Ахмадия Жамаатынын программасы [Ахмадияттан кабар] • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ахмадия Жамаатынын программасы [Ахмадияттан кабар]

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде «Ахмадия Жамаатынын программасы» деген жөнүндө кыскача сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Экинчи суроо программа туурасында. Бул жагынан да Ахмадия Жамааты бир гана эрежени кармайт, башка бир дагы жамаат мындай эрежеге ээ эмес. Ахмадия Жамааты христиандардын чабуулдарын толук байкап, ар бир мамлекетте алардын каршысында күрөшүүдө. Азыркы доордо бир жактан дүйнөнүн эң алсыз, ал эми бир жактан эң күчтүү континенти Африка эсептелет. Христианизм азыр өзүнүн бар күчү менен ушул континентке чабуул жасап, өз ниеттерин ачыкка чыгарууда. Мындан мурда поптор бир гана бул тууралуу ойлонушкан (амалда эч нерсе кылышкан эмес). Кийин Англиянын Консерваторлор партиясы буга көңүлүн бурган. Эми болсо, Лейбористер партиясы да Европанын туруктуулугу Африканын өнүгүүсү жана туруктуулугуна байланыштуу, – деп жарыя кылышкан. Бирок Европа: «Африка эли христиан болгондо гана бул өнүгүү жана туруктуулук биз үчүн пайдалуу», – деп түшүнгөн.

Ахмадият болсо, бул сырды жыйырма төрт жыл мурун билип, ошол жерге өз дааватчы-үгүтчүлөрүн жиберүүгө үлгүргөн. Натыйжада, миңдеген кишилер христиандыктан чыгып, мусулман динин кабыл алышты. Азыркы күндө Африкадагы эң активдүү Ислам жамааты – Ахмадия Жамааты. Христиандар анын каршысында чегине башташты, алардын адабияттарында улам-улам белгилүү болгондой, Ахмадия Жамаатынын даават-үгүт аракеттери христиан миссионерлеринин аракеттерин бошко кетирүүдө. Мына ушундай даават-үгүт тизмеги Чыгыш Африкада жылдар бою уланууда. Бул жердеги иштер жакында башталгандыктан анын натыйжалары Батыш Африкадагыдай жигердүү эмес. Бирок, баары бир христиандар арасынан бир топ кишилер мусулманчылыкка өтүшүүдө. Бир нече жылдан кийин бул жерде да дааватчы-үгүтчүлөрдүн аракеттери чоң ийгиликтерди бере баштайт, – деп үмүт кылабыз.

Индонезия жана Малайзияда да узак убакыттардан бери ушундай даават-үгүт борборлору бар. (Ушул жерде да) Исламдын бөлүнүп жаткан тайпаларын токтотуп, чогултуп жана бириктирип, душмандарга каршы тургузууга аракет кылынууда. Америка Кошмо Штаттары христиан күчтөрү арасында азыркы күндө эң алдыңкы катарга чыкты. Ал жерде да жыйырма төрт жылдан бери Ахмадий дааватчы-үгүтчүлөр иштөөдө. Миңдеген америкалыктар Ахмадий болуп калышты жана миңдеген рупий[1]ди Исламды жайылтууга сарпташууда. Албетте, Американын байлыгы алдында бул каражаттар арзыбаган нерсе жана ал жердеги поптордун аракеттерине караганда, бул көзгө илешпеген аракет. Бирок, кеп мындай: күрөш башталып, жеңиш бизге насип болууда. Анткени биз христиан секталарынын адамдарын өзүбүз тарапка оодарып алуудабыз, алар болсо биздин адамдарыбызды тартып алалбай жатышат.

Кыскасы, Ахмадийлер эмне үчүн жаңы бир жамаат түзүшкөн, – деп айтуу жөнсүз, тескерисинче, мындан мурун эч бир жамаат болбогондуктан Ахмадийлер бир жамаатты түзүшүп алышты, – деп айтыш керек. Бул көрүнүш каршы болууга ылайыкпы же мактоого татыктуубу?»

(«Ахмадияттан кабар» 34-35-бет, Бишкек – 2006)

[1] Пакистан Ислам республикасынын акча бирдиги.

Share via