан күбөлүк берет. Анын буйруктары акыйкаттын үстүндө гана турат. Анын таалимдери ар түрдүү Ширк[1], Бидъат[2] жана макулукка сыйынуу өңдүү нерселердин аралашуусунан бүтүндөй таза. Ал Тавхийд, Кудай тааланын сый-урматы жана Алла тааланын жетиктиктерин ачыкка чыгаруу үчүн толкунданып турат. Анда төмөнкүдөй өзгөчөлүк бар: ал бүтүндөй Алла тааланын Тавхийдине жык толо жана эч кандай так, кемчилик, айып жана жарабас сыпаттарды Ыйык Кудайга таандык кылбайт жана эч бир ишенимди мажбурлап кабыл кылдырбайт, тескерисинче, кайсы таалимди берсе, анын чынчылдык себептерин мурдатан эле көрсөтүп коет. Ошондой эле ар бир максат жана мүдөөнү далилдер жана фактылар менен далилдеп көрсөтөт. Ар бир усулдун акыйкатына (чечкиндүү) ачык-айкын далилдерди келтирип, ишенимдин жетик мартабасына жана жетик Маърифатка чейин жеткирет. Адамдардын ишенимдери, амалдары, сөздөрү жана иштеринде жүз берген бардык бузулууларды, ыпыластыктарды, кемчиликтерди жана фитна-чагымдарды – ушул бардык бузукулуктарды кашкайган даана далилдер менен кетирет. Дагы адамдын адам болуусу үчүн билүү зарыл болгон бардык адеп-ахлактарды үйрөтөт. Ошондой эле ар бир баш аламандык бүгүнкү күндө канчалык басымдуулук менен таралган болсо, бул ошончолук күчтүү басым менен андан коргойт. Анын таалими абдан туура, күчтүү жана түз. Ал Кудай Таала буйруктарынын күзгүсүндөй көрүнөт жана табият мыйзамдарынын чагылдырылган сүрөтү сыяктуу. Ал жүрөк көзү жана дил көзү үчүн бир жаркыраган күн сыяктуу». («Руханий хазаайин», «Бараахийн-э-Ахмадия», 81-82-бет)

(7)

«Куран нуру бардык нурлардан тунугураак жана жарыгыраак,

Ушул нурлардын дарыясын атырып чыгарган Кудай – Ыйык.

Кудай Таала Тавхийдинин көчөтү соолуп кала жаздады,

Кокусунан жок жерден ушул эң тунук булак атылып чыкты.

Эй, Кудай! Бул Сенин Кураныңбы же бир ааламыңбы?

Ар бир керектүү нерсе мында камсыздалган.

Бүткүл ааламды кыдырып чыктык, бардык дүкөндөрдү да көрдүк,

Илим-билим шарабынан ушул жалгыз эле шише чыкты.

Дүйнөдө ушул нурду эмнеге салыштырууга болот?

Бул ар бир касиет-өзгөчөлүк боюнча жападан-жалгыз го.

Алгач Муса алайхиссалаамдын асасын эле Фуркаан[3] деп ойлодук,

Анан көңүл бурсак, мунун ар бир сөзү Масихаа[4] болуп чыкты.

Сокурлардын өздөрү эле жаңылышты, болбосо ушул нур,

Ушунчалык зор жаркырады: жүздөгөн жылдыздан да жарыгыраак болуп чыкты.

Ушул дүйнөдө мындайлардын жашоосуна өкүнүч болсун;

Ушул нур турганда да алардын жүрөгү сокур бойдон калды».

(«Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», 1-том, 3-бөлүк, түшүндүрмөнүн түшүндүрмөсү, 305-306-бет)

(8)

«Эй, сүйүктүүлөр! Уккула! Курани каримсиз,

Адамзат Аллага жете албайт.

Ал ар дайым жүрөктү нур менен толтурат,

Көкүрөктү жакшылап тазалайт.

Анын кайсы бир өзгөчөлүгүн айтып берейин,

Ал жанга дагы бир жаңы жан тартуулайт.

Ал улуу жарык жылдыз катары жаркырады,

Аны четке кагууга болобу?

Ушул бардык Сөз – даанышмандыктын деңизи,

Кудайдын сүйүү кесесин ичирип жатат.

Кайгырып жаткандардын жападан-жалгыз дабасы да – ошол,

Кудай тарабынан Кудайга алып баруучу да – ошол.

Биз ошону эле хидаят күнү деп таптык,

Биз ошону эле сүйүктүү деп көрдүк.

Аны четке каккандар сүйлөй турган сөз:

Болгону негизсиз нерсени гана айтышат».

(«Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», 1-том, 3-бөлүк, түшүндүрмөнүн түшүндүрмөсү, 299-300-бет)


[1] Алла Таалага бирөөнү шерик кылуу же кошуу жана Алла Тааладан башкаларга сыйынуу.

[2] Шариятка коошпогон жаңылыкты динге киргизүү.

[3] Акыйкат менен жалган ортосунда айырмалоочу (керемет, муъжиза).

[4] Руханий жактан тирилтүүчү.

Share via