Коронавирус жана Ахмадия Мусулман Жамааты элге кылган кызматтары
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Коронавирус жана Ахмадия Мусулман Жамааты элге кылган кызматтары

коронавирус мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Коронавирустун жайылганына карабастан азыркы абалда Ахмадия Мусулман Жамаатынын элге кылган кызматынын көрүнүштөрү

Азыркы доордо коронавирустун айынан пайда болгон оору же COVID-19 деп аталган илдеттин жугуштуу кырдаалынан улам туш келген өзгөчө абалда Ахмадия Мусулман Жамаатынын кайгы-капага кабылган адамдарга кызмат кылуу иштери менен алектенип келе жаткандыгы көрүнүүдө. Төмөндө кээ бир өлкөлөрдөн келген репортаждардын кыскача мазмуну берилүүдө.

Буркина Фасо

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун элге кызмат Франция Буркина Фасо адамгерчилик жардам

Батыш Африкада жайгашкан жарым чөлдүү өлкө Буркина Фасодо бир нече жума мурун коронавирус, башкача айтканда, COVID-19 илдети катталган. Акыркы көрсөткүч боюнча жүздөн ашуун жуктуруп алгандар катталды. Бул өлкө узак мөөнөттөн бери жакырчылыкка кабылып келген жана анда даарылоо мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе. Бүгүнкү өнүккөн доордо дагы кылым карыткан безгек оорунун кесепетинен көп өлүмдөр катталган өлкөдө коронавирус илдети дагы жайылып кетсе, анда бул жагдай бир эмес, эки эсе оор кырдаалдын көбөйүшү деп саналат. Жогорудагы кырдаалды эске алып мамлекеттик жана жамааттык деңгээлде эскертүү иштери үчүн үгүт жүргүзүлдү жана «сактануу даарылануудан көрө жакшыраак» деген эреже эске алынды. Анткени, сактануу адамдардын колунда, ал эми даарылануу ушул өлкөдө жетишсиз.

23-март күнү Ахмадия Мусулман Жамаатында өзгөчө бир мааниге ээ. Бул күн бүткүл дүйнөлүк Ахмадия Мусулман Жамаатында «Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) күнү» катары белгиленет. Бирок, аталган илдеттин жайылганынан улам туш келген өзгөчө абалда дээрлик бүткүл дүйнө аймагында бардык иш-чаралар же адамдардын топтолуп иштегенине чектөө коюлгандыктан быйылкы 23-март күнү Буркина Фасодогу Ахмадия Мусулман Жамаатында өкмөт койгон талаптары эске алынып эч кандай Жалса, тактап айтканда жыйын уюштурулган эмес, бирок быйыл бир өзгөчө жол менен белгиленди. Ал күнү эң көп жабыркаган аймак – борбор калаасы Авагадогодо жайгашкан Ахмадияттын борбордук миссиясы Сомгандеде өкмөттүн жарылыгы менен уруксат берилген сандагы кээ бир Жамаат мүчөлөрү топтолуп COVID-19 илдетинен сактануу үчүн бир семинар өткөрүлүп, анан келечекте ишке ашырыла турган бир иш-план сунушталган.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун элге кызмат Франция Буркина Фасо адамгерчилик жардам

Иш-чаранын башталышынан алдында Буркина Фасодогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири (президент) жана миссионнерлердин башчысы урматтуу Махмуд Насир Саакиб мырзанын кеңсесинде бир жыйын өткөрүлгөн. Жыйында Буркина Фасодогу Хюманити Фөрст (Адамгерчилик – Биринчи  орунда) кайрымдуулук фондунун төрагасы Махмуд Жиало мырза, Буркина Фасодогу ХуддамулАхмадия[1] уюмунун президенти Коне Дауда мырза жана «Ахмадия бейтапканасынын» башкы даарыгери Доктор Идрис Кабуре мырза катышышты.

Хюманити Фөрст кайрымдуулук фондунун колдоосу жана Буркина Фасодогу Мажлис Худдамул Ахмадия уюмунун кызматчылары (мүчөлөрү) аркылуу эскертүү үгүтү жүргүзүлдү. Ушул жүрүш аркылуу көптөгөн адамдарга сактык чаралары боюнча маалымат берилген. Худдамдар[2] кийишкен коопсуздук шайманынын алдында жана аркасында маалыматтык билдирүүлөр жана илдеттен сактануу ыкмалары жазылган болчу. Бул маалыматтык семинар жана кийинки программалар ийгилик менен аяктаган. Худдаамдардан түзүлгөн ушул командалар эртең мененки саат сегизден баштап кечки саат төрткө чейин иштешкен. Ушул илдеттен бүткүл дүйнө тез арада кутулуп, адамдар чын ден-соолукта болушсун деп Алла Тааладан дуба кылабыз.

(Репортажды даярдаган: Мухаммад Изхар Ахмад Ража – «АлФазл Интернейшнал» гезитинин Буркина Фасодогу кабарчысы)

Франция

Коронавирус деген коркунучтуу илдет жайылган күндөрдө Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамааты дагы ар кандай кызматтарды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Анын кыскача отчётун назарыңыздарга сунуш кылабыз. Алла Тааланын берешендиги менен азыркы кырдаалда дагы Учурлук Халифанын жетекчилиги астында Жамааттын элге кызмат кылуу, тарбиялык жана даават иштери жүрүп жатат, ал гана эмес, аларда мурдагыга караганда кыйла жылыш байкалган.

Элге кызмат кылуу бөлүмү:

«Хюманити Фөрст» кайрымдуулук фонду Ахмадийлердин майып жана жалгыз жашашкан кошуналарын азык-түлүк менен камсыз кылуу иштерин аткарды.

Бир клиникадан Жамаатыбыз менен байланышып, COVID-19 илдети боюнча анализдерди алуу үчүн бир чатырды талап кылышты. Ал чатыр Жамаатыбыз жана Франциядагы «Худдамул Ахмадия» уюмунун жардамы менен тигилген. 23-марттан тартып, ал жерде анализдерди тапшыруу иштери башталды. АлХамдулиллах!

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун элге кызмат Франция Буркина Фасо адамгерчилик жардам

100 жууркан үйү жокторго таратылып берилди.

Страсбург шаарында 220 адам азык-түлүк, самын жана антисептик каражат менен камсыз кылынды.

Бир Орто мектеп 500 пакет чипси (кургатылган картошка) берген, алар үй-жайы жокторго жана бир оорукананын кызматкерлерине таратылууда.

Лажна Имаиллах[3]  өз үйлөрүндө беткаптарды тиге башташкан, алар таратылышууда.

Эперне шаарынын Худдаамдары Ахмадий мусулман туугандарынын үйлөрүнө барып, гомеопатия даарысын жана азык-түлүктү жеткирип беришти.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун элге кызмат Франция Буркина Фасо адамгерчилик жардам

Даават жана таалим-тарбиялык ишмердүүлүктөр:

Алла Тааланын берешендиги менен Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатында 5 миссионер иштеп жатышат. Төртөөсү ар кайсы райондордо жана бирөөсү Жамааттын Амиринин (президент) кеңсесинде кызмат кылууда. Өлкөдө чектөөлөр коюлгандыгына байланыштуу иш-сапарларына чыгуу мүмкүн эмес. Бирок, азыркы доордун заманбап техникалары Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхисслам)га кызматчы кылуу үчүн чыгарылган эмеспи, чындыгында, аларды – «Zoom», «Teams Microsoft», «Skype» жана «WhatsApp» деген бардык байланыш каражаттарын  Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнүн таалим-тарбиясы үчүн пайдаланып келишүүдө.

Карантиндин учурунда «Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) күнүнө» карата 9 Жалса өткөрүлүп, аларга 500дөн ашуун адамдар катышышты.

16-марттан тартып, күн сайын үзгүлтүксүз сабактар өтүлүп жатат, аларга 55тен ашуун адам катышышууда.

64 Куран сабактары өтүлдү. Күндүн ар канадй маалдарында адамдарды чакан топторго бөлүп, сабак өтүлүүдө. Болжол менен 7 адам бир сабакка катышышат.

Ыйык Курандын котормосун үйрөтүү боюнча он үч сабак өтүлдү. Болжол менен ар бир сабакка 24 адамдан катышышты.

Китеп окуу боюнча 12 группа түзүлүп, ар бир сабагына 8 адам катышышты.

Атфаал[4] жана Худдаам үчүн сабактар өтүлдү.

Вакф-э-Нау[5] системасына кирген балдар үчүн 6 сабак уюштурулду.

«Teams Microsoft» байланыш каражаты аркылуу Улуттук Аамила жана райондорго бөлүнгөн бардык жергиликтүү Жамааттардын президенттеринин бир жыйыны өткөрүлдү.

Лион жана Эперне деген жергиликтүү Жамааттардын Мажлис Аамиласынын жыйындары өткөрүлгөн.

Диндер аралык бир конференция уюштурулду, ага Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлеринин башчысы чакырылган. Аталган конференцияга 22 адам катышышты.

«Твиттер» жана электрондук почта аркылуу 11 киши менен Ахмадият – чыныгы Ислам деген темада сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Алла Таала азыркы оор абалда бүткүл дүйнөдө элдерге кызмат кылып жүргөн адамдар жана уюмдарга үлкөн сыйылык тартууласын жана дүйнө тез арада ушул балээ-кырсыктан кутулуп, өзүнүн жаралуусунун чыныгы максаттарына жетишсин. Амийн

(Репортажды даярдаган: Мансур Ахмад Мубашшир – «Ал-Фазл Интернейшнал» газитинин Франциядагы кабарчысы)

٭…٭…٭

[1] Ахмадия Мусулман Жамаатынын он беш жаштан өйдө жаштагы жаштарынын уюму.

[2] Худдамул-Ахмадия уюмунун мүчөлөрү «Худдаам» (кызматчылар) деп аталышат.

[3] Ахмадия Мусулман Жамаатынын он беш жаштан өйдө жаштагы аялдарынын уюму.

[4] Ахмадия Мусулман Жамаатынын жети жаштан он төрт жашка чейинки жаш балдарынын уюму «Атфаалул-Ахмадия» (Ахмадиянын балдары) деп аталат. Ал уюмдун мүчөлөрү «Атфаал» (балдар) деп аталышат.

[5] «Жаңы арноо» дегенди билдирет, Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн төрөлө элек балдарын динге арнап коюшат, ал балдар «Вакф-э-Нау» (жаңы арналган) деп аталышат.

Share via