Кадияндагы 122-Жалса Салана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу менен аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кадияндагы 122-Жалса Салана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу менен аяктады

Азирети Мырза Масрур Ахмад бардык мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жеткилең үлгүсүнө көңүл буруулары керек деп айтты

Индияда жайгашкан Кадияндагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 122-Жылдык Жыйыны (Жалса Салана) 2016-жылдын 28-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) жасаган ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

Аталган кайрылуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) негиздеген эң биринчи Жалса Саланадан так 125 жылдан кийин жасалды.

Ал Азирети спутник аркылуу Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинен соңку сессияга кайрылуу жасады. Кадиянда аталган Жыйынга 14,200дөн ашык адам катышышкан, ал эми 5,200дөн көбүрөөк адам соңку сессия үчүн Лондондо чогулушкан.

Өзүнүн кайрылуусунда Ал Азирети Ислам дининин Негиздөөчүсү, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) орноткон эң мыкты адеп-ахлактык жана руханий үлгүсү, ошондой эле өзүнүн жолдоочуларына көрсөткөн теңдеши жок таасири жөнүндө сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын сыйынуусунда өзгөчөлөнгөн чын ыкластуу жолдоочулардан турган бир жамаатты жараткан».

Ал Азирети мындай деп улантты:

«Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алла Тааланын ар бир пайгамбарынын кандайдыр бир каалоосу болгон жана менин каалоом – бул түндөрү (Алла Таалага) сыйынуу», – деп айткан».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн тегерегинде жүргөндөргө калтырган үлгүнүн таасирин түшүндүрүп берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ибадат кылууда жана намаздарды аткарууда анын жолдоочулары Алла Тааланын чыныгы ибадат кылуучу пенделери болуп, Анын алдында гана сажда кылышсын деп өтө эле каалачу. Мурун буттарга сыйынып жүргөн адамдар анын үлгүсүн кабыл алгандан кийин бардык адамдар жана келечек замандар үчүн чын жүрөктөн болгон сыйынуунун абдан мыкты үлгүсү болуп калышты. Чындыгында, алардын ортосунда кандайдыр бир чыныгы руханий ыңкылап пайда болду».

Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын жазууларынан төмөндөгүдөй бир үзүндүнү келтирди:

«Эгер адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал доордогу араб элине алып келген ыңкылапка (өзгөрүүгө) караса жана аларды кандайдыр бир үмүтсүздүк ахвалынан кандай алып чыккандыгын анализдеп көрсө, өзүнүн көз жашын кармай албай калат. Бул чынында эле кандайдыр бир сонун рухий өзгөрүү болуп, дүйнөдөгү башка бир дагы коомдун тарыхында кезикпейт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын эң сүйүктүүсү экендигине карабай, ар дайым карапайымдык жана кичи пейилдик боюнча эң жогорку даражадагы өлчөмдөрдү көрсөткөн деп айтты.

Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана анын жолдоочулары бир топ жылдарга чейин кысым көрүшүп, куугунтукталып жиберилген Мекке шаарынын жеңишинен бир мисалды окуп берди.

Качан акырында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жеңиш менен кайтканда, кандайдыр бир өч алуу үчүн эмес, тынчтык менен шаарга кирген жана кечиримдүүлүк менен мээримдүүлүктүн бийик үлгүсүн көрсөткөн.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мисалын бүгүнкү күндөгү жана мурунку дүйнөлүк лидерлерге салыштырып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кылымдар бою биз канчалык дүйнөлүк лидерлердин бийликке жеткенден кийин диктатор же заалым болуп кетишкендиктерин көргөнбүз. Чындыгында, ал эмес бир жөнөкөй адам да кандайдыр бир ийгилик же жеңишке жетишкенде, көптөгөн учурларда ал текеберлик менен көйрөңдөнүп бой көтөрө баштайт. Бирок, кемчиликсиз инсандын мисалы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жеңиш учурунда момундук жана кечиримдүүлүктү гана көрсөткөн».

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шүгүрчүлүк касиети жөнүндө айтып, ал Азирети мындай деди: Ислам дининин Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам) ар дайым Алла Таалага шүгүрчүлүк кылчу. Андан тышкары, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдарга да ыраазычылык билдирчү.

Мисалы, өздөрүнүн куттуу турмушунда өзүнүн биринчи жубайы – Азирети Хадижа (разияллааху анхаа)га анын колдоосу, сүйүүсү жана ага берилгендиги үчүн түбөлүккө ыраазычылык билдирип турган.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн жубайынын ынактыгын эч качан унуткан эмес жана муну өзүнүн үстүндө кандайдыр бир берешендик деп ойлоп, ар дайым ага ыраазычылык билдирип турган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсүн ээрчүүгө милдеттүү жана өздөрүнүн жубайларына сүйүү, мээримдүүлүк менен мамиле кылып, аларга ыраазычылык билдирүү мусулман эркектердин милдети болуп саналат.

Ал Азирети меккелик арабдардын кысымдарынан кутулган кээ бир мусулмандарга баш паанек берген Эфиопиянын христиан падышасы Негас (Нажаший) мырзага Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) билдирген ыраазычылыгынан да мисал келтирди.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) христиан падышага түбөлүккө ыраазычылык билдирип турган жана жеке шүгүрчүлүк катары падыша Нажаши тарабынан жиберилген өкүлдөр тобун өзү кабыл алган.

Ал Азирети мусулман дүйнөсү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үйрөткөн баалуулуктарды чагылдырып, аларды сыйлашсын деген дубасы менен өз кайрылуусун актады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык жагынан адеп-ахлак жана адилеттүүлүктүн мүмкүн болгон эӊ жогорку даражадагы өлчөмдөрүн көрсөткөн, ошон үчүн Алла Таала бардыгыбызга аларды ээрчигиле – деген гана билдирүү гана жасабастан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу үлгүсүн чындап ээрчүүгө күч-кубат берсин».

Аталган сессия дуба менен аяктап, андан кийин Кадияндагы Жалсага катышкандар тарабынан спутник аркылуу бир топ диний поэмалар окулду.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via