Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен тарыхый жолугушуу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен тарыхый жолугушуу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси катары биринчи виртуалдык тарыхый жолугушууну өткөрдү

Канададагы Мажлис Атфаалул-Ахмадиянын 220дан ашык мүчөлөрү Азирети Мырза Масрур Ахмад менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

2020-жылдын 15-августунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхында жаңы бөлүм ачылып, биринчи жолу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад Канададагы Мажлис Атфаалул-Ахмадиянын 12-15 жаштардагы 220дан ашык мүчөлөрү менен виртуалдык онлайн-жолугушууну өткөрдү.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын

Ошентип, Ахмадий мусулмандарга өздөрүнүн руханий жана диний лидери менен жолугуп, андан багыт алуу жана анын ак баталарына ээ болуунун бир жаңы таңы атты.

Мажлис Атфаалул-Ахмадиянын мүчөлөрү Ал Азирети менен жолугушуу максатында үстүбүздөгү жылдын башында Улуу Британияга келиши керек эле, бирок COVID-19дан улам алардын иш-сапары токтотулган. Ошентип, Ал Азирети анын ордуна виртуалдык онлайн жолугушуу өткөрүүгө уруксат берди.

Ал Азирети аталган жолугушууга Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен төрагалык кылган, ал эми Мажлис Атфаалул-Ахмадиянын мүчөлөрү социалдык алыстыкты жөнгө салуу жергиликтүү эрежелерине ылайык, Канададагы «Тынчтык Айылында» жайгашкан «Байтус-Салам» мечитинин комплексинде отурушкан.

Аталган программа Ыйык Курандын аяттарын окуу жана которулушу менен башталып, анан бир поэма ырдалган. Андан кийин Канададагы Мажлис Атфаалул-Ахмадиянын Улуттук катчысы бир репортажды окуп берди. Ал Канададагы Ахмадий Мусулман Жаштардын Уюму[1]нун башкармалыгы COVID-19 карантининин учурунда Ахмадий мусулман жаштарын ар кандай онлайн демилгелер аркылуу тартып турууга аракет кылгандыгын айтты.

Ал Азирети өсүп-өнүгүүнүн жетишкендигин мойнуна алып, аны жогору баалады, бирок кандай гана жетишкендиктер болбосун, аларды кармап туруу жана бекемдөө керектигин айтты. Анын айтымында, Ахмадий мусулман жаштарынын үзгүлтүксүз диний өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл.

Андан кийин, Мажлис Атфаалул-Ахмадиянын мүчөлөрү бир саатка созулган жолугушуудан кийин, өздөрүнүн ишеними жана динине байланыштуу бир катар суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Дүйнө COVID-19дун зыяндуу таасирлеринен жана коркунучтарынан кутулгандан кийин, Ал Азирети Канадага барабы же жокпу деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнөнүн тез арада COVID-19 коркунучунан кутулуусуна дуба кылуу сиздердин жана дүйнө жүзүндөгү Ахмадий мусулмандардын милдети. Баарыбыз катуу жалыныпжалбаруу менен Алла Тааланын Ырайымын жана Мээримин тилешибиз керек. Бул мезгил өткөндөн кийин, Кудай буюрса, башка өлкөлөрдөгү Ахмадий мусулмандары менен жолугушуу үчүн саякатымды жана ишсапарларымды улантам. Ошентсе да, ушул жолугушуунун жардамы менен өзүмдү Канадада жүргөндөй сезип жатам. Мен мечитти жана канадалык бир журналист менен маектешкен жеримди көрүп жатам. Мен көпчүлүгүӊөр отурган залды көрө алам. Бул менин силер менен бирге отурганымдай!»

Балдар Улуу урматтуу Азиретине бир топ башка суроолорду беришти. Мисалы, бирөө балдар Алла Таала менен болгон мамилесин жана байланышын кантип өрчүтө алышат деп сурады. Башкалары өлгөндөн кийинки жашоо, дене мүчөлөрүн кайрымдуулукка берүү жана башка планеталардагы жашоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө сурашты.

Баарынан маанилүүсү, катышкан ар бир адам Ал Азирети менен ушундай жол аркылуу жолугушуунун эң биринчи тобу болгондуктарынан кубаныч жана шаттыкты сезип жатты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Канада тобунун атынан Канададагы Ахмадий Мусулман Жаштар Уюмунун төрагасы Зубаир Афзал мырза мындай деди:

«Чындыгында эле, бул пандемия учурунда биздин Атфаалдарыбыз жана Канададагы бардык Худдаамдар үчүн нур жарыгындай, жарык болгон, динди кубаттандырган жана жашоону өзгөрткөн окуя болду. Ал Азирети биздин Атфаалдарыбыз менен сүйлөшүүгө, биз менен бирге болууга ушунчалык көп убакыт ажыраткандыгы биздин жүрөктөрүбүздү аябай элжиретти. Атфаалдын бардыгы аябай сүйүнүп, кубанып жатышты. Бул биздин Атфаалыбыз үчүн өмүр бою бир жолу болгон мүмкүнчүлүктүн канчалык маанилүү болгонуна эч кандай шек жок. Алардын баары, Ал Азирети биздин көз алдыбызда отуруп, биздин арабызда болгондой эле дешти. Дүйнөдө болуп жаткан нерселердин бардыгын, айрыкча, саякатка чыгууга чектөөлөр киргизилгендигин эске алганда, бул андан да өзгөчө болду жана аталган жолугушуунун кубанычын ого бетер күчөттү. Кудайдан келген ушул кут-береке үчүн биз эч качан Аллахка шүгүр кыла албайбыз жана Халифалык белеги үчүн да Аллахка жетиштүү ыраазычылыкты билдире албайбыз».

[1] Канададагы Мажлис Худдаамул-Ахмадия.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via