«Адамзатты бириктирүү жана чогуу иштөө мезгили» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Адамзатты бириктирүү жана чогуу иштөө мезгили» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Голландияда түз эфир аркылуу берген радио маегинде айткан сын-пикирлери

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 5-октябрында Голландиянын Нунспит шаарында жайгашкан «Байтун-Нур» аттуу мечиттин имаратында Нунспиттеги РТВга маек берди. Ал радио маеги түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү.

Өзүнүн Голландияга жасаган иш сапарынын максат-мүдөөсү жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Голландия Парламентинин Чет өлкөлүк Мамилелер Комитети кайрылуу жасоо үчүн мени чакырган эле жана Алмере шаарында жаңы мечитке дагы алгачкы ташын коюшум керек.

Ал киши мындай деп кошумчалады: мен Голландияда жүргөн убакыт аралыгында Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү менен дагы жолугушам.

Халифанын милдеттери жөнүндө суралганда, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Халифанын милдети – бул Алланын пайгамбарынын ишин жана миссиясын улантуу. Анын милдети – бул Исламдын чыныгы кабарын жайылтуу, ошондой эле  аны кабыл алгандарды жакшылыкка жана чынчылдыкка багыттоо. Ошентип, Халифа катары мен жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандарга багыт берем жана күндө Жамаат мүчөлөрү менен жолугам. Халифа менен бир Ахмадий мусулмандын ортосундагы алака-байланыш – бул эки тараптуу сүйүү».

Голландиянын Улуттук Парламентине жасалмакчы өзүнүн кайрылуусу жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Депутаттарга айта турган сөздөрүм бул: Ислам экстремизм дини эмес жана зордук-зомбулук Жихадынаа уруксат жок. Мен аларга: «Бардык адамдар бири-бири менен кол кармашып, коомчулукта сүйүү жана тынтчтыкты орнотуу үчүн чогуу иштөөлөрү керек», – деп айтам».

Учурда Европага өз таасирин тийгизип жаткан качкындар маселеси жөнүндө анын көз карашы кандай экендиги тууралуу суралганда, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз куугунтукталган же коркунуч астында калган ар бир адамга чыныгы эркиндик менен жашоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек деп ишенебиз. Ошентип, чыныгы качкындарга жардам берилип, чет өлкөлөрдө жайгашуу мүмкүнчүлүгү берилиши керек, бирок акыр аягы алар коркунучсуз өз өлкөлөрүнө кайтуулары үчүн, биз алардын мамлекеттеринде да тынчтыкты орнотууга умтулушубуз керек».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via