«Адам» сөзүнүн даанышмандыгы жана адамзаттын тарыхы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Адам» сөзүнүн даанышмандыгы жана адамзаттын тарыхы

Адам

Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн «Минанур-Рахмаан» аттуу улуу салтанаттуу китебинде төмөнкүдөй маселени күчтүү аргументтер менен далилдеп көрсөткөн: «Чындыгында, араб тили гана Алла Таала үйрөткөн тил болуп, «اُمُّ الْاَلْسِنَۃْ» (тилдер энеси) деп аталууга акылуу. Ал тилде башка эч бир тилде кезикпеген жана арабчанын эле өзгөчөлүгү деп саналган артыкчылыктар учурайт. Ошентип, ал (алайхиссалаам) араб тилинин беш өзгөчөлүгүн баяндап, мындай деп жазат:

«Экинчи өзгөчөлүгү: араб тилинде кезиккен Алла Тааланын ысымдары, ошондой эле аалам негиздери, өсүмдүктөр, айбандар, чөптөр жана адамдын денелик мүчөлөрүнүн ысымдары өзүнүн аталыш себебинен чоң-чоң даанышмандыкка толгон илим-билимдерден турат, башка тилдер болсо, аны менен такыр жарыша албайт». («Минанур-Рахмаан», «Руханий хазааин». 9-том, 137-бет)

Дагы бир жерде мындай деп айтат айтат:

«…анын айрым сөздөрү көлөмү абдан кичине экендигине карабастан, ушунчалык терең мааниге ээ: ошол маани кайдан чыкканына адам таң-айран калат…». («Минанур-Рахмаан», «Руханий хазааин». 9-том, 133-бет)

Азирети Мухюддин ибн Арабий көргөн бир түшү

Азыркы күндөгү илимий өсүп-өнүгүүдөн мурда көптөгөн чындыктарды эч ким билчү эмес. Бирок, эгерде ошол чындыктардын негизинде араб тилинин ысымдары (зат атоочтор) изилденсе, анан аларда азыркы күндөгү өсүп-өнүгүүдөн мурун жашыруун болгон маани-мазмундар ачык-айкын байкалып калса, анда чынында араб тили гана «اُمُّ الْاَلْسِنَۃْ» (тилдер энеси) экенине эч бир шек-күмөн каблайт. «Адам» сөзү менен баары тааныш эмеспи. Маданияттуулуктун жана диндин башталуу түшүнүгү ушул эле сөзгө байланыштуу. Бирок, эсиңерде болсун, ушул сөз тек бир эле адамга таандык эмес, ошондой эле дүйнө тарыхында маданияттуулуктун процесси да бир эле жолу башталган эмес. Мисалы, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп жазат:

«Бул жерде Азирети Мухюддин ибн Арабий (рахимахуллаах) көргөн бир түшү жөнүндө сөз кылуу да зарыл деп ойлойм. Аны ал киши өзүнүн «Футухаат-и-Маккия» аттуу китебинин 3-томунда баяндаган. Ал мындай деп жазат:

«Мен бир жолу ачылышта (түшүмдө) Каабаны  айланып жатканымды көрдүм. Мени менен бирге Байтуллаахты (Каабаны) тавааф кылып жаткан башка адамдар да бар. Бирок алар мен тааныбаган чоочун адамдар сыяктуу. Анан алар эки ырды окушкан, алардын бирөөсү эсимен чыгып кетип, ал эми экинчиси эсимде калган. Эсимде калган ыр төмөндөгүдөй болчу:

Адам

Мааниси: Биз да кудум бүгүн силер ушул Ыйык Үйдү тавааф кылып жатканыңар сыяктуу эле жылдардан бери аны тавааф кылып келүүдөбүз. Ал: «Мен муну угуп, таң-айран калдым», – дейт. Анан алардан бир киши мага өзүнүн атын айтып берди, бирок ал ат да мен үчүн бүтүндөй жат болчу. Андан кийин ал киши мага: «Мен ата-бабаларыңардан болом», – деп айтты. Мен андан: «Каза тапканыңызга канча убакыт өттү?» – деп сурадым. Ал: «Кырк миң жылдан көбүрөөк убакыт өттү», – деп жооп берди. Мен: «Адам дооруна ушунчалык убакыт өтө элек го?» – дедим. Ал киши: «Сиз кайсы Адам жөнүндө сүйлөп жатасыз, сиздерге жакын заманда өткөн Адам жөнүндөбү же башка бир Адам жөнүндөбү?» – деп сурады. Ибн Арабий мындай деп кошумчалайт: «Ошондо «Алла Таала жүз миң Адамды жараткан» деген хадис дароо эсиме келди. Мен ушул (чоң) бабам да ошол Адамдардын бири болсо керек деп ойлодум». («Футухаат-и-Маккия» 3-том, 39-бөлүм, 549-бет; «Тафсир-и-Кабийр» 6-том, 38-бет)

Азирети Мухюддин ибн Арабий Адам жөнүндө жазган ушул түшкө тиешелүү бөлүмдө доор (заман) башталышы жөнүндө талкуу жүргүзүлгөн.

Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын айткандары

«Дүйнө жашы алты миң жыл экендиги Курани Каримдин ишеними эмес, тескерисинче бул христиандардын ишеними. Ал эми Курани Каримде Алла Таала Адам жөнүндө мындай деп айткан:

Халифа

Эми бардыгы билгендей, бирөөнү ээрчип, ага орун басар болгон адамды «халиф» дешет. Бул нерсе Адамдан мурун да адамдар бар экенин далилдейт. Адам аларга орун басар жана халиф болду». («Малфузаат» 4-том, 301-бет)

Биз «ушул Адам жаралгандан тартып эле, тагыраак айтканда, алты-жети миң жылдан бери дүйнө башталган жана ага чейин эч нерсе болбогон, тим эле Кудай бекер отургандай» – деген пикирге кошулбайбыз жана бул маселеде Тооратты ээрчибейбиз. Ошондой эле азыркы учурда дүйнөдөгү ар кайсы бөлүктөрдө жашаган бардык адамдар ушул акыркы Адамдын эле тукуму деп да билдирбейбиз. Курани Каримдин сөздөрүнөн маалым болгондой, биз ушул Адамдан мурун да адамдар бар болчу деп ишенебиз. Алла Таала мындай деп айтат:

Халифа

Орун басарды «халиф» дешет. Мындан даана байкалгандай, Адамдан мурун да макулук бар болчу. Ошондуктан, Америка, Австралия ж. б. өлкөлөрдөгү адамдар жөнүндө алар ушул акыркы Адамдын балдарыбы же кандайдыр бир башка Адамдын тукумдарыбы деп эч нерсе айта албайбыз». («Малфузаат» 5-том, 675-бет)

«Адам» сөзүнүн сөздүк мааниси

«Адам» сөзүнүн сөздүк мааниси жана анын маанилүүлүгү жөнүндө Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) төмөнкүдөй баа жеткис пикирди билдирет:

«Курани Карим эң биринчи кемел инсанга «Адам» деп ат койгон, мында да кандайдыр бир даанышмандык бар. Араб тилинде «Адам» сөзү эки өзөктөн чыккан, анын бир өзөгү «адим» болуп, «жер бети» деген маанини билдирет; экинчиси «удама» болуп, ал «буудай өң» деген маанини туюнтат. Демек, «Адам» «жер бетинде жашоочу» же «буудай өңдүү» деген мааниге ээ. Экөөсүнүн тең түшүнүгү бирөө гана. Себеби, ачык абада жана жер үстүндө жашагандыктан, күн нурунун таасири менен өңү өзгөрүүгө учурады.

Чындыгында, качан Адам аркылуу Алла Таала маданияттуулукка негиз салган учурда Адам жана аны менен байланышкан адамдар төмөнкүдөй чечимге келишти: жер астындагы үңкүрлөрдө жашагандан көрө биз жердин үстүндө жашообуз керек жана он беш-жыйырма үйдөн турган айыл куруп, анда турушубуз керек. Буга чейин бардык адамдар үңкүрлөрдө жашашчу. Себеби, жер үстүндө жалгыз бойдон жашоодо «кандайдыр бир арстан же карышкыр чабуул жасап, адамдарды бөлүп-жарбасын» – деген коркунуч болушу мүмкүн эле. Ошондуктан, алар жер үстүндө жашаганга көп деле чыдай алчудай эмес болушчу. Алар көптөгөн адамдар бир жрге чогулуп, биргеликте өз күчүн топтоп, туш келген коркунучка каршы күрөшө алышканда гана жер үстүндө жашаганга чыдоолору мүмкүн болчу. Бирок адамдар чогуу жашоого көнүп, бир гана мыйзам жана түзүмгө моюн сунганда гана ошондой жагдай жүз берүүсү мүмкүн болчу. Кандайдыр бир түзүмгө моюн сунууга адаттанмайынча алар кандайча чогуу жашай алат эле? Кыскасы, ал убакытта Адам жана ага байланышкандар «мындан кийин биз үңкүрлөрдө жашабайбыз, тескерисинче ачык үйлөрдө жашайбыз» – деген чечимге келишти. Алар ачык жер үстүндө жашоого чечим чыгаргандыктан, аларга «Адам», тактап айтканда, «жер бетинде жашоочулар» – деген ат коюлду. Ачык абада жашоонун натыйжасында алардын ыраңы буудай болуп калды». («Сейр-и-Руханий» 26-27-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) баяндаган ушул маанилүү пикирди илимий жактан талкуулоодон мурда тери жагынан сөздүктөрдө «Адам» сөзүнүн кандай маанилери баяндалгандыгын көрүп чыгуубуз лаазым. Аларды азыркы доордогу илимий өсүп-өнүгүүнүн жардамында талкууласа болот. Курани Каримде кезиккен сөздөр боюнча Имам Раагыбдын сөздүгүндө төмөнкүдөй кезигет:

«Кээ бир адамдар бул сөз «адамадан» чыгып, «буудай ыраң» дегенди билдирет дешет. Адам (алайхиссалаам) да буудай өңдүү болгондуктан, ага ушул ат берилген. Мисалы, «رَجُلُ آدَمَ» «ражулу аадама» (буудай өңдүү эркек) деген маанини туюнтат. Ошондой эле «Ал-Каамусул-Ваафий» аттуу сөздүктө мындай деп жазылган: «اَلْاَدِیْم» «алаадийм» сөзү «اَلْجِلْدُ الْمَدْبُوْع» «ал-жилдул-мадбууг» (боёлган тери) деген маанини билдирет». «Лисаанул-Араб» аттуу сөздүктө да кудум ушул эле маани баян этилген.

Ошондой эле «اَدِمَ الْمَصَانِعَ الْجِلْدَ» «аадимал-масааниъил-жилда» (терини оңдоо (кайра иштетүү) жана ашыкча бөлүгүн чыгарып салуу) деген маанини туюнтат. («Ал-Каамусул-Вахийд»). «Ал-Каамусул-Ваафий» аттуу сөздүктө да ушул эле маани баян этилип, төмөнкүдөй жазылган:

«اَصْلَحَہُ یَنْزِعُ الزَّائِدَ مِنْ اَدَمَتَہ «ас-ла-ха-хуу янзи-ъуз-зааида ми аада-ма-та-ху» (терини оңдоп, ашыкча бөлүгүн алып салды».

«Lane» аттуу сөздүктө «اَدَمَ الْاَدِیْمَ» «аада-мал-адий-ма» сөзүнүн төмөнкү мааниси жазылган:

«He pared or removed the superficial part of the hide».

Мааниси: ал терини жүндөп, терисин алып, үстүнкү бөлүгүн ажыратып салды.

Башкача сөздөр менен айтканда, эгер тек гана тери жагынан «Адам» сөзүнүн маанисин көрүп чыксак, анда ал «буудай өңдүү болуу» деген маанини билдирет. Мында теринин ашыкча бөлүгүн бөлүп, оңдоо жана жүндөө деген маани да баян этилген.

Адамдын терисинде кайсы өзгөчө өзгөрүү жүз берген эле?

Убакыт өтүшү менен ар кандай айбандардын жана адамдардын денелеринде эмне деген өзгөрүүлөр жүз берген жана жер үстүндө өмүр сүргөн жашоо кайсы-кайсы баскычтардан өтүүгө аргасыз болгон деген акыйкаттар илгери адамдарга жашыруун болчу. Бирок убакыт өтүшү менен көптөгөн чындыктар ачыкка чыгып турду. Эми өткөн 20-30 жылдардан бери ушул майданда жаңы техникалар менен жаңы-жаңы акыйкаттар ачыкка чыкты. Маданият, цивилизация жана бизге маалым тарыхка чейин, миллиондогон жылдар мурунку адамдардын жана башка айбандардын денелеринде кандай өзгөрүүлөр жүз берген, ал өзгөрүүлөр кандай маанилүүлүккө ээ болгон жана алардан кандай натыйжалар чыккандыгы жөнүндө эми биз көптөгөн акыйкаттарды биле баштадык. Жогоруда биз баяндаган сөздүк маанилердин негизинде биз: «Адамзат башталган кезде же адамзат өнүгө баштаганда, анын өңүн буудай өңгө айландыруучу кандайдыр бир өзгөрүү анын денесинде жүз берди беле жана анын кандайдыр бир өзгөчө маанилүүлүгү бар беле?» – деп талкуулашыбыз керек. Башка айбандарга караганда, адамзаттын денесинде кандайдыр бир өзгөрүү болду беле? Натыйжада, анын үстүнкү бөлүгүн бөлүп, ал дагы пайдалуураак кылынган эле деп айтчудай бололу.

Эгерде башка айбандар менен салыштыра турган болсок, анда денелик түзүлүш жагынан адамзат Primates (приматтар) деп аталуучу айбандарга баарынан жакыныраак. Биологиялык терминде Order деп аталуучу айбандардын ушул тайпасына шимпанзелер, гориллалар ж. б. ар түрдүү маймылдар кирет. Бул нерсени изилденип көрүүбүз керек: адамзаттын териси ушул Primates (приматтар)дан кандайча айырмаланат жана ушул айырманын анын акыл-парасаттык жана жалпы өсүп-өнүгүүсү менен кандай байланышы бар? Башка айбадандарга караганда, денелик түзүлүш жагынан адамзаттын денесине жакыныраак болгон айбандардан адамзаттын териси кандай айырмаланат жана анын кандай маанилүүлүгү бар? Аларга караганда, адамдын териси үч жактан айырмаланат:

  1. Адамдын терисинде абдан аз түк болот. Ал эми ушул Primates (приматтар) терисинде өтө көп түк болот.
  2. Адамдын терисинде Pigment (пигмент) же түс берүүчү, Melanin (меланин) деп аталуучу зат арбын болот, анын натыйжасында теринин өңү буудай же кара болуп калат. Илимий жактан бул нерсе далилденген экен: башында Equator (экватор)го жакын жашаган адамдардын өңү коңур (күңүрт) болчу жана алар кара же буудай өңдүү болушчу. Алардын арасынан түштүк жана түндүккө кеткендер миллиондогон жыл жашаган соң, алардын өңү кайрадан агарып кетти. Же кара өңдүүлөр Equator (экватор)дон бир аз арыраак жашай башташты. Ошондо алардын түсү буудай өңгө айланып кетти. Ал эми Primates (приматтар)дын терисинин түсү кызыл болот.
  3. Адамдын терисинде болгон тер пайда кылуучу Glands (бездер) Primates (приматтар)дын денесинде тер пайда кылуучу бездерден айырмаланат. Адамдын териси көбүрөөк өлчөмдө тер пайда кыла алат. Калган айбанаттарга караганда, анын терисинде суунун өлчөмү көбүрөөк болот, ал эми айбандардын теринде майдын өлчөмү адамдыкынан көрө көбүрөөк болот. Ошентип, адамдын тери жакшыраак ыкмада кургап, анын денесин жакшыраак ыкмада муздата алат. Экинчи жакта Primates (приматтар)дын терисинде болгон түктөрдүн айынан тер кечирээк кургайт. Мына ошол себептерден улам адамдын денеси тер пайда кылып, өз денесин жакшыраак муздаган бойдон кармай алат. Адам терисинде тер пайда кылуучу Eccrine Gland (экзокринных желез) болот, аларда бир күндө 12 летрге чейин тер пайда кылуу жөндөмдүүлүгү болот. Ошон үчүн адамдын денесинде ысык күн аралыгында да, катуу дене тарбиясы абалында да өз денесин муздаган бойдон кармоого абдан чоң жөндөмдүүлүк болот. Муну менен анын жөндөмдөрү дагы арбып кетет.

Hominid (Гоминид)

Адамдын териси менен Primates (приматтар)дын терисинин ортосунда эмнеге ушундай айырма бар экенин маалым кылуудан мурда муну билүү да өтө зарыл: өткөн доордо жер үстүндө илимий терминде Homo Sapien (аң-сезимдүү адам) деп аталуучу биздин тукумубузга чейин андан айырмаланган бир топ тукумдар бар болчу, бирок денелик жактан бүгүнкү күндө кезиккен Primates (приматтар)дан көрө адамдарга жакыныраак болчу. Мисалы, бүгүндөн 15-20 миллион жыл илгери Африкада Homo Habilis (чебер адам) жашашчу. Башталгыч куралдарды эң алгач ошолор гана колдоно башташкан. Маселен, этти кесүү үчүн курч ташты пайдаланышкан. Андан кийин Homo Erectus (тик туруп жүрүүчү адам) деген тукум бар болчу. Алар тик турууну жана тик туруп басууну үйрөнүшкөн эле. Башында алар Африкага чейин чектелген болчу, бирок кийинчерээк алар Европа жана Азия өлкөлөрүндө жайылып кетишти. Эң алгач ошолор отту пайдаланышып, тамак бышыруунун алгачкы көрүнүшүн башташкан деп айтылат. Бүгүнкү күндөн жетимиш миң жыл мурун алар да жоголуп кетишти. Андан кийин төрт жүз миң жыл мурун Neanderthals (неандертальцы) пайда болгон эле жана чамасы отуз миң жыл мурунга чейин алардын калгандары Европада бар болчу. Алар акыл-парасат жөндөмдүүлүгү жагынан жогоруда кеп кылынган эки түрдөн алдыраак болчу. Ушул тукумдарды Hominid (Гоминид) дешет. Ушулар сыяктуу калган бардык тукумдар жок болду, бирок адамзат өсүп-өнүгө берип, азыркы абалына жетти.

Адамдын терисинде ушул өзгөрүүлөр качан жана кандай жүз берди. Али азыркы тукумубуз (Homo Sapien) (аң-сезимдүү адам) жана маданият баштала электе, бүгүндөн үч миллион жыл илгери бүткүл дүйнөдө сууктун бир доору келген эле. Анын айынан Чыгыш Африкада жана Орто Африкада кургактыктын кандайдыр бир доору келди. Анын айынан Чыгыш Африкада калың токойлор атмосферасы ордуна Savannah (саванна) сыяктуу аймак пайда болду. Анда токойлорго салыштырмалуу бак-дарактар абдан аз болчу жана жер чөп менен капталган эле. Ал кезде бар болгон Hominid (Гоминид) тукумдардын азык-түлүгү көбүнчө мөмө-жемиштер, жалбырактар, тамырлар жана уруктар болчу. Качан ошол өзгөрүү жүз бергенде, айлана-чөйрөдө ошол азык-түлүк азайып кетип, ал тукумдарга алардын салттык азык-түлүгү жетише албай калды, натыйжада өзүнүн энергиялык муктаждыктарын кандыруу үчүн алар этти тамак катары пайдалана башташкан. Ачыгы, ушул иш кандайдыр бир узак мөөнөттө, миллиондогон жылдардан турган убакытта ишке аша баштаган эле. Анан миллиондогон жылдар аралыгында ушул амал толукталды. Бирок Hominid (Гоминид) тукумдардын денелеринде оң (позитивдүү) өзгөрүүгө жөндөмдүүлүк көбүрөөк бар болчу. Миллиондогон жылдардан турган мөөнөттө алардын денелеринде этти жакшыраак сиңдирүү жөндөмдүүлүгү пайда болду. Этти табуу узак жол басып, аңды кыдырып, өзүнүн энергиялык муктаждыктарын кандырууну талап кылчу. Ушул денелик тарбия аркылуу денеде энергия пайда болот эле. Эгерде денеде ошол ички энергия пайда болгондугуна карабастан, өзүн муздата ала турган жөндөмдүүлүгү пайда болбогондо, ушул амал улана алмак эмес болчу. Эгер денесинин темпратурасы ушинтип улам-улам көтөрүлүп турганда, алардын айрыкча мээлери зыян көрмөк. Азыр ушул тукумдардын мээси өтө ылдамдык менен өсүп жаткан эле жана ошол эле тездик менен алардын акыл жөндөмдүүлүктөрү да арбып бара жаткан болчу.

John Hopkin (Джон Хопкин) Университетинин аалымдарынын изилдөөлөрү боюнча бир миллион алты жүз жыл илгери Homo Ergaster тукумдарынын денелеринде тик туруп, жүрүп-чуркап ала турган деген өзгөрүү жүз берген эле, бул нерсе аң уулоого өтө пайдалуу болчу. Ушул кезге чейин биз жогоруда кеп кылып өткөн Hominid (Гоминид) тукумдарынын терисинде да өзгөрүүлөр жүз бере баштаган эле. Алардын түктөрү азая баштаган. Тер пайда кылуу жөндөмдүүлүгү өсүп жаткан эле. Түктөрдүн астыңкы коргоочу кабатынын жоголушунун оң жактары да бар болчу, бирок мындан төмөнкүдөй дагы бир чоң көйгөй да пайда болуп жаткан эле: күндүн Ultra Violet (ультрафиолетовый нурлар)дын айынан ошол жандуулар өтө чоң коркунуч астында калышты. Айрыкча, цивилизация баштала электе бул Hominid (Гоминид) тукумдары кийим кийбеген учурда. Мындан сактануу үчүн териде Melanin (меланин) пайда боло баштаган, натыйжада тери буудай же кара түскө айлана баштаган. Кыскасы, State University of Pennsylvania (Государственный университет штата Пенсильвания)нын окумуштуулары (булардын арасында Prof. Nina Jablonsky (Профессор. Нина Яблонски көрүнүктүү адам) ушундай изилдөөлөрдү сунуш кылышууда: акылдын өсүп-өнүгүүсү үчүн терисинин ошондой өзгөрүүлөрү зарыл болчу, антпесе акылдын өсүшү үчүн керектүү энергияга жетишүү мүмкүн эмес болчу жана темпратуранын улам-улам көтөрүлүшүнөн акылга толуктап болбой турган зыян жетмек, ошондой эле дене да күндүн нурларынын зыяндуу таасирлеринен сактанмак эмес.

2004-жылы University of Utah (Университет штата Юта)нын Alan Rogers (Алан Роджерс) адамдын денесинде болгон Mcir деп аталуучу жана адам терисин түскө боёуучу gene (ген)ди изилденип көрүп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келди: теринин түсүндө жогоруда кеп кылынган өзгөрүүлөр бир миллион эки жүз жыл илгери пайда боло баштаган эле. Анан ушул амал миллиондогон жылдарда соңуна чыкты.

Арабдар качан отурукташты

Эске тутуучу дагы бир нерсе, Азирети Мухюддин ибн Арабий (рахимахуллаах)га байыркы адамдар Каабаны айланып жаткандыгы көрсөтүлгөн эле. Алар чамасы кырк миң жылдан да бир аз мөөнөт илгерттен бери Каабаны айланып келишкен болчу. Бул жаатта бир нерсени эске тутуу керек, азыркы күнгө чейинки изилденүүлөр жыйынтыгы боюнча илимий терминде Homo Sapien (аң-сезимдүү адам) делинүүчү биздин тукумубуз Чыгыш Африкадан башталган эле. Анан ал жерде азык-түлүк жетишсиздик кылганда, алар бүткүл дүйнөгө жайыла башташты. Азыркы күндө адамзаттын денесинде болгон Y Chromosome (хромосома)да кезиккен ар түрдүү өзгөрүүлөр адам ар кандай өлкөлөргө кайсы жол менен жеткендигине жарык чачууда. Окумуштуулар адам дүйнөдөгү ар кайсы өлкөдө качан кадам койгондугун болжолдоого да аракеттенишүүдө. Азыркы күнгө чейинки изилдөөлөр боюнча Араб, тагыраак айтканда, Хижаз өлкөсүндө чамасы 45000 жылдан да бир аз мурда адамдар отурукташа башташкан эле. (Scientific American July 2008. Traces of Distant Past by Gray Stix)

Демек, «Адам» сөзүндө кезиккен маани да жөндөн жөн эмес, тескерисинче алардын артында өтө терең илимий акыйкаттар кезигет. Ал сөздүн өзүндө болгон маани өзүнчө кандайдыр бир муъжиза-керемет. Азыркы доордогу илимий өсүп-өнүгүү ушул чындыктардан парда көтөрүүдө. Эске салуучу бир нерсе, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) баяндаган ушул кылдат пикирлер учурунда жогоруда кеп кылынган илимий чындыктар али ачыла элек болчу. Бирок азыркы доордогу илимий өсүп-өнүгүү ал убакытта Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) баяндаган кылдат маани-мазмун илимий чындыктарга бүтүндөй ылайыктуу экенин далилдеп көрсөттү.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкүлөргө каралсын:

(The Naked Truth by Nina Jablonski, Scientific American Feb 2010. Skin Deep by Nina Jablonski and George Chaplin, Scientific American October 2010. The Evolution of Human Skin Coloration by Nina Jablonski and George Chaplin Journal of Human Evolution 2000,39,57-106)

 (Рабвах шаарынан чыкчу «Ал-Фазл» газетасы, 2010-жыл, 7-июль, 3-4-бет)

Share via