Бангладеште мечиттин жаңы бетон имаратынын ачылышы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бангладешке караштуу Далалпурда «Байтул-Латиф» мечитинин жаңы бетон имаратынын ачылышы

Ислам Ахмадия мечити

Аллах Тааланын берешендиги менен Бангладештин Рангпур районундагы Далалпур айылында 2021-жылдын 18-июнь күнү Ахмадия мечитинин жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Фал-хамдулиллах[1]. Ахмадият бул айылга 1998-жылы келген. Ошондон бери бул жерде кичинекей, бирок абдан ыкыластуу Жамаат түзүлгөн. Далалпур – бул Саййидпур Жамаатынын округу. 2012-жылы бул жерде (калайдан жасалган) ылай мечити курулган болчу, аны Борбордук өкүл урматтуу Саййид Махмуд Ахмад Шах Сахиб ачкан. Бул жер далалпурдук ыкыластуу (берилген) Ахмадий мусулман урматтуу Абдул-Латиф мырза (маркум) тарабынан белек катары берилген болчу. Ошол жерге быйыл Хузур-э-Анвардын уруксаты менен кыш менен мечит курулду.

Бангладеште, бир жагынан каршылык өкүм сүрүп жаткан болсо, экинчи жагынан, Аллах Тааланын берешендиктеринин жааны да көп жаайт. Жакында биз бул жаңы мечиттин түрүндө ошол эле кут-берекелер жамгырына күбө болдук. Араб өлкөлөрүнүн биринде жашаган пакистандык бир ак ниет Ахмадий бул иш үчүн финансылык курмандык кылуу бактысына ээ болду. Фа-жазаахумуллааху Ахсанал-Жазаа[2]. Мечиттин жаңы имаратынын пайдубалын урматтуу Нажийб-ур-Рахмаан мырза койгон, анан ал урматтуу Эхтишаам Ал-Башир мырза (Муаллим Вакф-э-Жадид) менен бирге бул имараттын курулушун көзөмөлдөгөн. Жергиликтүү Жамаат дагы Вакаар-э-Амал аркылуу курулуш иштерине жардам берди. Фа-жазаахумуллааху Ахсанал-Жазаа.

Дака борборунан урматтуу Улуттук Амир Сахибдин коштоосунда келген кербен жума күнү Далалпурга жетип келди, анда Амирдин орун басары урматтуу Шахаабуддин мырза, Амирдин орун басары жана кыймылсыз мүлктүн Улуттук катчысы урматтуу Мухаммад Файзуллах мырза, Жалпы Иштер боюнча улуттук катчы урматтуу Шахийдул-Ислам мырза, Ришта-Наата боюнча улуттук катчы урматтуу Тасаддук Хусайин мырза жана Бангладештеги Жамия Ахмадиянын ректору урматтуу Мубашшир-ур-Рахмаан мырза бар болчу. Бул аземге Саййидпур, Рангпур, Тара Ганж, Ахмад Нагар, Чурай Хола жана башка Жамааттардын өкүлдөрү дагы катышышты.

Ислам Ахмадия мечити

Ачылыш аземи абдан жөнөкөй жана кыска болду. Салтанаттуу азем расмий түрдө улуу урматтуу Улуттук Амир Маулана Чаудрий Абдул-Аввалхан мырзанын жетекчилиги астында жума намазынан кийин Куран окуу менен башталды. Андан соң диний поэма окулду. Кийинчерээк, кээ бир туугандар жакшы жана жылуу ой-тилектерин билдиришти, анын ичинде Ахмадий эмес туугандар да бар болчу. Ушундан кийин урматтуу Амир Сахиб өз сөзүндө «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 128, 129-аяттарына таянып, мечит куруунун максатын айтып берди. Аягында урматтуу Амир Сахиб Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын мечиттерди куруунун берекеси тууралуу бир үзүндүсүн сунуштап, чогуу дуба кылдырды. Андан соң катышуучуларга түшкү тамак берилди.

Белгилей кетчү нерсе, Бангладеште ылайдан курулган көптөгөн эски Ахмадия мечиттери бар. Акыркы бир нече жылдан бери Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин каалоосуна жана көрсөтмөсүнө ылайык, алар акырындык менен цементтелген имаратка айландырылууда. Алла Таала бул жаңы мечитке береке берсин жана аны бүткүл аймак үчүн хидаят борборуна айландырсын, ошондой эле Аллах Таала бул мечитти чыныгы сыйынуучулар менен абат кылып турсун деп дуба кылууну Жамаат мүчөлөрүнөн суранабыз. Омийин

Ислам Ахмадия мечити

[1] Бардык мактоо-алкоо Алла Таалага гана таандык.

[2] Алла Таала ага эӊ мыкты сыйлык жана сооп берсин.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via