Сьерра-Леоне республикасынын Локо регионунда мечиттин ачылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сьерра-Леоне республикасынын Локо регионунда мечиттин ачылуусу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Алла Тааланын берешендиги менен 2020-жылдын 1-февралында Сьерра-Леоне Республикасындагы Ахмадия Мусулман Жамаатына Порт Локо регионундагы «Фалаба шаарын караган көчө» деген жерде бир жаңы мечитти ачуу мүмкүнчүлүгү насип этилди. 2019-жылдын 20-апрель күнү Локо регионунда иштеп жаткан региондук миссионерибиз урматтуу Сафийр Ахмад мырза аталган мечитке алгачкы ташын койгон эле жана ага көзөмөлдүк кылуу мүмкүнчүлүгү да ага эле насип этилген.

Ал мечиттин бардык аянты 2 шаарчадай кеңири болуп, курулма бөлүгү 50 x 55 футту камтыйт жана анда 250 адам намаз окушса болот. Ал мечиттин курулушуна 70 миллион Сьерра-Леоне акча бирдиги сарпталган.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Мечитти ачуу аземи Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлердин төрагасы Мавлана Саъийдур-Рахман мырзанын төрагалыгында саат 3:00дө Курани Каримди окуу менен башталып, андан кийин Мавлавий Нуруддин Сийсэ мырза келген конокторду тааныштырган. Ал аземде урматуу Амир Сахиб менен бирге урматуу Ханийф Махмуд мырза жана Палестинадагы Жамаатыбыздын Амири урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза да бар болчу. Жергиликтүү коноктордун арасында Абу Камара мырза, Порт Локо шаарынын мэри урматтуу Алфакану мырза, облустук катчы Бай Эм Турэ мырза, милициянын башчысы, 26 Ахмадий эмес имам-хатиб, 6 жергиликтүү айыл-кыштак төрагалары, толтура Ахмадий эмес мусулман бир туугандар жана 50гө жакын жамааттарыбыздан келген Ахмадий эркек жана аялдар болушкан. Ал куттуу аземге 649 адам катышышкан. Меймандардын көптүгүнөн улам аталган кече мечитке жакын жайгашкан бир мектептин залында өткөрүлгөн.

Урматуу Ханийф Махмуд мырза жана урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза келген конокторго кайрылуу жасашкан, андан кийин айрым башка коноктор да өз ой-пикирлерин билдиришкен.

Аталган кечеден кийин урматтуу Ханийф Махмуд мырза жипти кесип, расмий түрдө мечитти ачып, дуба кылган. Андан кийин ошол эле мечитте пешин менен дигер намаздары жамаат болуп аткарылган. Азем бүткөн соң келген конокторго тамак сунушталган.

Алла Таала ушул мечитти намаз окуучу адамдар менен толтуруп турсун жана Исламдын тынчтык таалимдерин жайылтуучу куралына айландырсын деп дуба кылабыз. Аамийн.

(Репортажды даярдаган: Абдул-Хаадий Курайший – «Эл аралык Ал-Фазл» газетасынын Сьерра-Леонеге болгон корреспонденти)

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via