«Бир күнү биз адамдардын жүрөктөрүн багындырып алабыз» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Бир күнү биз адамдардын жүрөктөрүн багындырып алабыз» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Канададагы Жалса Саланада Канада медиасына маек берди

2016-жылдын 7-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын басма сөз, теле жана улуттар аралык медиасынын өкүлдөрү менен маалымат жыйынын өткөрдү. Медиа өкүлдөрүн СТВ жана «Торонто Жылдызы» маалымат каражаттары алып барды.

Маалымат жыйыны Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жылдык Жыйынынын (Жалса Салана) биринчи күнү Миссиссаге шаарында жайгашкан Эл аралык Борбордо өткөрүлдү.

2016-10-07-ca-press-conference-002

35 мүнөттүк Маалымат Жыйынында Учурлук Халифага дүйнөдө тынчтыкты орнотуу, учурдагы терроризм жана экстремизм коркунучу жөнүндө анын көз караштары кандай экендиги жана Канадага жасаган иш-сапарынын максат-мүдөөсү деген суроолор берилген.

Өзүнүн учурдагы Канадага жасаган иш сапары жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Үстүбүздөгү жылда Канададагы Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн 50-жылдык юбилейин белгилеп жатат, ошон үчүн жергиликтүү Ахмадия Мусулман Жамааты  ушул жерге келип, өзүнүн Жылдык Жыйынына мени келип, кайрылуу жасап бересизби деп суранышкан эле».

2016-10-07-ca-press-conference-003

Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдө тынчтыкты кантип жайылтып жатат деген суроо берилгенде, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини ар түрдүү экстремизм менен терроризмге бөгөт коёт, ошон үчүн жанкечтилердин бомбаларды жардыруусу, баш кесүү, бейкүнөө адамдарды өлтүрүү – ушулардын баары Ислам дининин таалимдерине каршы. Мына ушул кабарды биз кеңири жана кенен таратып жатабыз».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген девизи жөнүндө суроо берилгенде, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» тек мусулмандар гана ээрчий турган нерсе эмес, тескерисинче ал бардык адамдарга таандык нерсе. Бүгүнкү күндөгү коомчулукта биз мээримдүүлүк менен камкорлукту көрсөтүшүбүз керек жана бири-бирибиздин акы-укуктарыбызды аткарышыбыз зарыл».   

Маалыматтар жыйынында Учурлук Халифа экстремизмди жайылтып, кээ бир мусулмандарды радикалдаштырып келе жаткан экстремист уламалардын ролун сынга алды. Ал киши мына ошондой уламалар

«Ислам дининин чыныгы таалимдерин бүтүндөй бурмалашат»

деп айтты жана тиешелүү органдарга экстремизмди жайылта турган ар бир аалымга каршы керектүү чараларды көрүү зарыл экенин баса белгилеп насаат кылды.

Канаданын баалуулуктары жөнүндө анын көз карашы кандай экендиги тууралуу суралганда, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Канада көп маданияттуу коомчулук болуп, анда диний жана ой-пикир эркиндиги болгондугу үчүн мен чоң кубанычтамын. Мен качан гана ушул жерге келүү мүмкүнчүлүгүн тапканымда, Канададагы иш-сапарыман рахаттанам».  

Экстремизмди токтотуу үчүн Ахмадия Мусулман Жамааты жасап келе жаткан аракеттери жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин колубузда кандайдыр бир дүйнөлүк күч жок, ошон үчүн бардыгыбыз тынчтык жол менен үзгүлтүксүз Ислам дининин чыныгы таалимдерин гана жайылта алабыз. Бул акырындап жүрүп жаткан процесс, бирок бир күнү биз адамдардын жүрөктөрүн багындырып алабыз жана бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан зулумдуктар токтойт. Биз өтө эле чечкиндүүбүз жана өз милдеттерибизди эч качан таштабайбыз».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via