«Ахмадий мусулмандар бүткүл адамзатка боорукер» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Ахмадий мусулмандар бүткүл адамзатка боорукер» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Данияга жасаган иш сапарынын акыркы күндөрүндө Даниядагы «24SYC» радиосуна маек берди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 10-майында Даниядагы «24SYC» радиосуна (Radio 24 Seven) маек берди.

Копенгагенде жайгашкан «Нусрат Жахан» мечитинде берген маегинде Улуу Урматтуу Халифа Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтык максат-мүдөөлөрү жөнүндө айтып берди жана Ахмадий мусулмандар менен башка мусулман агымдардынын ортосундагы диний айырмачылыктарды түшүндүрүп берди.

Ахмадия Мусулман Жамааты кээ бир өлкөлөрдө дуушар болгон кысымдар жөнүндө берилген суроого жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз дуушар болгон каршылыкка карабай, жүздөгөн-миңдеген адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулуп жатышат. Бул Алла Тааланын иши, болбосо 127 жылдык тарыхта биз жетишкен ийгиликтерге жетише алмак эмеспиз жана келечекти карай да оптимистик үмүттөнөбүз».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын жалпыга таанымал болгон «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген урааны (девизи) жөнүндө берилген суроого жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген урааныбыз (девизибиз) Ислам дининин таалимдерине негизделген, анткени Курани Карим адамдар бири-бирине көңүл буруулары керек жана бири-бирине сый-урмат көрсөтүүлөрү зарыл дейт. Курани Карим силер а түгүл силерге каршы чыккандарыңарга да адилеттүү жана ынсаптуу болууңар керек деп айтат. Ошондуктан, Ахмадий мусулмандар бардык адамзатка боорукер жана мээримдүү».

Улуу Урматтуу Халифа дүйнөдө өсүп бара жаткан туруксуздук жөнүндө да сөз кылды, ошондой эле адамзат өзүнүн Жаратуучусун таануу керектигин жана адамдар бири-биринин акы-укуктарын аткаруу керектигин кайталап айтты.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via