Сенегалда мечиттин ачылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сенегалда мечиттин ачылуусу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Алла Тааланын берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамааты быйыл Сенегалдын Амбур регионунда үчүнчү мечитти  салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал-Хамдулиллах. Жатраа айылындагы ушул мечитке Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири урматтуу Насир Ахмад Сиддху мырза алгачкы ташын койгон. Аталган мечит 2019-жылдын Декабрь айынын акыркы он күнүндө курулуп бүткөн. Ал мечиттин өзгөчөлүгү анын кооз мунаралары. Ал мечиттин аянты эки гектор болуп, анда манго бак-дарактары тигилген. Мечиттин курулма бөлүгү 104 квадрат метрди түзөт. Ал мечитти курууда устанын ишинен башка бардык иштер акысыз, бир гана Алланын ыраазычылыгы үчүн аткарылган. Худдаамдар менен Ансаарлар кезек менен Вакар-э-Амалды жасашкан, ал эми тээ алыскы жерден суу ташуу милдети Лажна Имааиллаахка жүктөлгөн болчу. Ал-Хамдулиллах, алар өздөрүнө жүктөлгөн ушул милдетти мыкты аткарышкан. Кыскасы, ал мечитти салууда Вакар-э-Амал аркылуу ири сумма үнөмдөлгөн.

2020-жылдын 3-январында урматтуу Камаал Заян Бружа мырза (Сенегалдын 2019-жылы болгон Жалса Саланасы үчүн келген Борбордун өкүлү) жипти кесип, дуба кылып, расмий түрдө мечитти ачкан.

(Репортажды даярдаган: Сенегалда иштеп жаткан Жамаатыбыздын миссионери Зафар Икбал Ахмад Саахий)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via