Транспорт Катчысы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен жолукту

Англиянын Евробиримдигинен чыгышы, качкындар кризиси жана ар кандай башка көйгөйлөр талкууланды
2016-жылдын 22-июлунда Англия өкмөтү тарабынан жаңы дайындалган Транспорт иштери боюнча өлкө катчысы Урматтуу Крис Грейлинг мырза Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) менен жолукканы келди. Лондондун Түштүк-Батышында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде болуп откөн ошол жолугушууда Парламенттеги Транспорт иштери боюнча катчынын орун басары, Уимблдондук Лорд Тарик Ахмад да бар болчу.
Жолугушууда Грейлинг мырза жакында өткөрүлгөн Евробиримдик референдумунун негизинде Британиянын келечеги менен кошо бир топ ар башка маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.Терроризм жана экстремизмдин токтолбой уланып келе жаткан коркунучу, учурда болуп жаткан качкындар кризиси ж.б. ар кандай маселелер талкууланды.
Грейлинг мырза мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Пакистан жана кээ бир башка өлкөлөрдө Ахмадий мусулмандарга көрсөтүлүп келе жаткан кысымдарды сындады.
Буга жооп катары Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Биз – Ахмадий мусулмандар биз кабылып жаткан кысымдар үчүн кандайдыр бир өч албайбыз, кандайдыр бир чыр-чатакка да катышпайбыз. Анын ордуна биз тынчтык менен гана жооп кайтарабыз, себеби биздин Ислам динибиз бизге ушуну эле үйрөтөт».
Британиянын келечеги жөнүндө сүйлөп жатып, ал киши Британия бийлигине айыл чарбачылыгы жана мал чарбачылыктарына экономикалык салымды көбөйтүүгө насаат кылды.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Англия өкмөтү өзүнүн айыл чарбачылыгын өнүктүрүүсү керек, натыйжада ал башка улуттарга азыраак таянат. Мен Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты мүчөлөрүнө да ушуга эле насаат кылуудамын».
Ахмадия Мусулман Жамаатынын кайрымдуу жана гуманитардык ишмердүүлүктөрү жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Ахмадия Мусулман Жамааты ар кайсы өлкөлөрдө бир топ гуманитардык проекттерди ачкан. Мисалы, биз жаңы кудуктарды орнотуп же мурун бар болгондорду кайрадан иштетүү жолу менен Африканын тээ алыскы айыл жерлеринде жашаган адамдарды таза ичүүчү суу менен камсыздап жатабыз. Биз ушул жерде, Англияда жыл сайын миңдеген суммадагы фунттарды жергиликтүү кайрымдуу фонддор үчүн чогултабыз».
Өлкө Катчысы да «Байтул-Футух» мечитинде болгон өрткө байланыштуу Учурлук Халифага көңүл айтты жана Ахмадия Мусулман Жамааты коомчулукка кошуп келе жаткан оң салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Буга чейин өлкө Катчысы мечитти көрүп чыкты жана Азирети Мырза Масрур Ахмад окуган жума кутбасын да укту.
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)