Мусулмандардын абалы жана Ахмадияга кирүү зарылдыгы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Мусулмандардын абалы жана Ахмадияга кирүү зарылдыгы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

… мен айран-таӊ калам, мени четке каккан адамдар эмне үчүн азыркы заманда реформатордун келишин талап кылып жаткан муктаждыктарды карашпайт? Алар жер бетиндеги мусулмандардын абалы кандай экендигин карашсынчы? Бир дагы жагдай канааттандыргандай көрүнөбү? Шаӊ-шөөкөттү империя формасында көрүүгө болот. Азыркы күндө эң ири мусулман империясы – бул Рим империясы, бирок анын абалын карап көргүлө, ал «отуз эки тиштин арасында турган тил» сыяктуу жана күндө кандайдыр бир жаӊжал жана кыйынчылыкка кабылып турат. Билимдин абалы боюнча, бардыгы мусулмандар артта калды деп ыйлап жатышат жана мусулмандардын билим деңгээлин көтөрүү үчүн улам жаңы жыйналыштар жана комитеттер түзүлүп жатат. Дүйнөлүк көз караштан алганда абалы ушундай, ал эми диний абалы андан да жаман. Мусулмандар жасабаган бир дагы бидъат[1] жана жийиркеничтүү иш жок. Жакшы жана такыба иштердин ордуна кээ бир ырым-жырымдар гана калды. Түрмөлөргө барсаңар, күнөөлүү мусулмандарды көбүрөөк көрөсүңөр. Эмнелерди айтып, эмнелерди калтыралы, учурда мусулмандардын абалы өтө начар жана алардын үстүнө катар-катары менен балээлер түшүүдө.

Бирок мусулмандар дагы деле ушундай болуп эзиле бергиси келеби? Өздөрүндө болгон таза дин, баа жеткис байлыгы жана ишеним сыяктуу нээмат-белекти жоготуп алгандан дагы артык кордук барбы? Жана мусулман үй-бүлөлөрүндө төрөлгөндөр христиан болуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га акарат келтирип, Исламды шылдыңдашышат. Же алар ачыктан-ачык христиан боло элек болсо да, христиандардын илимдери, философиясы жана физикасынын таасири астында динди кандайдыр бир керексиз жана пайдасыз нерсе катары ойлой башташкан.

Бул Ислам дининин башына түшкөн кырсыктарды к­өрүп да, кандайдыр бир Реформатордун кереги жок деп айтылып жаткандыгын аябай кыйналып жана өкүнүп угамын. Чындыгында, заман өзү бирөөнүн келип, реформа жасоо керектигин жар салып жатат.

Мен түшүнө албай жатам, Кудай эмне үчүн унчукпай турушу керек болчу, Ал Өзү төмөндөгүдөй айткан эмес беле?اِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا الذِّکۡرَ وَ اِنَّا لَہٗ لَحٰفِظُوۡنَИслам ушунчалык балээ-кырсыктарга кабылган, анын үлгүсү жана мисалы миң жылга чейин болгон эмес. Бул шайтандын акыркы чабуулу жана ал азыр Исламды бүт кудурети жана күчү менен жок кылгысы келип жатат, бирок Аллах Таала Өзүнүн убадасын аткарып, анын башын түбөлүккө жок кылып салайын деп мени жиберген.

Алла Таала түзгөн Жамаатка кирүү керек

«Бизге эч нерсенин кереги жок, биз намаз окуйбуз жана орозо тутабыз», – дегендер сабатсыз, алар өздөрүнүн баардык амалдарында руху жана жаны жок өлүк экенин билишпейт. Ал (рух жана жан) алар Алла Таала түзгөн Жамаат менен байланышып, андан сугат суусун алмайынча келе албайт. Азыр такыбалык кайда? Кудайды көрмөйүнчө салт катары эле момун (ишенимдүү) деп аталуунун эч кандай мааниси жок жана Кудайды көрүү үчүн башка бир дагы жол жок.

(Бул сапарда Азирети Хужатуллах (алайхиссалаам) жөтөл жана састымоо менен ооруп калган, ушул жерге келип, кайрадан жөтөлгөндө, мындай деп айткан)

«Мен адамдарга бир нерсе айткым келет, бирок жөтөл бут тосуп жатат.

Кыскасы, зарылдыктар ушунчалык көп болгондуктан, аларды түшүндүрүүгө көп убакыт талап кылынат. Андан тышкары, жышаан-белгилер ушунчалык ачыкка чыккан, аларды жазуу үчүн да эбегейсиз чоӊ бир китеп даярдалышы мүмкүн. Мен төмөнкүдөй ыр саптарында ал экөөсү тууралуу мындай дейм:

آسماں بارد نشاں الوقت مے گوید زمیں

ایں دوشاہد از پئے تصدیقِ من ایستادہ اند

Асман жышаандарды жаадырып жатат жана жер ушул эле заман экенин жар салып жатат,

Мени тастыктоо үчүн бул эки күбө турат.

Жамаатыбызга көрсөтүлүп жаткан каршылык

Хан Ажаб Хан сахиб: бир жолу мен пастарлар билдирген сын-пикирлерине аябай кыжырым келди, ал менин бала кезим болчу. Ошол кезде мен эй, Аллахым! Исламды жеңишке чыгаргын деп дуба кылдым. Кудайга шүгүр, ал убакыт келди, бирок адамдардын (Алладан келген) ушул жардамга каршы чыкканына өкүнөм.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам): бул албетте, чындык. Христиандар Исламды жок кылуу үчүн бир мүнөт да аяшкан жок. Алар колдон келген жолдор менен Исламдын дарагына балта чабышты, бирок Аллах Таала Өзү анын коргоочусу жана жардамчысы болгондуктан, алардын ой-ниеттери түңүлүп, ийгиликке жетпей калды. Жана ошол мезгилде (ушундай кырдаал болуп жатканда жана Ислам ушунчалык каршылыкка дуушар болгондо, Аллах Таала Өзүнүн ырайымы жана берешендиги менен бул Жамаат аркылуу Исламдын улуулугун тургузуп, аны ар жактан колдоп, ага жардам берген) бул мусулмандардын бактысыздыгы, алар ушул Жамаатты баалап, бир чөйчөк муздак жана музу бар суу колуна тийген суусаган адам сыяктуу шүгүр кылуунун ордуна, каршылык көрсөтүшүп, түбөлүктөн бери уланып келе жаткан Аллахтын сүннөтү[2] боюнча күлкү жана шылдыңдоо менен иш алып барышты. Алла Тааланын жышаан-белгилерин жек көрүү менен карап, алардан баш тартышты. Бул адамдардын абалына алар ой жүгүртпөй жана Минхаж-э-Нубават[3]та ушул Жамааттын чындыгын түшүнүшпөгөндүктөрү үчүн боорум ооруп, ичим ачышат». (Малфузаат, 5-том, 15-18-бет, 1984-жылда басылган нуска)

**************

[1] Динге жаңылык киргизүү.

[2] Каршылаштар ар бир пайгамбарды мазакташат деген Алланын Сөннөтү бар.

[3] Пайгамбарчылык жол.

Share via