Ыйман үнү (1) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Ыйман

Эй, туугандарым! Бүгүнкү күндөн чамасы элүү жыл мурун Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Алла Тааладан вахий-аян алып, дүйнөнү реформалап-оңдоо ишин баштаганын билсеңер керек. Ал Алла Тааланын балбаны Ислам динине кызмат кылуу милдетин өзүнө алган кезде мусулмандар да, мусулман эместер да – бардыгы ага каршылык көрсөтүүгө бел байлашканынан да бейкабар болбошуңар мүмкүн. А түгүл анын тууган-туушкандары жана жакын уруктары да аны жок кылып, талкалап салуу аракетинде болушчу жана бул ишти сооп жана Алла Тааланын ыразычылыгына татыктуу деп ойлошчу. Ал доордогу ахвал менен тааныш болгон ар бир адам ал доордогу адамдар: «Эгер Мирза Гулам Ахмад Сахиб өз билдирүүсүнөн кайтпаса, анда кыска бир мөөнөттүн ичинде албетте кыйроого учурайт», – деген ойдо болчу деп айтып берет. Кээ бир адамдар өз ойлорунда ал (алайхиссалаам)дын талкалануу мезгилин да белгилеп коюшкан болчу. Алар эки же үч жылдын ичинде анын аты да өчүп калат жана анын билдирүүсү кандайдыр бир кысса-жомокко айланып кетет деп ачык-айкын айтып жүрүшчү. Эгерде ошол билдирүүлөр оозеки сөздөр бойдон калганда, анда башка кеп, бирок алар ошол жасаган бирдирүүлөрүн ишке ашыруу үчүн иш жүзүндө колунда бар болгон күчүнүн баардыгын жумшашкан жана өз каршылыгын туу чокусуна жеткиришкен. Кайсы бир жыйында бири-бири менен отурууну (арам) деп ойлогон адамдар ал (алайхиссалаам)га каршылык көрсөтүүдө бир атадан төрөлгөн бир туугандардан да ынтымактуу болуп көрүнө башташкан. Бири-бирин кырып жаткан ар кайсы диндердеги адамдар ал (алайхиссалаам)га зыян келтирүү үчүн бири-биринин ийинин кагуучу болуп кетишкен. Жер мыкаачылык жана зулумдукка толуп кеткен, асман зулумдук жана зордук-зомбулук окуяларын көрүп, караңгылашып кеткен, ошондой эле караңгылыктын перзенттери Алла Таала Өз колу менен жаккан шамды бат эле өчүрүп салабыз деп ойлошкон, бирок бардык диндер биригип жаптырмак жасаган аракеттерине жана катуу каршылыктарына карабай, ал (алайхиссалаам) ар түрдүү зыяндардан сакталган жана Алла Таала анын кадамын туруктуу жана бекемдеген.

Ал (алайхиссалаам)дын жердештери, диндештери жана тууган-туушкандары аны таштап салган убакытта эле бардык туруктуулардын туруктуусу жана бардык достордун досу болгон Алла Таала ал (алайхиссалаам)га мурдагысынан да көбүрөөк мээримдүүлүгүн көрсөтө баштады жана Анын ачык-таза вахий-аяны кудум жаан сыяктуу ал (алайхиссалаам)га түшө баштады. Ал (вахий-аян) аркылуу Алла Таала ал (алайхиссалаам)дын жүрөгүн кубаттай баштады жана мындай деди: сен Мен үчүн кысымдарга алынып жатасың жана жаманатты кылынып жатасың, адамдар сага душмандык кылышууда жана тууган-туушкандарың сени ташташууда, кайсы бир кылмыштын айынан эмес, тескерисинче Ислам дининин салтанатын дүйнөдө туу кылып көтөрмөкчү болгонуң үчүн гана сенин абийириңе чабуулдар жасалып жатат, сени айыптоо үчүн ар кандай жагымсыз ыкмалар колдонулуп жатат, Мен сенин атыңды даӊктайм жана Ислам динине курман боло турган бир чоң жамаат сага тартуулайм, Менин периштелерим Мен тарабыман салаваат жана тынчтык алып, сага түшүшөт. Бир улуу коом сенден пайда болот жана кудум Адам сыяктуу бир жаңы дүйнөгө сен ата болосуң, сенин душмандарың кордолуп-уят болушат. Алар кайсы жолдор менен сага чабуул жасашса, Мен ошол эле жолдор менен, мындан тышкары, алар элестетип да көрбөгөн башка жолдор менен аларга чабуул жасайм жана алардын кутумдарын алардын бетине оодарып салам.

Кандайдыр бир чынчыл дос сыяктуу сенин жаныңда туруп, сенин душмандарың менен согушам жана сага чабуул жасаган бирөөгө Мен чабуул жасайм, ал эми сага дос жана жолдош болгон инсанга сый-урмат тартуулайм, ага Өз нурумду түшүрөм жана Өз кут-берекелеримен ага мол үлүш берем, Өз диним жөнүндө ага илим-билим тартуулайм жана аны Ислам дининин жокери кылам, ошондой эле сенин атың дүйнөдө кудум күн менен ай сыяктуу жаркырайт жана күндөн күнгө сенин жана Жамаатыңдын кадамы өсүп-өнүгүү тепкичине көтөрүлүп кете берет.

Ал (алайхиссалаам) тарабынан жогорудагы вахий-аяндар бастырылган сайын каршылаштар өз каршылыгында дагы күчөп кете беришчү. Алар ал (алайхиссалаам)ды жалганчы деп далилдөөгө ар жактан аракет кылышкан. Бирок Алла Тааланын айткан сөздөрүн жокко чыгара ала турган бирөө барбы? Ал (алайхиссалаам)дын каршылаштары ал (алайхиссалаам)га каршы колдонгон бардык чараларына  карабай,  ал (алайхиссалаам)дын  чынчылдыгы  адамдарга  ачык-айкын боло баштады жана ал (алайхиссалаам)дын колунан руханий өлүктөр тириле баштады, буга чейин дүлөй болгондор уга баштады, буга чейин көр болгондор көрө баштады, буга чейин руханий ала оорусуна чалдыккандарын денелери эми кудум күмүш сыяктуу жарык болуп көрүнө башталды. Бири ушул жерден, бири тигил жерден, бири жакын жерден, бири алыскы жерден Алла Тааланын чоорунун үнүн угуп, чуркап кетти, а түгүл кудум байыртадан Алла Тааланын пайгамбары менен болуп келишкендей, акырындап бир жамаат Алла Тааланын ушул балбанынын тегерегине чогулуп калды жана Ислам дининин жолбашчысы, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га өз жанын курман кылуучу (инсан) өзүнүн сүйүктүүлөрүнүн арасында кандайдыр бир келишкен жаш күйө баладай Ислам динин коргоо үчүн алдыга чыкты.

Силер да байкадыңар, калган дүйнө да байкады, ошол каапыр жана адашкан делген инсан эле Ислам дининин байрагын бийик көтөрүүчү болуп далилденди. Ошол Ислам дининин душманы деп аталган эле аны коргоо үчүн жалгыз милдеттүү (инсан) катары байкалды. Аалым жана суфий деп аталгандар өздөрүнүн курсагын тойгузуунун камын көрүп, өздөрүнүн рахатын жана жыргалчылыгын издөө аракетинде жүргөн учурда ал (алайхиссалаам) жана анын жолдоштору Ислам камында жүрүп, анын душмандары менен күрөшүү менен алектенишкен болчу. Ал (алайхиссалаам) өзүн ээрчигендердин жүрөктөрүн кандай сыйкырлап салганын Алла билет, алар Ислам динине кызмат кылуу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын даража-мартабасын даӊктап, жогорулатуудан башка эч бир нерседен рахат жана лаззат алышпайт эле. А түгүл Ислам динин анын бүткүл салтанаттуулугу менен тургузуп, ага өз жанын курман кыла турган бир жамаат түзүп, Алла Тааланын ошол сүйүктүүсү өзүнүн Сүйүктүүсүнө кете турган күн келди. Анын талкалануусун эӊсеп келе келе жаткан анын душмандары карап турган бойдон эле калып кетишти. Бирок азыр деле алар: «Мүмкүн, ал каза болгондон кийин анын иши талкаланаар, анын чечендүүлүгүнүн жана сыйкыр сөздөрүнүн аркасынан анын тегерегине топтолгон жамаат чачылып кетер», – деген үмүткө таянып отурушкан эле.

Бирок доор көрсөтүп койгондой, ушул кыялы да кандайдыр бир алдоодон бөлөк нерсе эмес болчу. Кудум күчтүү бир бак-дарактын күндөн күнгө өз тамырларын бекемдеткендей, анын Жамааты да бекемдеп бара жатат жана белгилер көрсөтүп келе жаткандай, бара-бара бекемдей берет. Ошондой эле Ислам дининин жеңүү доору батыраак келип, каапырлык кудум бир таза эмес нерседей дүйнөдөн сүрүлүп ташталсын деп Ислам динин сүйүүчү жүрөктөр жана анын жакшылыгын тилөөчү көӊүлдөр ушул доордогу Убада кылынган инсандын мээримдүүлүгүн коноктоо үчүн өзүнүн эшиктерин ачышат.

Ал күндү келтирүү үчүн алдыга чыгып, Алла Тааланын чакырыгын башкалардан мурунураак кабыл кыла тургандар куттуу (инсандар). Демек, эй, туугандар! Ушул кулактандыруу аркылуу силердин   көңүлүңөрдү бул жакка бургузмакчымын: акыйкатты кабыл алуу үчүн шашылуу керек жана Алла Тааланын чакырыгына кош көңүл болбош керек, себеби ажал качан келип, биздин амалдарыбыз доорун бүтөөрүн ким билет. Кудай сактасын, эгер ошондой болсо, тактап айтканда, силер ушул улуу салтанаттуу иш жөнүндө бүгүн кылабыз, эртең кылабыз дей берип, ыйман келтирүү убактысы өтүп, ажал сааты келип калса, анда айткылачы, ал убакытта эмне кыласыңар? Ошондо өкүнүү да жардам бербейт, ыйлоо да пайда келтирбейт. Акыры, кайсы далилди күтүп отурасыңар, кайсы жышаан-муъжизаны издеп жатасыңар? Убада кылынган Масийх жана Махдий аткарат деп айтылган иштер ал (алайхиссалаам)дын колунан аткарылып жатат жана Ислам дини кандайдыр бир жаңы жашоого ээ болууда. Ошондуктан, шашылгыла жана Убада кылынган Масийхти кабыл кылып, Алла Тааланын берешендиктерине татыктуу болгула.

Бирок, эгерде силер азыркыга чейин ушул маселеге көңүл деле бурбай жүргөн адамдардан болсоңор, ошондо да мен силерди изилденүүгө көңүл буруп, төмөнкүдөй ыкмалардын бирөөсүн тандоого чакырам:

1) Силердин назарыңарда чечилүүгө муктаж болгон суроолорду силерге жакын жашаган Ахмадийлерге сунуштап, аларды чечтиргиле;

2) Эгерде силер жашаган жериңерде Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү болбосо, анда ошол суроолоруңарды мага жибергиле;

3) Өзүӊөр жашаган аймактарыңарда кандайдыр бир Жалса (жыйын) уюштуруп, Ахмадий миссионерди (даваатчыны) чакыртып, өзүңөр да Ахмадия Жамаатынын чынчылдык далилдерин уккула, башкаларга да угуу мүмкүнчүлүгүн бергиле.

Алла Таала силер менен бирге болсун жана силерге Өз нурун кабыл кылууга күч-кубат берсин.

Хакисаар

Мырза Махмуд Ахмад

Убада кылынган Масийх жана Махдийдин II Халифасы,

Ахмадия Жамаатынын Жетекчиси,

Пенжаб, Гурдаспур району, Кадиян,

15-январь, 1930-жыл

Share via