Каледе (Бенин) мечиттин ачылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Каледе (Бенин) мечиттин ачылуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу

Алла Тааланын берешендиги менен Бениндеги Ахмадия Мусулман Жамаатына 2020-жылдын 12-июнунда Параку регионундагы Кале деген айылда бир абдан кооз мечитти ачуу мүмкүнчүлүгү насип этилди. Ал-хамдулиллах!

2015-жылдын башында Параку регионунда кызмат кылып жаткан Жамаатыбыздын миссионери урматтуу Музаффар Ахмад Зафар мырза жана жергиликтүү миссионерибиз урматтуу Абдул Карим Мухиббий мырзанын жигердүү эмгектери менен Фуланий деген айыл Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулуп кеткен.

Аталган айылдагы тургундардын курмандыктары жана муктаждыгынын негизинде ушул жерде бир мечит салуу чечими кабыл алынган, натыйжада жергиликтүү айылдагы Ахмадий мусулмандар ушул сунушту кабыл алып, бир жер тилкесин Жамааттын атына өткөрүп салышкан жана ал жерде бир убактылуу намазкана курулган.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу

2019-жылдын 18-декабрында ал кезде ал жерде кызмат көрсөтүп жаткан региондук миссионерибиз урматтуу Миян Камар мырза Улуттук Борбордон уруксат алып, мечитке алгачкы ташын койгон.

2020-жылдын апрелинде аталган мечит курулуп бүткөн жана июнь айынын 12синде куттуу жума күнү ачылуу аземи болуп өткөн.

Мечитти ачуу үчүн Улуттук Амирдин орунбасары урматтуу Ибрахим Хамза мырза, региондук миссионерибиз урматтуу Музаффар Ахмад Зафар мырза, Жамаатыбыздын дагы бир миссионери урматтуу Давуд Ахмад мырза жана Жуггу регионунундагы жергиликтүү миссионерибиз урматтуу Ал-хажы Махмуд мырзадан турган бир Жамаат делегаты ушул айылга барган.

Ачылуу аземи

Аталган азем жергиликтүү бир жигит урматтуу Абдур-Разак мырза окуган Куран жана анын Фуланий тилиндеги котормосу менен башталган.

Куран окулуп бүткөн соӊ Жамааттын төрагасы жана айыл башчысы Жамаат делегатынын келүүсүнө кубанычын билдирип, ыраазычылыгын билдирип, Жамааттын өсүп-өнүгүүлөрү үчүн жакшы бата берген. Улуттук Амирдин орунбасары урматтуу Ибрахим Хамза мырза Жамаат мүчөлөрүнүн көӊүлүн таалим-тарбия иштерине бургузуп, мечитти абат[1] бойдон кармоого баса белгилеп насаат кылган. Андан кийин урматтуу Ал-хажы Махмуд мырза Жамаатыбыздын финансылык системасы жана финансылык курмандыктын маанилүүлүгүн түшүндүрүп берген.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу

Аземдин аягында региондук миссионерибиз урматтуу Музаффар Ахмад Зафар мырза Ахмадия Халифатын сүйүп, ага туруктуулук алака-байланышын түзүүгө чакырган. Расмий ачылуудан кийин Ал-хажы Махмуд мырза жума кутбасын окуп, жума намазын окуткан. Ушул аземге 105 киши катышкан.

(Репортажды даярдаган: Мунтазар Ахмад, Ал-Фазл Интернейшналдын кабарчысы)

[1] Эл орношкон жер. Ушул жерде «мечитти сыйынуучуларга толтуруу» деген мааниси бар.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via