Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси - «Бийликтер экстремист молдолорго каршы күчтүү чараларды көрүүлөрү керек»
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси – «Бийликтер экстремист молдолорго каршы күчтүү чараларды көрүүлөрү керек»

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Де Корреспондент» – деген немец массалык маалымат каражатына берген маегинде айткан ой-пикири

2015-жылдын 9-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Голландиянын Нунспит шаарында жайгашкан «Байтун-Нур» аттуу мечиттин имаратында «Де Корреспондент» деген немец медиасына маек берди.

Өзүнүн маегинде ал киши мындай деди: Ислам дининин тынчтык түшүндүрмөсү Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан жакталып келе жаткандыгы – бул бүгүнкү күндө көрүнүп жаткан баш аламандык жана чыр-чатакка болгон реакция эмес, тактап айтканда, ал түшүндүрмө Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсүнүн таалимдерине жана берген багыттарына негизделген нерсе.

2003-жылы болгон Ирак согушу – «бул Ислам динине жасалган чабуулбу?» – деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: ал диний согуштан көрө «гео-саясаттык» согуш болчу.

ИШИМ же Даеш атынан таанылуучу террорист топтор жөнүндө анын ой-пикири кандай деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Даеш сыяктуу топтор Ыйык Куранды бүтүндөй туура эмес жол менен түшүндүрүп жатышат. Жихаддын түпкү мааниси – бул кандайдыр бир жакшылык үчүн аракеттенүү. Бирок ушул террористтер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн гана мына ошондой зордук-зомбулук түшүндүрмөлөрүн жаратып жатышат».

Ал киши мындай деди: Ыйык Куранды түшүнүү үчүн жанагы контекст кандайдыр бир ачкыч болчу, ошондуктан адам бул же тигил аятты чечмелемекчи болсо, андан мурун жана андан кийин эмне деп жазылганын окуп алуусу да зарыл.

«Терроризм менен кантип күрөшүү керек?» – деген суроого ал киши мындай деп жооп берди: террорист топторго курал-жарак жеткирүү жолун кесүү зарыл, ошондой эле аларга акча жеткирүү булактарын жана кара базар соода кылуу жол-жоболорун токтотуу керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад дагы мындай деп айтты: мусулман бийликтери өз өлкөлөрүндө экстремист уламалардын таасирине каршы күрөшүү үчүн «күчтүү чараларды» көрүүлөрү керек.

Ахмадия Мусулман Жамааты Ислам дининин тынчтык кабарын жайылтуу үчүн тынбай жасап келе жаткан аракеттери жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз эч качан жеңилбейбиз жана эч качан көңүлүбүздү калтырбайбыз.. Тескерисинче, биз миссионердик ишмердүүлүгүбүздү уланта беребиз жана бир күнү өзгөрүү болот деп ишенебиз. Бүгүнкү күндөгү муун болбосо, анда кийинки келаткан муундар Ислам дининин чындыгын түшүнө башташат».

Орто Чыгышта тынчтык орнойт деп ойлойсузбу? – деген суроого ал киши мындай деп жооп берди: азырынча анын белгилери көрүнбөйт жана согуштун андан ары улануу коркунучу бар.  Ал киши мындай деди: ошондуктан, жакынкы убакытта мен «үмүттөнбөйм», бирок акырындап адамдар өз каталарын сезип, Алла таала жакка келишет деген үмүттөмүн.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via