Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жапанда чыныгы Исламдын кабарын таратты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жапанда чыныгы Исламдын кабарын таратты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жапанда бир канча медиа маектерди берди

Азыркы Жапанга жасаган визитинин учурунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Жапандын медиа булактарына интервью берди: Асахи газетасы, Чугай Ниппоу газеталарына, Чукуо ТВ жана Шингетсу жаңылыктар агенствосуна.

Маектеринде ал кишиге Исламдын таалимдери жөнүндө ар кандай суроолор берилген; «Байтул-Ахад Мечитинин» ачылышы жана дүйнөдө күчөп бара жаткан чыр-чатак жөнүндө, айрыкча жакында Парижде болгон террористтик чабуулдардын негизинде суроолор берилди.

2015-11-JP-Interview-002

Чукуо ТВ тарабынан «Байтул-Ахад Мечитинин» ачылышы жөнүндө берилген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жөн эле мечит куруп кою жетиштүү эмес, ал мечит Жалгыз Аллага сыйынуу үчүн колдонулганда гана, адамдар башка адамдарга болгон милдеттерин аткарышып, Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтышканда гана мечиттин чыныгы максат-мүдөөлөрү орундалат».

   2015-11-JP-Interview-003

Чукуо ТВ тарабынан жакында Парижде жасалган террористтик чабуулдар жөнүндө суроо берилгенде, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жакында Парижде жасалган террористтик чабуулдарды кескин түрдө катуу сынга алынуусу керек. Ал ашынган даражадагы мыкаачылык жана жапайычылык деп классификацияланат. ИШИМ же башка террористтик топтор сыяктуу тайпалар бүтүндөй Ислам таалимдерине каршы иштерди кылып жатышат, анткени Ислам дини зулумдук жана адилетсиздиктин ордуна бир гана тынчтык жана мээримдүүлүккө чакырат. Мына ошондой террористтик топтор Ислам динин жаманатты кылышууда».

Шингетсу жаңылыктар агенствосу тарабынан Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жапан жөнүндөгү тилектери тууралуу суроо берилгенде, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз миссионердик уюм болобуз жана Исламдын чыныгы таалимдерине даават кылуу (чакыруу) биздин милдетибиз. Мен байкап көрдүм: жапандыктар жакшы адамдар, алардын адеп-ахлактары жакшы, ошон үчүн мен үмүтсүз эмесмин. Мен бир күнү көптөгөн жапандыктар Ислам динин кабыл кылышат деп ишенем».

Чугай Ниппоу деген газетага берген маегинде, Азирети Мырза Масрур Ахмадга экстремизм жана терроризмди тизгиндөө үчүн кандай кадамдарды жасоо керек деген суроо берилди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Тийиштүү органдар терроризм жана экстремизмдин коркунучунан сак болуулары керек. Мен узак мезгилден бери буга чакырып жатам».

Асахи деген газетага берген маегинде, Азирети Мырза Масрур Ахмадга Жапан улутуна жана адамдарына кандай кабар айта аласыз деген суроо берилди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дүйнө дагы бир Дүйнөлүк Согушту көздөй жылып баратат жана жапандыктар башкаларга караганда согуштун кыйроо натыйжаларын жакшыраак билишет. Ошондуктан, Жапан улут катары дүйнөдө тынчтыкты орнотууга умтулуп жана ар кандай түрдөгү чыр-чатактарды токтотууга аракет кылуусу керек».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via