Ахмадияттын келечеги • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

(1)

«Мен толук ишенүү жана туруктуулук менен айтамын: мен акыйкаттын үстүндөмүн жана Кудай Тааланын берешендиги менен ушул майданда мен гана жеңип чыгамын. Мен кыраакы көздөрүм менен каерге чейин назар салбасам, бүткүл дүйнөнү өз чынчылдыгым астында экенин көрүүдөмүн. Жакын арада мен улуу салтанаттуу жеңишке жетишим мүмкүн, анткени менин тилимди колдоп жатып бир башка тил сүйлөөдө жана менин колумду кубаттап жатып, бир башка кол иштөөдө. Дүйнө аны көрбөйт, бирок мен аны көрүүдөмүн. Менин ичимде кандайдыр бир асмандык рух сүйлөп жатат, ал менин ар бир сөзүмө жана ар бир тамгама жашоо тартуулоодо. Асманда кандайдыр бир толкундоо жана кайноо жүз берип, бир куурчак сыяктуу ушул Топурак[1]ты дайындап койду. Алигиче тобо эшиги жабылбаган ар бир адам менин өз тарабыман эместигимди жакын арада көрө алат. Чынчылды тааный албаган көздөр сокур эмеспи? Ушул асмандык үндү байкай албаган бирөө дагы тирүүбү?» («Руханий хазааин», 3-том, «Изаалау Аухаам», 403-бет)

(2)

«Албетте, бул Кудай Тааланын Колунан отургузулган көчөт экенин билгиле. Ал эч качан анын соолушуна жол бербейт. Ал аны туу чокусуна жеткирмейинче, ыраазы болбойт. Ал аны сугарат жана коргоо үчүн айланасына тосмо курат. Ошондой эле аларга таң каларлык ийгиликтер жана өсүп-өнүгүүлөрдү насип кылат. Силер бүт күч-кубатыңарды колдонуп көрбөдүңөрбү? Демек, эгер бул адамдын колунан чыккан иш болсо, анда бул бак-дарак эчак эле соолуп, анын кандайдыр бир белгиси да калмак эмес». («Руханий хазааин», 11-том, «Анжаам-э-Аатхам», 64-бет)


[1] Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүн топуракка салыштырып, карапайымдыгын билдирүүдө.

Share via