Сенегалдын «Тамбакунда» регионунда мечиттин ачылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сенегалдын «Тамбакунда» регионунда мечиттин ачылуусу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Алла Тааланын берешендиги менен Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамааты Тамбакунда регионуна караштуу «Сарэжиялу» аттуу айылда бир жаңы мечитти  салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал-Хамдулиллах.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Аталган мечитке 2019-жылдын 23-март күнү, «Убада кылынган Масийх алайхиссалаам» күнүндө алгачкы таш коюлган жана Алла Тааланын берешендиги менен Декабрь айынын аягында курулуп бүткөн. Ал-Хамдулиллах.

Мечиттин бүткүл аянты 700 квадрат метр болуп, ал эми курулма бөлүгү 96 квадрат метрди түзөт. Ал мечиттин мунарасы аны башка мечиттерден өзгөчөлөнтүп көрсөтөт. Мечитти курууда айыл эли Вакар-э-Амалды жасашкан. Андан тышкары, суу ташуу милдетин айылдагы Ахмадий мусулман аялдар аткарышкан. Фа-жазаахумуллааху ахсанал-жазаа.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

2020-жылдын 10-январында Сенегалдын Жалса Саланасы үчүн келген Борбордун өкүлү урматтуу Камаал Заян Бружа мырза жипти кесип, дуба кылып, расмий түрдө мечитти ачкан. Андан кийин Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири урматтуу Насир Ахмад Сиддху мырза жума намазын алып барган. Андан кийин мечиттин короосунда мангонун 6 бак-дарагы отургузулган. Алжириядан келген 5 адам жана Германиядан келген бир өкүл да мечитти ачуу үчүн келген делегаттын бөлүгү болчу.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Мечиттин ачылуу аземине өкмөт органдарынан тышкары башка улуу урматтуу коноктор да катышышкан, алардын катарында милициянын төрагасы жана бир топ жергиликтүү айыл-кыштак төрагалары бар болчу. Келген меймандар Ахмадия Мусулман Жамаатынын диний жана коомдук кызматтарына баа беришкен. Андан кийин жакын-алыскы 26 айыл-кыштактан келген 300дөн ашуун адамдарга тамак сунушталган. Алла Таала ушул мечитти адамдарды туура жолго баштоо булагына айландырып, аны ал жердеги адамдар жана анын айлана-чөйрөсүндөгү адамдарды туура жолго баштоочу куралына айландырсын деп дуба кылабыз. Аамийн.

(Репортажды даярдаган: Хафиз Мусввир Ахмад Музаммил – Сенегал)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via